ЧЫНГЫШ БААТЫРДЫН ЭРДИГИ ЖАНА ДААНЫШМАНДЫГЫ (Жети учур)

Соңку жылдары кыргыз элинин көрүнүктүү тарыхый инсандарынын өрнөктүү өмүрү кеңири изилдөөгө алынып, бир катар эмгектер жарык көрүп, ар кыл макалалар жазылып келет. Аларды окуй келсең, айрымдары калыс, чындыкка шайкеш жазылса, кээ бирлери ашкере апыртылып, жасалма эрдиктери менен шөкөттөлүп, андан өткөн баатыр, даанышман жок сыяктанып баяндалат. Баатырлар менен мыктыларды көтөрүү эйфориясында өз учурунда өзгөчөлөнгөн көрүнүктүү баатырлар менен журт башчылары көмүскөдө калып, өз коктусу менен уругунан өйдө көтөрүлө албаган, артында из калтырбаган адамдарды даңазалуу баатырга, даанышманга айландырган эмгектер менен баяндамаларга да күбө болуп келебиз. Кээде өз учурунда жалгыз урууга эмес, жалпы элге таанылган мыктылардын артында тың чыкма, байлык менен бийликке туйтунган урпактары жок болгондон уламбы, чыныгы баатырлар тууралуу эмгектер жазылбай, эстеликтер тургузулбай, дүңгүрөтө аш өткөрүлбөй, таптакыр эле эскерилбей калган учурлар да жок эмес. Андыктан уруу баатырын улут баатырынан, кокту мыктысын жалпы эл мыктысынан, катардагы акылманды калк даанышманынан айрып кароого мезгил келди. Мына ошондо гана тарыхый адилеттик орноп, мыктынын мыктысын, баатырдын баатырын, даанышмандын даанышманын тандап, алардын өрнөктүү өмүрүнө келечек муун суктанып, сыймыктануу менен карап, өткөндөн туура сабак, таалим-тарбия алып, мекенчилдиги артмак.
Жогоруда айтылгандай өз учурунда даанышмандыгы, эрдиги менен айырмаланып, бирок көп айтылбай, жазылбай, кеңири изилдөөгө алынбай келген чыгаан инсандардын бири Сары-Өзөн Чүйдөн чыккан айтылуу Чынгыш баатыр. Чынгыштын атасы Түлөкабыл, андан ары Бүтөш, Бөлөкбай (Каракчы), Чаа болуп барып Солтого такалат. Бүтөштүн Түлөкабылынын жети уулу: Айта, Баястан, Чоткара, Арбас, Байсары, Көбөй, Чынгыш болуп, эл арасында "Жети кашка" деп да аталат. Бул жети бир туугандын арасынан тарыхый окуяларда, түйүндүү маселелерди чечүүдө, эл башында туруп баскынчыларга каршы согушта Чынгыш баатырдын эрдиги даңазаланып, муундан-муунга айтылып келет. Урпактарынын, көпчүлүк санжырачылардын маалыматына караганда, Чынгыш баатыр 1794-жылы төрөлгөн. Анын негизги ишмердиги, эрдиги, даанышмандык аракеттери ХIX кылымдын биринчи жарымына таандык. Анда Чынгыш баатырдын эрдиктерин, чечкиндүү аракеттерин, ар кандай маселелер анын айтканы менен чечилип келгенин бышыктаган урунттуу 7 учурга токтололу.

БААТЫРДЫН ӨЗ ЭЛИНДЕГИ КАДЫР-БАРКЫ

1 Уруу-уруу болуп жашаган кыргыз эли кыйынчылык учурда кыналышып, биримдиги менен жоосун жеңип, кеңешүү менен маселесин чечип келишкен. Айрым учурда эл башчыларынын куру намысы, кызуулугу, калыстыктан тайган учуру урууларды араздаштырган, чабыштырган абалга да алып келип такаган. Мына ушундай окуяга 1819-1820-жылдары бир атадан таркаган солто менен сарыбагыш уруусу да дуушар болуп, мамилеси начарлаган. Натыйжада ортодо кагылышуу коркунучу туулуп, абалдан чыгуу максатында солтонун мыктылары Канай, Эшкожо, Бала Ажыбек, Саке, Атай, Бектен, Чынгыш мырза баш болгон мыктылары жыйын өткөрөт. Жыйында солтонун аттуу-баштуу мыктылары эмне кыларын билбей, кандай чечимге келерин айталбай, даанышмандыгы менен өзгөчөлөнгөн Чынгыш баатырдын оозун карашат. Ошондо соңку чечимди Чынгыш баатыр айткан соң бүткүл солто тура калып чуркурап, Ай тамга солтонун арбагына деп бир жылкы мууздап, аны түктүү сан кылып, кескилеп бөлүп кетишкен. (Белек Солтоноев, "Кызыл кыргыз тарыхы", 1-китеп, Бишкек, 1993, 186-бет). Бул окуя Чынгыш баатырдын солто элинин мыктыларынын арасында зор кадыр баркы бардыгын далилдейт.

ӨЗӨКТҮҮ МАСЕЛЕ ЧЫНГЫШ БААТЫРСЫЗ ЧЕЧИЛБЕГЕН

21820-1825-жылдары Кокон хандыгы Кыргызстандын түндүгүнө ээлик кылуу үчүн аракетин күчөткөн. Хандыктын Ташкенттеги Кушбегинин аракетине Тагайга кирген кыргыз уруулары каршы туруп, көпкө чейин күрөшүн уланткан. Кушбеги кыргыздарды Кокон хандыгына баш ийдирүү талабынан башка, кыргыздар кылымдар бою мекендеп келген Чүйдүн Үч-Кайыңды, Ашмаранын батыш жагын, Корготу боюн, Олуя-Атага чейин казактарга берилишин да талап кылган. Кокон мыкчыгери солто баштыгы Канайды кысмакка алып камап койгондо да, маселени жалгыз чече албастыгын, ал үчүн Тагайдын башчылары кеңешип, анан билдирерин айтып макул болбойт. Мына жалпы элдин, жердин тагдырын чечерде кыргыз мыктыларынын жоопкерчилиги. Натыйжада солтонун башчылары Тагайдан таркаган беш уруунун баштыктарын Чүйгө Эшкожонун үйүнө чогултуп, анан олуттуу маселени чечүүнү эп көрүшөт. Бул жыйынды өткөрүү үчүн алгач солтодон Бектен баатыр, Боку баатыр (момокондон), Канайдын агасы Эшкожо бий, Чынгыш баатыр (бөлөкбайдан), тынай Таштанбек баатыр кеңешип, бугу, саяк, сарыбагыш урууларына кабар берип: "Келгиле, эмне кылабыз? Коконго карайлыбы же урушалыбы? Кеңешели, акылдашалы?"- деп кайрылышат. Көп өтпөй Тагайга кирген уруунун башчылары: бугудан Боронбай, Мураталы, Тилекмат, сарыбагыштан: Ниязбек, Абайылда, Таштанбек, дагы башкалары, саяктан: Медет, Тайлак, Нарбото, Осмонбек, дагы башкалары Чүйгө Эшкожонун үйүнө келишкен. Жыйынга келген эл, башчы-баатырлар ары-бери кеңешип, "карабайлы", "ата-бабадан бери ээлик кылган жерлерибизди бербейбиз" деген бүтүмгө келишет. ("Алымбектин санжырасы", Бишкек, 2007, 79-80-беттер). Мына ушул санжыралык маалыматтан көрүнүп тургандай, Тагайга кирген кыргыз урууларынын мыктыларынын арасында Чынгыш баатырдын ысымы дагы бир жолу кезигет. Жалпы элдин, жердин маселеси чечилип жаткан жыйында Чынгыш баатырдын болушу, өз доорундагы чыгаан инсандар менен бир катарда турушу анын кимдигин, тарыхтагы ээлеген ордун дагы бир жолу ырастайт.

КЫРГЫЗДАР КОКОН ХАНДЫГЫН САКТАП КАЛГАН

3 Кыргыздын түндүк тарабындагы уруулар, жерлер Кокон хандыгына баш ийген соң ар бир уруунун мыктылары хан ордосуна барып кызмат өтөөгө чакырылып турган. Ага Тагайдан таркаган Чынгыш баатыр менен Шабдан баатырды мисалга келтирсек болот. Шабдан баатыр 1860-жылдары ордодо кызмат өтөсө, Чынгыш баатыр Кокон хандыгы Бухара эмирлиги тарабынан басылып алынып, жок болгон Кокон хандыгын калыбына келтирип, сырткы баскынчыларга каршы теңдешсиз согушта жеңишке ээ болуп, хандыкта кыргыздардын зоболосу артып, мамлекетти күчтөндүргөн учурга туш келет. Тактап айтканда, Чынгыш баатыр 1842-1845-жылдары ордо кызматында болгон. 1842-жылы Нүзүп баш болгон кыргыздар Таластан хан урпагы Шералыны таап, аны макулдатып, Ала-Буканын Сафид-Буланында кыргыздын улуу салты менен хан көтөрүп, Кокон шаарына чейинки Бухарага каратылган аймакты, шаар-кыштактарды бошоткон улуу согушка аттанышат. Кокон хандыгынын тарыхын чейрек кылым ордодо отуруп жазган кыргыз тарыхчысы Зиябидин Максымдын "Фаргана хандарынын тарыхы" аттуу көлөмдүү эмгегинде Шералы хан, Нүзүп миң башы тарабынан хандыктын туш тарабына кайрылуу каттар кандай жазылганын, ага жооп кылып бардык чөлкөмдөрдөн баатырлар-башчылар кошуундары менен кошулуп жатканы өтө жандуу сүрөттөлөт. (Зиябидин Максым, "Фаргана хандарынын тарыхы", Бишкек, 2007, 94-120-беттер).
Мына ушундай чакырыкка жооп кылып, Сары-Өзөн Чүйдөн Чынгыш баатыр да өз кошууну менен барып кошулат. Нүзүп миң башы менен жашташ Чынгыш баатыр кыргыздардан куралган күчтүү кошуундун курамында болуп, көптөгөн эрдиктер менен катар эки жүздүүлүктүн, ордо кутумчулуктун да күбөсү болот. Хандыкты калыбына келтирүүдө чечүүчү роль ойноп, Шералы ханды бийликке алып келген, хан ордосуна чокоюн илдирген Нүзүп миң башынын кайгылуу өлүмүн, Алымбек даткага жасалган кутумчулукту, акырында кыргыздардын катуу каршылыгын, Шералы хандын өлүмүн, андан соң Алимхандын урпагы Мурад хандын 11 күндүк сайраны бүтүп, 13 жашар Кудаяр тактыны ээлеп, кыргыздардын катуу жазаланганын башынан өткөрөт. Соңунда ордодон уруксат алып, 1845-жылы элине кайтат. Чүйгө өзү эле кайтпай, ордодогу санаалашы, сырдаш досу, Шералы ханды жок кылууда жазалангандардын арасында кайтыш болгон Ноорузбайдын уулу Шаманы (30 жаштагы) Арашан айылына кошо ала келип, Сарыбагышев Шама деген жашыруун фамилияда өз балдарынан кем көрбөй асырап алган. Кыргыздарга душмандык кылып, кечээгисин унуткан Шералы ханды өлтүрүүгө катышкан Шама да куугунтукталып Кожешкен, Зардалы тоолорунда жашырынып жүргөн жеринен аргасыз журт которуп, Чынгыш баатыр менен Сары-Өзөн Чүйгө келген. Ал Чүй жергесинде кимдигин жашырбаса Бишкек сепилиндеги Кудаяр хандын өкүлү Шаманы туткундап, көзүн тазаламак. Чынгыш баатырдын даанышмандыгы ушул жерден да өзгөчө көрүнгөн. Анткени бөтөн жерден, насили бир элден келген Шаманы өгөйлөп, обочолонтууга жол берген эмес. Ал гана эмес Чынгыш баатыр көзү өтөргө жакын урук-туугандарын жыйнап, кимде-ким Шаманын өзүн, анын урпактарын өгөйлөсө: "Менин арбагым урат!" деген өтө катуу керээзин айткан экен. Ошондуктан Чынгыш баатырдын айылдаштары эч качан Шаманы бөтөнсүң деп бөлбөй, бооруна тартып тууган кылып келгенин арашандыктардан, солтонун аксакалдарынан уктум. Бул Чынгыш баатырдын даанышмандыгы, өзгөнү өгөйлөбөй өз бооруна тартып, эл кылып алган Манас бабабыздан бери учугу уланган кыргыздын улуу касиети! Чынгыш баатыр менен бирге келген ошол Шаманын урпактарынын бири Алмазбек Атамбаев азыркы күндө биздин өлкөбүздүн башчысы экени баарыбызга маалым.
Ошондой эле Чынгыш баатырдын урпактары ал Кокондон кайтып келгенден кийин "хандыкка салык төлөбөйм, баш ийбейм" деп айтып, эркин жүргөнүн белгилешет. Ырыс, ордо мыйзамына ылайык Кокон хандыгына өзгөчө кызмат өтөгөн, эрдиги менен өзгөчөлөнгөн инсандар салыктан бошотулуп, жер бөлүнүп берилип, эркин жашоого укук алышкан. Чынгыш баатыр да ошондой укуктан пайдаланганы маалым.

(Уландысы кийинки санда)

"Чынгыш баатырдын кайгысы".


Сүрөтчү-график: Кылычбек Коёналиев
Кыяс Молдокасымов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
ALATOOLUK.JIGIT
2016-08-01 11:02:54
Ай ким билет,ким билет. Чыгарма Шамага келгенде Шамалдын кай жака карап"согуп"атканын тушундум. Эми олгондор унчуга албайт,музоону канчалык алып барып бээнинин эмчегине такаган менен кулунга окшошпойт да. Илимдуу хан,акылдуу хандарыбыздын деле оюна келбеген окшойт оз тегин корунгон атактууга алып барып тыга беруу...
+1
Urmat_83
2016-08-02 09:07:09
Эмнеге эле мактап калган десе
Корсо Шама деген аралашкан турбайбы.Тарыхты юурмалабаш керек эле
Кийинки президентти Манастын жетинчи баласы кылып койгула эми тарыхчылар
0
Jyrgal8
2016-08-07 16:26:33
Биздин президентибиздин мин турлуу талант экенине эми ынандым ыр жаздырды базар жок кеебир адамдар тугу Чуйлук эмес деди эле бир званок менен бул суроогода мынантип китеп жазуу менен жооп берип жатат( озу жазбасада заказ менен жазылганы ачык эле корунуп турат)
-1
№ 717, 29-июль-04-август, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан