Жоодарбешим деген ысым кыргыз эстрадасына келгенине аз эле болду. Ал чыгармачылыгын продюсер менен иштешүүдөн баштап, аягына чыкпай калышкан. Шоу-бизнеске кандай аралашканы тууралуу, аны казак ырчысы Кайрат Нуртасты туурайт деген кептерге Жоодарбешим эмне дейт?
– Жоодарбешим, көптөн бери "Казакстанга барып келдим, жакшы жаңылыгым бар" деп айтып жүрөсүз. Кандай кабар эле, бөлүшкөнгө убакыт келди окшойт...
– Ооба, буга чейин казак боордоштордон жакшы сунуш түшүп, ошол жакта 3 ай иштеп келдим. "Сенин үнүң өзгөчө экен, так сенин үнүң биздин Казакстанга керек, бизге кел",- деп кызыккандар болду. Бирок азырынча Кыргызстанда менин койгон максаттарым бар, алар ишке ашкандан кийин калганын ойлонуштурам.
– Үнүңүздү өзгөчө деп баалашты деп жатасыз. Сизди казак ырчысы Кайрат Нуртаска окшоштуруп ырдайт деп көп айтышат го...
– Негизи биз туура эмес көз караштардан арылышыбыз керек. Мен ал жакта жүрүп казак эстрадасына аздыр-көптүр аралашып калдым. Алар каалагандай кийинет, өзүн эркин алып жүрүшөт. Бизде көз айнек тагынып койсо эле "бул тигини туурап жатат", же болбосо "бул көөп калыптыр" деп чыгышат. Ал эми ырдоо стилим туурасында айтсам, мындай кеп ырдап баштаганымдан тартып эле келе жатат. Эгерде Кудай берген үнүңдө окшоштук болсо аны өзгөртө албайсың. Кайрат Нуртаска мени окшоштургандарына терикпейм. Үнүмдө кандайдыр бир деңгээлде окшоштук бар дегенге кошулам, бирок туурайт деген кептер бул көрө албастардын айткан сөзү деп билем.
– Ырларыңыздын темасы да башкача, "Өкүнбө", "Жаман ойлобо", "Боюңду көтөрбөчү" дегендей. Мындай темаларды өзүңүз тандайсызбы жана бул кимдир бирөөгө кайрылуу иретиндеги ырларбы?
– Көп адамдан "ырларыңыздын темасы өзгөчө экен" деп угам. Сахнага аттангандан тартып эле өзгөчө болуп чыгууну көздөгөм. Алсак, ошол эле өзүмдүн ысымым, ырымдын аталыштары дегендей. Себеби чыгармачылык өзгөчөлүктү талап кылат. Ырлардын темасын өзүм коём, репертуарымдагы ырларымдын баары меники. Бирөөгө деле атайын арналган эмес.
– Атым өзгөчө деп калдыңыз, бул ысымды ким койгон жана мааниси кандай?
– Көбү Жоодарбешимди фамилия деп ойлошот, бирок андай эмес. Бул ысымды атам койгон. Атам жаш кезинде көп китеп окуптур. "Эр Төштүк" эпосундагы Жоодарбешим деген каармандан таасирленип, мага ушундай ат ыйгарган. Жоодарбешим – бул Эр Төштүк баатырдын уулу.
– Сиз жашоодо "маңдайга жазганы болот" дегенге кошуласызбы, же "жашоо адамдын өз колунда" деп ойлойсузбу?
– Эки жакка тең кошулам. Негизи бешенеге жазып коёт деген деле чын. Бирок бардыгын эмес, олуттуу учурларды жазгандыр. Ал эми майда-барат нерселерди адамдар "алма быш, оозума түш" деп жата бербестен, өзү аракет кылуусу керек.
– Байкашыбызча, шоу чөйрөдө дос күткөндөр арбын, ал эми сиз жалгыз жүрөсүз, буга эмне себеп?
– Буга кандай десем (ойлонуп). Шоу-бизнесте жакын досум жок. Бирок көпчүлүгү менен саламым түз. Акыркы учурда сырт жакта көп жүрүп, кесиптештер менен жолуга албай жатам. Ошондуктан эч кимге кошулбай алыс жүргөндөй сезилип жаткандырмын.
– Айрым кесиптештериңизден сизди сөзүнө турбайт деп угуп калдык. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?
– Ушул сөздү ким айтса дагы мен аны душманым деп эсептейм. Андай учурлар болгон эмес, болбой эле койсун. Жоопкерчиликтүүмүн, ошол сапатым менен сыймыктанам. Мисалы, интервьюга деле кечикпей убагында келдим, бул деле далил болуп берсе керек. Ал эми акча жаатына келсек, өзүмө тиешелүү карыздар болсо төлөйм, кээде менин артымдан келишим түзүлүп, бирок мага тиешеси болбогон береселерди бербейм.
– Азыр шоу-бизнесте ырчыларды фирмач, таланты жок деп бөлүп жатышпайбы. Сиз өзүңүздү кайсы категориясына кошосуз?
– Абдан кызык суроо экен (күлүп). Мындай нерсеге эч кандай сын-пикир айта албайм. Себеби "сен ким болбо, эң негизгиси адам бол" деп коёт го, андыктан өзүмдү да бул даражасына кирем деп айткым келбейт. Ар кимдин өзүнүн өзгөчөлүгү бар. Сени эл кабыл алса ырчысың, эл кабыл албаса фирмачсыңбы же дүйнөлүк деңгээлдеги ырчысыңбы, ал калайык калктан көз каранды. Мен кайсы даражада экенимди билбейм, бирок мен элдин уулу болгонго аракет кылам.
– Маегиңизге чоң рахмат! Чыгармачылык ийгилик каалайм!
Жазгүл Кенжеева
Адилет Бектуров
star@super.kg