ТӨРӨГҮЧӨ КОШУЛБАЙБЫЗБЫ?

– Бойго бүткөндөн кийин кошулса үстүнө дагы бүтүп калат дешет го, ушул чынбы? Анткени, азыр келинчегимдин 1,5 айлык боюнда бар. Эми төрөгүчө кошулбайбызбы? Эльдар, 18 жашта, Токтогул.
– Медицинада бойго бүткөн алгачкы 2-3 айда жана төрөөргө чейинки 2-3 айда кошулбоо керек. Анткени, бойдон түшүп же оору козгогуч микробдор кирип кетиши мүмкүн. Ал эми калган ортодогу айларда кошула берсеңиз болот. Эч кандай үстүнө бүтүп калбайт.


СЕМИЗ ЭРКЕК “СЛАБЫЙБЫ”?

– Күйөөм 34 жашта эле болгону менен төшөктө “слабый” болуп бара жатат. Муну анын ашыкча семирүү­сүнөнбү деп ойлоп жүрөм. Анткени, бою 178 сантиметр болгону менен салмагы 110 килограммга жетип калды. Венера, 30 жашта, Нарын.
– Күйөөңүздүн бою менен салмагын салыштырганда 32 килограммга ашыкча салмак менен жүрөт экен. Салмагынын ашып кетиши гормондордун, тамактануунун бузулушунан жана аз кыймылдоодон болот. Семирүү албетте, төшөктө терс таасирин тийгизет. Ошондуктан, күйөөңүз урологго кайрылып, себебин таап дарылануусу кажет.


ООРУ КОЛ АРКЫЛУУ ДА ЖУГАБЫ?

– Мастурбация жасаганда оорулар кол аркылуу да жугуп калышы мүмкүнбү? Гүлхан, 21 жашта, Карабалта.
– Тамак жээрде гана эмес, төшөккө жатарда да колду жууну унутпаш керек. Себеби, мастурбация жасоодо микробдор кол аркылуу кирип, жыныс кыны сезгенип калса, түрдүү инфекциялык ооруларды козгошу ыктымал.


БУЛ ЭМНЕ БОЛГОН СУЮКТУК, ЫЯ?

– Менин курбу кызымдын эмчегинен кээде аздап түссүз суюктук бөлүнүп чыгып калат. Аябай коркуп жатабыз. Бул эмне? Асел, 16 жашта, Кант.
– Бул физиологиялык көрүнүш. Аялзатынын гормондору жетилип жаткан мезгилде мындай көрүнүш сөзсүз болот. Коркунучтуу эч кандай нерсе жок. Бир канча убакыттан кийин өтүп кетет.


ТЕРДЕН КАНТИП АРЫЛАМ?

– Терчилдигимдин кесири кошулуу учурунда да тиет. Көл-шал болуп эле тердеп чыга келем. Ушундан улам кээде төшөк кумарына батуудан да уялам. Негизи, терчилдигим бала кезимден бар. Жайында жамбаш, буттарымдын ортолору кызарып, бүдүрчөлөр толуп кетет. Терчилдикке каршы кандай каражаттарды колдонсом болот? Анвар, 27 жашта, Ош.
– Эртең менен жана кечинде жуунуп, кийимдерди бат-баттан алмаштырып, атайын гигиеналык тердетпөөчү каражаттарды колдонуңуз. Терге каршы өзүбүздөн чыккан «Алтей» фирмаларынын кремдери аябай таасирлүү. Же балдардын упасын колдонуңуз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 220, 19-25-январь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан