ВАЛЕНТИНА ШЕВЧЕНКО ХОЛЛИ ХОЛМДУ ЖЕҢДИ

25-июль күнү кыргызстандык эрежесиз уруш чебери Валентина Шевченко океан ары жагында UFC уюмунун алкагында кезектеги беттешин өткөрдү. Анда ал каардуу делген экс-чемпион Холли Холм менен кезикти.

КАРЬЕРАСЫНДАГЫ МААНИЛҮҮ БЕТТЕШ

Эки мушкер тең 5-мартта өткөргөн беттешинде жеңилүү ызасын тартып калышкан. Валентина Шевченко бул дивизиондун учурдагы чемпиону Аманда Нуньеске упайлар эсебинде уттуруп жиберсе, Холли Холм Миша Тейтке муунтуу ыкмасында жеңилген. Мыкты мушкерлердин рейтингинде 2-орунда турган Холли Холм кезинде бокс боюнча бир нече жолку Дүйнө чемпиону аталып, айтылуу Ронда Роузини нокаутка учуратуу менен атактуулукка жеткен. Мекендешибиз Буллет (Ок) бул беттешке чейин UFC уюмунда 2 беттеш гана өткөрүп, рейтингде 7-орунда болчу. Эки мушкер үчүн бул беттеш абдан маанилүү эле, себеби эки жолу катары менен жеңилүүдөн кийин спорттук карьераны калыбына келтирүү татаал иш.

ТАКТИКАЛЫК ЖАКТАН ЖЕҢҮҮ
Беттеш АКШнын Чикаго шаарында орун алды. Бул шаарда кыргыз мекендештерибиз көп болгондуктан, көрүүчүлөр арасында кыргыз желеги да байкалып жатты. Шевченко 1-раунддан тарта экинчи ролдо, контрчабуул менен иштөө тактикасын алды. Муну менен атаандашына бир-эки таамай сокку узатып, Холмдун жинине тийип койду. Холли дароо жооптуу сокку узатты. Валентина нокдаунда! Кошумча узатылган барскандай соккудан буйтап кеткен Шевченко аман калды.
Атаандаштардын бири-бирин күтүп мушташуусу шахмат оюнун элестетип жатты. Кимиси биринчи катачылыкка жол берсе, нокаутка кетти дей бер. Ыкчам жана таамай иштеген Буллет калган 5 раундда өзүнө олуттуу сокку өткөрбөй, беттешти татыктуу жыйынтыктады. Тактикалык жактан туура беттеш жүргүзгөн мекендешибиз талашсыз түрдө жеңүүчү аталды.

"КЫРГЫЗ ЖЕРДЕШТЕРИМДИН КОЛДООСУНА ЫРААЗЫМЫН"

Беттеш бүткөн соң Холли Холм атаандашы алда канча мыкты даярдыкта экендигин моюнга алды. "Мен болгон аракетимди жумшадым, бирок атаандаш катуу даярданыптыр" деп белгиледи.
Ал эми Валентина Шевченко: "Жылуу тосуп, кызуу колдоп тургандарга абдан ыраазымын",- деп кызуу колдоого алган кыргыз мекендештерине ыраазы болду. Ошондой эле учурдагы чемпион Аманда Нуньес менен реваншка чыгып, чемпиондук кур талашууга даяр экендигин айтты. Беттештин изи сууп, беттердеги так кете электе Аманда Нуньес: "Биринчи беттеште Шевченкону калыстардын чечими менен жеңгем. Эгерде дагы бир жолу беттешсек, анда таза жеңишке жетишем",- деп мекендешибиздин "чакыруусуна" жооп берүүгө шашылды.

"БУЛ БЕТТЕШ ЧИКАГОДОГУ МЕКЕНДЕШТЕРДИ БИРИКТИРДИ"

Чикаго шаарындагы мекендештерибиздин колдоосу Валентинага кошумча дем-күч берди. Өз көзү менен бул беттешти көрүп, мекендешибизди сүрөөнгө алган Наргиза Конушалиева беттеш тууралуу буларды айтып берди:
– Мен АКШга 3 жумага келгем. Чикагого досторумдун чакыруусу менен барсам, Шевченко менен Холмдун беттешине туура келип калыптыр. Биздин мекендешибизди колдобой коюуга болбойт эле. 7 саат күткөндөн кийин гана бул беттеш орун алды. Кыргыздар аз болдук. Ага карабай үнүбүз бүтүп калгыча колдоп жаттык.
Шевченконун беттеши бизди сыймыктандырбай койгон жок. Жеңүүчү деп тапканда сүйүнгөнүбүздү айтпаңыз. Кичинекей Кыргызстандан чыккан спортчу дүйнөнү багындырып жатса толкунданбай, сыймыктанбай коюу мүмкүн эмес экен. Бул беттеш Чикагодогу кыргыздарды бириктирди, мелдештен соң баарыбыз бири-бирибизди куттуктап, сүрөткө түшүп, жакындан таанышып да алдык.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
NURDANCHIK
2016-08-01 13:28:02
Молочина кыргызстан озунун атынана алып чыкса сонун болмок ааа
0
realbek89
2016-08-01 22:57:33
Мен дагы аябай жан тарткамын Шевченкого,молодец жеништен кийин да Кыргызстан жонундо унуткан жок,ыраазычылык билдирди
0
tynar92kg
2016-08-02 09:08:35
Дагы ийгиликтерди жарата бер....
0
sharolli
2016-08-04 10:19:36
UFCнын Билет баасы приблизительно канча экен ким билсе жазып койгулачы сураныч???
0
joysin777
2016-08-04 10:57:31
кечиккен статья Валентинадан дагы коп ийгиликтерди кутобуз
0
mamatkerim
2016-08-09 15:27:37
кызыл койнокчон менин иним Аскатбек
0
№ 717, 29-июль-04-август, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан