ИНДИЯ АНАРЫ БИЗДЕ ДА ӨСӨТ

Түштүк жергесине болгон сапарыбызда элден Ноокен районунун Ноокен айылындагы айым өзгөчө өсүмдүк өстүрүп жатат дегенди угуп, үйүнө издеп бардык. Өзүн Бурмакан Качкынова деп тааныштырган айым биз өмүрү көрбөгөн өсүмдүк тууралуу айтып, андан ооз тийгизип, маек да куруп берди.

Илимий аталышы
– момордика харанция же ачуу бадыраң. Көптөгөн өлкөлөрдө Кытай ашкабагы деген аталышка ээ. Кыргызстанда муну Индия анары да дешет. Ашкабактар уруусуна кирген жашылча.
Мекени – Азиянын тропик өлкөлөрү. Дүйнөнүн жылуу климаттуу аймактарында, негизинен Түштүк Азияда (анын ичинде Индияда да) жана Түштүк Чыгыш Азияда, Кытайда жана Кариб деңизинин жээктеринде көп өстүрүлөт.
Сабагынын узундугу – 4 метрге чейин жете турган 1 жылдык лиана.
Гүлү – сары
Мөмөсүнүн узундугу – 18 сантиметрге чейин (Кыргызстанда)

– Момордика харанцияны өткөн жылы төркүнүмө, Токтогулга барганымда көрүп калдым. Алар да тааныштарыныкынан алып келип өстүрүп жатышкан экен. Кызыгып уругун ала келип, жазында эгип койсом өсүп чыгып, эми минтип мөмөлөп, бышып жатат. Бадыраң сыяктуу сыртта эле өстүрүп жатам. Үйдө терезеде да өстүрүүгө болот дешти. Чырмалып өскөндүктөн жип менен өйдөгө тартып байлап коёбуз. Мөмөсү быша элегинде жашыл түстө болуп, бышканда саргаят. Катуу бышып кеткенде жарылып, уругу акырындап жерге күбүлүп түшөт экен. Этин жебей, ичиндеги кызарып бышкан уругун жеп жатабыз. Даамы ашкабактыкына окшошуп кетет. Билишимче, муну учурда Токтогул, Ноокен, Кара-Суу, Базар-Коргон райондорунда айрым адамдар өстүрүп жатышат. Үйгө уругун, мөмөсүн жөн эле сурап, ошондой эле сатып алууга да келип жатышат.

КОЛДОНУЛУШУ

Курамы. Момордика харанция курамында темир, бета-каротин, витаминдер, кальций, калий бар болгону үчүн баалуу. Тамакты жакшы сиңирип, ичтейди ачат.
Кулинарияда. Мөмөсү быша элек кезинде эти ачуу болгондуктан ачуу бадыраң деген атты да алып жүрөт. Андыктан быша элек мөмөсүн чогултуп, ичиндеги уругун алып салып, анан ачуусу чыгышы үчүн бир нече саат туздуу сууга чылап коюшат. Анан этин бууга демдеп же сууда кайнатып туруп тамак-ашка колдонушат. Мөмөсүн гана эмес, жаш сабагы менен жалбырагын да дымдап бышырып жегенге болот. Бышкан уругу таттуу болгондуктан жей берүүгө болот. Быша элек көк мөмөсүн маринаддашат. Бышкан кезде эти жумшарып калгандыктан аз колдонулат.
Элдик медицинада. Ширеси быша электе уулуу, бирок аны элдик медицинада артрит, кызыл жүгүрүк, астма, айрым тери ооруларын, кант диабетин айыктырууда, балдардын ичтеги мите курттарын түшүрүүдө колдонушат. Малярия оорусунун алдын алып, аны айыктырууда да колдонулат делет.
Заманбап медицинада. Лабораториялык изилдөөлөр ВИЧти дарылоодо жардам берерин көрсөткөн. АКШнын окумуштуулары изилдөөлөрүнүн жыйынтыгында уйку безинин рак оорусунда рактын клеткаларын өлтүрүүчү жөндөмү бар экендигин белгилешкен.
Терс таасири. Зарнаны, ашказандын жана 12 эли ичегинин жара оорусун күчөтүп жиберет. Балдарды ууланууга дуушар кылуусу мүмкүн. Чанда болсо да кош бойлуу аялдардын жатынын жыйрылтып, бойдон түшүүгө жеткириши ыктымал.

Жашылчанын гүлү жана көк мөмөсү.


Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
salimbek87.kg
2016-08-01 09:29:31
Озгочо осумдукко э
+1
bekhaliev
2016-08-01 13:42:56
ээ менин жашым 27де,бул осумдукту 8жашымдан берип остуруп келебис,даамы жок бир нерсе
-1
Edik_86
2016-08-01 15:25:48
кой жебегиле айрыкча келиндер уктунарбы жесенер жатынынарды жыйрып салат экен алыс болгула силердин ден соолугунар бизге абдан манилуу
+4
chyngyz2012
2016-08-03 19:50:28
Ошто Кара Суу районда Баш Булак айылында осот Юсупов Урмат остурот 5 жылдан бери
0
karamat1999
2016-08-06 14:31:27
Мага жагат аябай.Бышырып жеп эле журом.Эч зыяны жок эле балдарды да тородум.Алгач ортосунан тен болуп,уругун алып салам да,жарым шакекче кылып туураптузга чылап,кунго коюп коем.Эки сааттан кийин,жууп салып,пиязды коп кылып туурап,фаршка кошуп,кууруп алам.Анан помидор кошуп кууруп,он минут демдеп коем.Болду,бышканда жыргап жей берем.Рекомендую всем,полезный продукт!
+1
№ 717, 29-июль-04-август, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан