БАНКТЫК АМАНАТ: ЫҢГАЙЛУУ, ИШЕНИМДҮҮ, ПАЙДАЛУУ

Банктар өзүнүн кардарлары үчүн жагымдуу шарттарда банктык аманаттарды ачууну сунуштап, алардын акча каражаттарын депозиттик эсепте кармоого чакырышат. Туура сакталган каражат туруктуу финансылык абалдын бири катары cаналат. Анткени акчаны иштеп табуу жана аны кармап калуу оңойго турбайт. Мыйзам ченемдүү көрүнүш катары убакыт өткөн сайын иштебей жаткан акча өзүнөн өзү жок болуп кетери белгилүү. Ага акчанын ээсинин бир нерсе сатып албастан кармап калууга эркинин жоктугу себеп эмес, инфляция жана башка объективдүү финансылык процесстер күнөөлүү десек болот. Ошондуктан топтолгон акча каражатты пайдалуу жакка жумшап же сактап коюш керек. Мисалга алсак, банкта депозит катары кармоо сунушталат. Ал эми мындай аракеттин артыкчылыгы жана өзгөчөлүгү тууралуу Улуттук банктын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Адилет Нурланов кардарларга кеңеш катары төмөнкүлөрдү айтып берди.

АЛГАЧКЫ КАДАМ

Алгач кардар өзү ишенген банкты тандап алуусу зарыл. Анткени банктардын ар түрдүү репутациясы бар жана алар ар башка пайыздык чендерди сунушташат. Анткен менен банкты тандоодогу негизги принцип – бул ишенимдүүлүк. Аманат ачуудагы пайыздык чендер өтө жогору болбогону менен, ишенимдүү банк силердин салымды сактап калары маанилүү.
Банктык аманат (депозит) — бул банктын жардамы менен акчаны сактоо, үнөмдөө жана көбөйтүү болуп саналат. Анткени банкка коюлган акча аркылуу тийиштүү суммада пайыздар өсө берет. Андыктан акчаны үйдө сактаганга караганда банкта сактаган ыңгайлуу, ишенимдүү, коопсуз жана пайдалуу.

БАНКТЫК АМАНАТТАРДЫН ТҮРЛӨРҮ

Банктык аманаттын негизги эки түрү бар. Алар: ыкчам жана талап кылынганга чейинки аманаттар. Депозиттердин негизги түрлөрү менен таанышып алгандан кийин иштеп тапкан акчаны кайсы жерде сактоо керектигин тандаса болот. Албетте, өндүрүш же башка бизнестин түрүнө акчаны салып инвестициялоо банктагы салымга караганда бир кыйла көп пайда алып келет. Бирок жогорку киреше дайыма жогорку тобокелдик менен эриш-аркак жүрөрүн эстен чыгарбаш керек. Андыктан "бир үкөккө жумуртканын баарын салбаш керек" дегендей, үнөмдөлгөн акчанын бир бөлүгүн пайдалуу жакка салып, калганын банктык аманатта сактаган туура. Ал эми банктык аманаттын түрлөрүн 2 өзгөчөлүк аркылуу ажыратып билсек болот:
1. Бир кыйла пайдалуу пайыздык жыйымдар.
2. Бир кыйла ыңгайлуу акча каражатынын сакталышы.
Аманат ачуу боюнча акыркы чечимди кабыл алардан мурда ар башка банктардын сунуштарына көңүл бөлүш керек. Анткени алардын шарттары бири-биринен бир кыйла айырмаланып турат. Аманатчынын көз карашы боюнча жагымдуу деп көрүнгөн оптималдуу банк продуктысын тандоого эч ким жолтоо боло албайт. Талап кылынганга чейинки аманаттар кардардын биринчи талабы боюнча берилсе, андан айырмаланып ыкчам төлөмдөр – келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттө гана тийиштүү убакыт өткөндөн кийин берилет.
Талап кылынганга чейинки аманаттар кыска мөөнөттүү салым катары ыңгайлуу жана нак эмес эсептешүү катары дагы колдонулушу мүмкүн. Ал буюм сактоочу сактык камерага окшош. Анткени көрүнүктүү пайда алып келбегени менен, каалаган убакта алып кетүүгө же башка максаттарга жумшоого болот. Ал эми ыкчам төлөм талап кылынганга чейинки аманатка салыштырмалуу тийиштүү убакытка (эреже катары 3, 6, 9, 12, 24, 36 айга чейин) берилет. Бирок кырдаалга жараша аны деле каалаган учурда чыгарып кетсе болот. Болгону мындай учурларда пландаган пайыздык салымдардан ажырап калууга туура келет.

БАНК АМАНАТТАРЫНЫН ВАЛЮТАСЫ

Аманаттарды улуттук валютада же чет өлкө валютасында сактоого болот. Азыркы учурда банкта депозит ачууну республикабызда кездешкен каалаган валютада жүргүзсө болот (мисалы, АКШ долларында, евро же орус рубли). Бирок чет өлкөлүк валютада кармалган аманаттардын пайыздык чени, эреже боюнча, сомго салыштырмалуу бир кыйла төмөн болуп, алардын кирешесинин аздыгына алып келет. Мындан сырткары мультивалюталык аманаттар дагы болот. Башкача айтканда, аманаттын суммасын бир эле кезекте бир нече түрдөгү валютада сактоого мүмкүн. Андай аманаттын мөөнөтү бүткөн соң жалпы аманаттын суммасын бир валютанын бирдигине алмаштырып алууга дагы болот.

БАНКТЫК АМАНАТТАРДЫН ШАРТТАРЫНЫН АЙЫРМАЧЫЛЫКТАРЫ

Аманатчыга пайыздык чен канчалык жогору болсо, ошончолук пайдалуу. Бирок аманат ачардан мурда салынып жаткан сумма канча убакыттан кийин керек болбой калат экенин түшүнүп алыш керек.
Банктык аманат (депозит) боюнча пайыздык чен “фиксированный” же башкача айтканда, аманат ачып жатканда келишимде көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин сакталып, өзгөртүүгө туура келбейт. Же өзгөрүлмөлүү, башкача айтканда, мамлекеттеги тигил же бул финансылык индикатордун өзгөрүшүнө: пайыздык чендин өлчөмү, биржалык индекс жана башкага байланыштуу болушу мүмкүн. Өзгөрүлмөлүү пайыздык чен тандалып алынганда адатта банк аманаттык кирешенин минималдык пайыздарына кепилдик берет, ал эми максималдык өсүш чексиз болушу мүмкүн. Өзгөрүлмөлүү пайыздык чен алдын ала киреше табууга багытталбайт. Бирок айрым учурларда бул киреше бир кыйла байкаларлык болушу мүмкүн.
Капитализация – бул депозит аркылуу пайыздардын чегерилиши. Айрым календардык мөөнөттүн (ай, жыл) ичинде банктык аманат боюнча пайыздык жыйым жаралат. Анын үстүнө жыйым аманаттын суммасына карата пайыздардын эсебинен өткөн убакытка карата чыгарылат.

АМАНАТТАР ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТТЫ КАНТИП АЛУУГА БОЛОТ?

Эгерде сиз банкта аманат ачууну туура тапсаңыз, алгач банк тууралуу толук маалымат алганыңыз оң. Анын ишмердүүлүгү, аманаттарды сактоо кепилдиги, аманаттар боюнча сунушталуучу шарттары жана башка мындай маалыматтарды силер банктын адистеринен телефон аркылуу же иш кеңсесинен сурап-билүүгө, же андагы дубал жарнамалары, буклеттер жана алардын расмий сайтындагы маалыматтар аркылуу таанышып алууга болот. Сиздин өз учурунда (келишимге кол коюлганга чейин) тийиштүү жана туура маалымат алып алышыңыз тууралуу укуктарыңыз мыйзам менен бекитилген. Андан камсанабай эле коюңуз!
Туура жана пайдалуу чечим аманат ача турган бир нече банктын сунуштарын карап чыккандан кийин кабыл алынышы керек. Ал үчүн ар башка банктардын маалыматтарын салыштырып чыгуу талап кылынат. Аманат боюнча чендер анын мөөнөтү жана жалпы суммасынан көз каранды болот. Башкача айтканда, ири сумма болсо, ири пайда табууга болот жана аманат канчалык узак мөөнөткө чейин коюлса, ошончолук пайыздык чени жогорулайт. Аманаттар боюнча кирешелер аманаттын суммасына жараша, мөөнөттүү пайыздык төлөмдөргө байланыштуу чегерилип турат (капитализация). Пайыздар мөөнөттүн аягында же тийиштүү мөөнөт өткөн сайын төлөнүп турушу мүмкүн.

БАНК ТАНДАЛЫП АЛЫНГАНДАН КИЙИН КЕЛИШИМГЕ КОЛ КОЮЛАТ

Ылайыктуу банкты жана аманаттын түрүн тандап алгандан кийин сиз банкка келип, андагы аманаттар боюнча операторго кайрылып, жарандык күбөлүктү берип, аманат боюнча келишимди тариздесеңиз болот. Ал үчүн келишимде келтирилген акчанын суммасын кассага төгүү талап кылынат. Документке кол коюудан мурда келишимди жакшылап окуп чыгып, андагы шарттар, аманат боюнча акчанын чегерилишинин эрежелери, тараптардын укуктары жана милдеттери менен таанышып чыгуу керек. Акчаны аманатка таштагандан кийин сиздин колуңузда жок дегенде эки документтин түрү болушу зарыл. Алар: банк аманаты боюнча келишимдин бир экземпляры жана тийиштүү сумманы банк эсебине төккөндүгүңүз тууралуу тастыктоочу ордер. Бул документтерди, келишимге ылайык, акчаны кайтарып алганга чейин сактап жүрүү талап кылынат.
Депозиттик келишим аманатчы менен банктын ортосунда ишкердик карым-катнаштык күчкө ээ. Ага жараша аманатчы өзүнүн каражатынын толук кандуу ээси экендигин жана анын каражатын банк сактоо менен бирге үстүнө кошумча каражат кошуп төлөөгө жана кайтарып берүүгө милдеттүү экенин эсиңизден чыгарбаңыз. Депозиттик келишимде пайыздык чендер, мөөнөтү жана башка шарттары толугу менен жазылат. Келишимге кол коёрдон мурда аманатчы келишимдеги бардык учурлар тууралуу таанышып жана майда шрифт менен жазылган жазууларга айрыкча көңүл бөлүп окуп чыгуусу талап кылынат.
Абройлуу банк эч качан келишимде шарттарды жашыруун түргө салып, майда шрифт менен жазбайт. Анткени келишим кардар үчүн ачык болуп, заманбап бизнесте эки тарап тең пайдага жетиши зарыл.

АМАНАТТЫ КОРГОО СИСТЕМАСЫ ТУУРАЛУУ

Банктагы аманаттарды коргоо системасы банк банкрот болуп калган учурда да өз каражатын кайтарып аларына кепилдик берет. Банкка тийиштүү аманаттардын системасы жана башка суроолор боюнча Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин ыкчам байланыш телефондору (312) 45-55-27 аркылуу сурап билүүгө же www.depozit.kg сайты аркылуу таанышууга болот.
Кепилденген учур – мыйзамда каралган негиздер боюнча мажбурлап жоюу жол-жобосуна өткөн учурларда, банктык аманат жөнүндө келишимге ылайык компенсацияланууга жаткан депозиттин банк-катышуучу тарабынан төлөнүп берилбеген жагдай.
Кепилдик учурлардын алкагында мыйзам боюнча ар бир аманатчыга компенсация төлөнүп берилет.

Кээ бир жеке жактардын аманаты (депозити) компенсацияланууга жатпайт:

  • Банктын инсайдерлеринин жана аффилирленген жактардын депозиттери жана алардын жакын туугандарынын банкта жеңилдетилген шарттарда жайгаштырылган депозиттери;
  • Акыркы үч жыл аралыгында банктын чет өлкөлүк консультанты жана тышкы аудитору болуп саналган адамдардын депозиттери;
  • Адамдардын юридикалык жактын тапшырмасы (ишеним каты) боюнча жайгаштырылган депозиттери;
  • Террорчулукту каржылоого же кылмыш жолу менен алынган кирешелерди “адалдоого” байланыштуу сот же тергөө органдардын чечими бар депозиттер;
  • Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары банк-резиденттин жайгашкан филиалдарындагы депозиттер.

Кепилденген учур киргенден тартып аманатчынын ордун толтуруу укугу башталат.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 717, 29-июль-04-август, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан