SMS АКЦИЯ

Борбор шаарыбыздагы "Наше" сатып ал – байгелерди утуп ал" акциясынан белектерди утуп алган алгачкы бактылуулар бар. Алардын "Наше" жазуусу бар кепкалары, саркеч футболкалары, ыңгайлуу жон баштыктары ушул жайкы долбоордо ар бир адам утуп алса болорун ырастап турат. Байгелер жаныңызда – бир эле СМС аралыгында!

Бир жумадан бери борбор шаарыбызда "Наше" соода маркасынан жаркын акция өтүүдө. Анын байге фонду 200дөн ашык байгелерге ээ экендиги менен да таасирдүү! Бул долбоордун башкы белгиси – катышуучуларды мүмкүн болушунча байгелер менен кубантуу. Ыңгайлуу, жаркын белектер, маанайын көтөргөн миңдеген адамдар, бир эле адамга буйруй турган баш байгеге жолдомо алары бышык.
Айтмакчы, кардарларга ыңгайлуу болсун үчүн компания этикеткасын өзгөртүп, ага "Акциялык" деген чоң жазууну жабыштырып койду. Эми муздаткычка колду сунуп, "Наше" пивосун алып чыгып, муздак сергитүүчү суусундуктан ырахаттана жутуп, капкагынын алдындагы код менен СМС жөнөтүү жетиштүү. Бир нече секунддан кийин эле номериңизге электрондук системадан бул код утуштуу же дагы бир жолу аракет кылып көрүү керек деген жооп келет. Байгелер электрондук системанын жардамы менен, катталган коддордун арасынан кокусунан тандоо аркылуу ойнотулат. Коддорду канчалык көп чогултсаң, утуу ыктымалдыгы ошончолук көп болот.
Байгелердин өзүн алып көрө турган болсок, "Абдыш-Ата" компаниясы аларды кийип жүрүү ыңгайлуу жана жагымдуу болуусу үчүн кам көрдү. Кепкалар жана футболкалар ыңгайлуу накта материалдардан даярдалып, жонбаштыктар абдан бышык жасалды. Ал эми 50 сом баланска утуп алуу болсо – жеңүүчүлөр үчүн ыңгайлуу жерден алып, көпчүлүктүн көңүлүн көтөргөн байге. Жеңүүчүлөргө сall-борборго 0 (800) 00 888 номери менен чалып, Бишкекте, Токмокто, Кара-Балтада, Кантта, Ошто, Жалал-Абадда, Таласта, Нарында, Чолпон-Атада, Бостериде, Балыкчы жана Караколдо жайгашкан жакынкы байгелерди берүү борборунун дарегин айтып берет. Ал жакка келип, уюлдук телефондон борбордун кызматкерине утуш коду жөнүндө СМС билдирүүнү жана 18 жашка толгондугун ырастаган инсандыкты тастыктоочу документти көрсөтүү керек.
"Абдыш-Ата" компаниясы биздин өлкөдө 15 жылдан бери иштеп келет, ал эми анын продукциясы ата мекендик рыноктун 90 пайызын камтыйт. "Абдыш-Ата" компаниясынын фирмалык суусундугу 1516-жылы эле кабыл алынган кулмак суусундугунун тазалык талаптарына ылайык эски ыкма менен өндүрүлөт. Өз продукциясын даярдоодо компания экологиялык жактан таза сырьёну пайдаланат. Угут өз кыртышында өндүрүлсө, кулмак Германиядан алынып келет. Азыктардын, ачыткы жана артезиан скважинасынан алынган таза суунун идеалдуу айкалышы суусундуктун кайталангыс даамын жаратат.
"Абдыш-Ата" компаниясы жакында эле азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө декларация алды. Бул ишкананын продукциясы Евразия экономикалык биримдигинин стандарттарына туура келет жана Бажы биримдигине кирген өлкөлөргө – Казакстан, Орусия жана Беларуска экспорттоло алат дегенди түшүндүрөт. "Абдыш-Ата" компаниясынын заводунда эң жаңы жабдуулар орундалып, стерилизацияланган тазалык колдоого алынат. Ал эми дасыккан адистер күн сайын өндүрүштүн ар бир стадиясына көзөмөл жүргүзүп, аягында мыкты жандуу суусундукту алууга мүмкүндүк берет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
admin_superstan
2016-08-01 11:16:45
Uson13, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
№ 717, 29-июль-04-август, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан