(Башталышы өткөн сандарда)
– Менин телефонумдун номерин жазып ал. Барганда мага чалсаң, жолуктуруп коём. Азыр бир аз тынчып жакшы болуп калды, оңой эле үйүңө жетип аласың. Ар кайсы жактан жүк ташыган машиналар көп келет. Тигилерге көңүл бурба, азыр жаштарыбыз бүт апийимчи болуп кетишкен. Согуштун айынан тартип деген жок, эч ким текшербейт, көчөлөрдө эркин эле сатылып калган. Ээ, эмнесин айтайын, көрүп зээниң кейийт, ушуларды көрүп неберелеримен корком.
– Аксакал, кыргызга окшош экенсиз, улутуңуз ким?
– Хазар деген улутту уккансыңбы?
– Жок.
– Биз, хазарлар Чынгызхандын тукумубуз, Ооганстанды басканда бир топ аскерин калтырып кеткен, башкарып, салык жыйнап турганга деп. Ошолордун балдарыбыз. Кийин бара-бара сиңип кеткенбиз оогандарга. Макул эми, уктап эс ал, чарчагандырсың. Эртең сүйлөшөрбүз дагы,- үшкүрүнүп коюп кетип калды.
Аябай сүйүндүм, көңүлүм көтөрүлүп калды. Ар нерсени ойлоп жатып кеч уктадым.
Үч күн иштеп калганбыз, Алим менин жаныман кетпейт, колу бошосо эле келип жардамдашып жүрөт, суу апкелип берет. Түшкү дем алышта учак жана башка нерселерди жасап берем.
Түшкү тамакты ичип бүтүп, ар ким ар жерде жатканбыз көлөкөлөп. Чыйылдактын машинасы, артынан дагы бир Жип көрүндү. Биздин жаныбызга токтоп, экинчи машинанын ичинен үч автоматчан адам секирип түшүп, түптүз эле мага келип автоматтарын такап туруп калышты. Чыйылдак машинасынын жанында эле турат, кийин ойлосом корккон окшойт да. Турган жеринен кыйкырды:
– Куралы жок бекен, текшергилечи,- бирөөсү бүт тинтип чыгып, жок дегендей белги кылды.
– Колун байлап алып келгиле,- деп өзү кампаны көздөй басты. Мени тинткени колумду артыма байлап, кампага алып барып камап коюшту.
– Силер карап тургула, кечке чейин келип калам. Качырып жиберсеңер өлдүңөр!- деп чыйылдак машинасы менен бир жакка кетти.
Кечке чейин бир жолун таап эптеп качышым керек эле, булардын колуна түшсөм, ушунчалык издеп жатышса жөн коюшпайт. Чыйылдак кара кийимчендерди чакырып келгени кетти окшойт.
Кантип мени билип калышты экен түшүнбөдүм же видеокамера бар болсо түшүп калдым бекен?.. Же Макфеллдин кылганыбы, айтор, башым катты. Майк көмүлгөн жерди ачып көрүштү бекен...
Качуунун жолун ойлоно баштадым, эшиги темирден ширетилип жасалыптыр, кампанын дубалы калың эле, бир кичине терезеси бар экен, темир тор тосулган, аба кирсин деп кылган окшойт. Темирин чыгарган күндө да ал жерге мен батчудай эмесмин.
Кампанын ичи ар нерсеге толгон, дыйканчылыкка керектүү шаймандар, каптарда шалы, дагы майда-чүйдөлөр.
Эшикти тыңшасам мени караганы калган адамдар кампанын тушунда дарактын түбүндө отурушкан окшойт. Үндөрү угулганы менен, түшүнүксүз. Кампанын ичин жакшылап карай баштадым, мүмкүн, бир нерсе табылып калабы деп. Ороктор жаткан экен, бирөөсүн жерге тикесинен коюп, үстүнөн бутум менен тээп жерге кактым да колумдагы жипти кыркып алдым. Темир күрөктөр бар экен. Бирок аны менен кантип тешмек элем, дароо угулат да. Темир челекте жарымынан жер семирткич бар экен, ушундан жарылуучу зат жасаса болот. Бирок ал үчүн кошумча нерселер керек. Ящиктердин ичин карап, мыктарды чоң-кичинесине карап ороп койгон эки гезит таптым. Эми суу менен ширеңке керек болчу.
Эшикти ургуласам, бирөөсү келип эшикти бир тепти:
– Эмне?!
– Суу берип койгула, аябай суусадым.
– Тыңчыларга суу берилбейт, жок суу, кожоюндарыңа айт, алып келип берсин,- деп күлдү. Шериги эмне болгонун сурады окшойт:
– Суу бергиле деп жатат, берип коёлубу?
– Берип кой, кечке чейин өлүп калбасын.
Аксакалга "суу берип кой" деп кыйкырды. Бир баклажка суу алып келип эшикти кичине ачып ыргытып:
– Ме, эптеп ичип ал,- деп кайра эшикти жаап койду. Колумду байлашканы эсимен чыгып кетиптир, жакшы дагы караган жок. Көрүп калышса эмне болот эле. Мени тыңчы деп ойлоп калышкан окшойт. Кол куушуруп отура берсем болбойт эле. Челектеги селитраны алып жардыргыч зат жасадым. Эми мага ширеңке керек эле. Аны кайдан табам деп ойлонуп эч эле жолун таба албадым. Темирди темирге уруп көрдүм от чыгабы деп, болбоду. Телевизордо кичине таякчаны башка жыгачка сүргүлөсө от чыкканын көргөн элем, антип да көрдүм, болбоду. Отуруп калдым ойлонуп, эмне кылышты билбей. Бир маалда кичинекей терезеден кирип турган жарык тосулуп калды, карасам Алим, мени карап турат. Чочуп кеттим, менин айыман уруш укпасын деп.
– Ары жакка бар, Алим, бул жерде турганыңды көрсө урушат. Тигилер жаман адамдар, келбе бул жерге,- деп аны кетирүүгө аракет кылдым. Эжеси көтөрүп турган экен, экөө бир нерсени сүйлөшүп, Алим:
– Асад аке, эмне керек, тамак апкелип берелиби?- деп мага боор тартат, атымды Асад деп койгон элем.
– Чоң атаңа айтып көрчү, мага ширеңке апкелип бере алар бекен?
– Азыр...- деп эжесине айтты окшойт, экөө чуркап кетишти. Беш мүнөттөй өттү окшойт, аксакал келиптир, акырын сүйлөдү:
– Ме, балам, ширеңке, колумдан башка эч нерсе келбейт,- деп терезеден бир куту ширеңке таштады.
– Аксакал, эми он мүнөт бул жерден алысыраак туруңуз, неберелериңизге да айтыңыз, келбей турушсун.
– Макул, түшүндүм,- деп коюп кетип калды. Эшиктин түбүн эки баклажка баткыдай кылып казып, эки баклажка таап, гезитти узун кылып ороп күйгүзүп баклажканын ичине салып, ичине майдараак мыктардан батышынча салып, оозун бекем жаап, эшиктин түбүнө көмдүм. Эми бул жагы Кудайдан эле...
(Уландысы кийинки санда)
Субан Жуманалиев