АК ЖОЛ САГА, ОЛИМПИАДАЧЫ!

5-августтан тарта Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында спорттогу эң кызыктуу мелдеш – Жайкы Олимпиада оюндары старт алат. Кыргыз Республикасынын атынан 19 спортчу катышып, медалдар үчүн ат салышат. Өлкөбүздүн курамасынын башкы өнөктөшү «Мегаком» компаниясы, анын башкы директору Азат Базаркулов баш болуп спортчуларга ийгилик каалап узатышты.

«СИЗДЕРГЕ БҮТҮНДӨЙ ӨЛКӨ НАЗАР САЛАТ»

2015-жылдан тарта «Мегаком» компаниясы менен Улуттук Олимпиада комитетинин ортосунда кызматташуу тууралуу кол коюлуп, анда өлкөбүздүн ири мобилдик оператору башкы өнөктөш аталган. Бир жылдан ашык убакыт ичинде «Мегаком» компаниясы спортчулар менен кененирээк тааныштыруу, лицензия алуу, мелдештеринде ар тараптан колдоо жана спортчулар тартылган календарлар, кызыктуу видеороликтерди тартуу иштерин жүргүздү. Жыйынтыгында кыргыз спортчуларынын жүзү бүтүндөй өлкөгө таанымал болду.
Кыргыз спортчулары намыска жарап, Бразилиядагы мелдешке жалпы 19 жолдомо утуп алышты. 26-июль күнү мобилдик компаниянын башкы директору Азат Базаркулов баш болуп, «Мегаком» компаниясынын кызматкерлери спортчулар жана машыктыруучуларды салтанаттуу түрдө Олимпиада оюндарына узатты.

Азат Базаркулов, «Мегаком» компаниясынын башкы директору:
– Бул Олимпиадага 1 жыл калганда Улуттук Олимпиада комитетинин өкүлдөрү менен биздин спортчуларды каражат менен эмес, маалымат жагынан колдоо тууралуу сүйлөшкөнүбүз эсимде. Ошондон тарта «Мегаком» компаниясы спортчуларды пиарлоо иштерин жүргүзүүгө аракет көрдү. Өлкөбүздө ар бир спортчунун жүзү тартылган баннерлер илинди, макалалар жарык көрдү. Жакынкы убакыттан тарта спортчулар катышкан видеороликтер телеканалдардан көрсөтүлүп баштады. Бүгүнкү күндөгү жолдомо алганыңар чоң жетишкендик деп эсептейм. Лицензия алууга эле канчалаган эмгек, күч, тер коротулду. Оюндарда болгон аракетиңерди жумшагыла, сиздерди бүтүндөй өлкө көрөт. Сиздерге ак жол, ийгилик каалайм, олимпиадачылар!

«МЕГАКОМ» МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУБУЗ УЛАНАТ ДЕП ИШЕНЕМ»

Канат Аманкулов, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору:
– «Мегаком» компаниясы менен болгон кызматташуунун жыйынтыгы ийгиликтүү болуп жатат десем жаңылышпайм. Олимпиадачыларда Бразилиядан куру келбей, медалдар менен келели деген тилек күч. Бул оюндар кыргызстандыктар үчүн жеткиликтүү көрсөтүлүшү, акыркы маалыматтар менен бөлүшүү үчүн «Мегаком» жардам берет. Онлайн видео аркылуу спортчулардын акыркы жетишкендиктери жана көрсөткүчтөрү менен видеобайланыштар да жүрүп турмакчы. Маалымат аркылуу колдоо алда канча эффективдүү, эми ар бир спортчуну таануу мүмкүн болуп калды. Учурда 19 спортчу, машыктыруучулар жана делегация курамы чыныгы команданы түздү. 2008-жылы да Пекинде 19 спортчу катышкан, эми ошол көрсөткүчтү жаңыртууга аракет жасайбыз. Бразилиядан келгенден кийин “Мегаком” менен болгон кызматташуубуз уланат деп ишенем.

«МЕДАЛДАР ҮЧҮН АРАКЕТ КЫЛАБЫЗ”


Арсен Эралиев, грек-рим балбаны:
– Бул Олимпиада оюндарына акыркы даярдыктарды көрүп жатабыз. Лондондо өткөн оюндарда тажрыйбанын аздыгынан, кетирген катачылыктардан улам 11-орунга гана илинип калгам. Риодо мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарбоо керек, медалдарга жетүү үчүн аракет көрүшүбүз зарыл.




Мурат Рамонов, грек-рим балбаны:

– Башкысы өзүбүзгө болгон ишеним бар. Олимпиада оюндары 4 жылда бир жолу гана болот, андыктан өзүбүздү бул мелдеште көрсөтүшүбүз керек



Эркин Адылбек уулу, мушкер:
– Олимпиадага жөн гана катышуу үчүн барбай, байгеге илинүүгө белсенип жатам. Жеңиштерим ата-энеме, досторума жана кыргыз элиме арналат. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мени тарбиялаган машыктыруучуларыма терең ыраазычылык билдирем. Ошондой эле бизди ар тараптан колдоп келе жаткан “Мегаком” компаниясына да рахмат айтам.


Эске сала кетсек, буга чейин кыргызстандык спортчуларды дүйнөлүк мелдешке узатууда ири масштабда маалыматтык колдоо алдын ала көрсөтүлгөн эмес. Алгачкылардан болуп мындай жагымдуу иш-чараны “Мегаком” компаниясы баштады. Жеңишке жетүүдө эң башкысы тынымсыз туура машыгуу жана көтөрмөлөп моралдык жактан колдоо көрсөтүү өлкө желегин желбиреткен спортчуларга пайдасын берери анык.

Олимпиадачылар эстеликке кол тамгаларын калтырышты.


Спортчуларга жана алардын машыктыруучуларына уюлдук оператор атайын белектерди тартуулады.


Жеңил атлетчилер жеңишке гана умтулушат.


Адилет Керимбек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
salimbek87.kg
2016-08-01 09:47:13
Ийгилик сиздерди жениш менен Жана аман Эсен кыргыз жерине кайтып келишиниздерди кутуп калабыз.
0
Afina
2016-08-01 11:07:14
Ийгилтк каалайбыз! Жениш менен кайткыла Кыргызстанга)))
+2
karakchyyy
2016-08-01 13:30:07
Жалпы спортчуларга ийгилик Аллах жар болсун жениш м.н кайткыла буйруса. Айсулуу Тыныбекова мыктысыз озгочо сыймыктанам.
+2
omu
2016-08-03 05:43:07
Ильмияновго не бар?
0
98.doni
2016-08-03 12:06:43
Ийгилик агалар эжелер Аллах колдосун
0
№ 717, 29-июль-04-август, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан