Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги окуучулардын дүйнөнү таанууга кызыгуусун арттыруу үчүн жайкы лагерь уюштурду. Ага өлкөнүн ар бир районунан жана Ош менен Бишкектен бирден окуучу тандалып алынган. Жалпы 42 окуучу Малайзиядан келген мугалимдер жана балдар менен бирге эс алып, көл жээгинде англис тили боюнча сабак алышты. Жаңы таанышуулар, достошуу, шаңга бөлөнгөн эс алууда балдарга зериккенге убакыт болгон жок.
«ОКУГУЛА, БИЛИМГЕ УМТУЛГУЛА»
Өлкөнүн булуң-бурчунан чогулган окуучулар алгач малайзиялык коноктор менен бирге Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев окуган Арашан айылындагы мектепке барышты. Мектеп ичине чакан экскурсия жасалып, окуучулар даярдаган концерттик программа меймандардын көңүлүн көтөрдү. Чогулган окуучуларга долбоордун демилгечиси, Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов сөз сүйлөп, өз сөзүндө: «Англис тилин үйрөнүү силердин жеке инсан катары өсүп-жетилишиңерге чоң салым кошот. Окугула, билимге умтулгула. Мектептен эжейлерим берген билимге учурунда маани бербегеним менен, чоң турмушка аттанганда алар окуткан ар бир сөз мага жардамчы курал болуп берди. Мен алар берген билимди чет өлкөлөрдө азыркыга чейин колдоном»,- деди.
Аталган мектептен чыгып, окуучулар автобус менен Ысык-Көлдү көздөй бет алышты.
«КЫРГЫЗ БАЛДАР АБДАН ТАЛАНТТУУ ЭКЕН»
Малайзиядан окуучуларды ала келүүнүн максаты – биздин окуучулар өзү теңдүү чет өлкөлүк балдар менен эркин баарлашуусун шарттоо. Балдар тез эле дос болуп кетишти. Билим алууга келген 42 жеткинчек ар бир райондун тандамал окуучуларынан десек болот. Алгачкы күн окуучулардын бири-бири менен жакындан таанышып, эркин баарлашууларына арналды.
Малайзиялык окутуучулар атайын даярдык менен программа иштеп келишкен экен. Көтөрө келген китептерин биздин окуучулар семичкедей эле чагып коюшту окшойт. Биринчи күнү өтүлгөн сабактан кийин китептерин чогултуп алып коюп, программанын оор бөлүктөрүнө өтө башташты. Малай мугалимдеринин бири Шаарул Бариа Бинти Отман кыргыз окуучулары тууралуу буларга токтолду:
– Балдарга англис тилин үйрөтөбүз деген максатыбызга 80 пайыз жеттик десем болот. Негизи 4-5 англисче сөздү курап сүйлөп калышса ошол менин жеңишим болот деп ойлоп келгем. Сабактын 1-күнү Руслан, Адила аттуу окуучулар тартынып, берген суроолорубузга жооп бербей жатышкан. Окутуунун аягында мен аларга суроо берип, кайра жооп алып жатып, эмгегибиздин текке кетпегенине кубанып көзүмө жаш алдым. Кыргыз балдары таланттуу да келишет экен. Биз балдар менен бир гана билим жаатында иштеп чектелген жокпуз. Таланттарын көрдүк, алар менен баарлашып, башка тармактагы дүйнө таанымын баамдадык. Сиздердин окуучуларды көрүп, кыргыз элинин келечеги абдан кең тура деп бааладым.
«ТАБИЯТЫ КООЗ, АЗЫКТЫН БААРЫ НУКУРА ЭКЕН»
Малайзиядан келген мугалимдердин бири Сасикала Балачантра 6 күн бою эт кошулган тамактарды жей албай, жалаң жашылчаларды жеп жүрдү. Себеби ал вегетариан экен. Ысык-Көлдүн кооз жерлеринин бири Чоң-Ак-Суу (Григорьев) капчыгайына саякатка чыкканда таза бал алганга үлгүрдү.
– Мен эт жебегендердин катарындамын. Ал тургай эт кошулган шорпону да иче албайм. Бирок Кыргызстанда ачка калчудай эмессиң. Жашылча-жемиштин баары абдан ширелүү, даамдуу экен. Биздин топтогу эмес, пансионатка келген башка эс алуучулар да алча, кулпунай, салат жалбырактарын берип мага кам көрүп жатышты. Бөтөн жерде чоочун адамдардын камкордугуна алынган жагымдуу экен. Кыргызстандын жаратылышына сөз жок. Капчыгайга барганда аарынын балы деп сатып жатышкан экен. Мен даамдабай туруп эле бир нече килограмм сатып алдым. Себеби мындай кооз, таза табияттан чогултулган бал сапатсыз жана зыяндуу болушу мүмкүн эмес, таза продукт деп ойлодум. Кыргыз жери, эли тууралуу терс пикир айта албайм. Көргөн кемчиликтерим деле эсиме келбей жатат.
«МАЛАЙЗИЯДАГЫ ЫКМАНЫ БИЗГЕ ДА ЖАЙЫЛТУУ КЕРЕК»
Эс алуу менен коштолгон билим берүү программасы окуучуларга англис тилин үйрөтүүнү гана максат кылбастан, эки өлкөнүн мугалимдеринин тажрыйба алмашуусуна да шарт түзүүнү көздөгөн. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгынын чет тилдер боюнча жетекчиси Аэлита Жолчиева өз пикирин билдирди:
– Малайзиялык мугалимдер теория жүзүндө белгилүү болгон, бирок практика жүзүндө көп колдонбогон ыкмалар боюнча сабак өтүп жатышты. Кыргыз мугалимдери деле тил үйрөтүү боюнча интерактивдүү ыкмалар менен окутууга багытталган курстарга барып турушат. Бирок алган билимин баары эле практикада колдоно беришпейт. Бизде окуучуларга китептен тапшырма берип, жаздырып, кайра үйрөнгөнүн сурап стандарттык ыкма менен окутуу сиңип калган. Ал эми алар сабактын 10 пайызын өзү, 90 пайызын окуучуларды сүйлөтүп өтүп жатышты. Мындай ыкманы бизге да жайылтуу керек. Балдардын деле бул окутууга чейинки тил билүү деңгээли жакшылары тандалыптыр. Белгилей кетчү нерсе, чет өлкөдөн окуучуларды ала келүү да эң жакшы идея болуптур. Балдар туура сүйлөп, пикир алышууга жетишишине ошол балдар чоң салым кошушту.
«ЫСЫК-КӨЛГӨ БИРИНЧИ ЖОЛУ КЕЛИШИМ»
Окуучуларды лагерге чакырууда 12-15 жаш курагындагы балдар тандалган. Баланын дал ушул куракта кабыл алуусу күчтүү болуп, тил табышууга ылайыктуу мезгили эмеспи. Бир апта бою бирге уктап, бирге ойноп, окуп, тамактанып, бир туугандай боло түшкөн окуучулар долбоордун соңунда бири-бирин кучактап, көздөрүнө жаш алышып, имерчиктеп араң коштошушту. Бул көрүнүшкө Малайзиядан келген мугалимдер дагы кармана албай жашып, ар бир окуучусун кучактап бетинен өөп, өз балдарын алыска узатып жаткандай коштошуп жатышты. “Дүйнөнүн бир бетинен экинчи бетине келип алып, бир аптанын ичинде окуучуларыбыз менен ынак болуп кетишибизге элдин дагы кандайдыр бир жагымдуу аурасы түрткү болду. Сүйкүмдүү окуучуларыбызды Малайзияга барганда да эстеп алып сагынып, көзүбүзгө жаш алып турабыз го. Мен чындыгында азыр кубанычтан жашып жатам. Себеби мен окуткан окуучулар мага англис тилинде кайрылышып, эмгегимдин натыйжасын далилдүү көрсөтүп беришти”,- дейт малай мугалими Элса Тангам Жон Арулнесан.
Гүлжан Асанкожоева
Адилет Бектуров
koom@super.kg