БАЛА ЭМНЕ ҮЧҮН АРА ТӨРӨЛӨТ?

Жети айлык болуп айына жетпей төрөлгөн балдардын органдары 9 айлык ымыркайдыкындай толук өөрчүгөн эмес. Алар жашоо үчүн ымыркайынан эле күрөшө баштайт. Ошондуктан эл ичинде "7 айлык балдар тың жана чыйрак келет" деген кептер айтылып калгандыр. Эмне үчүн балдар 7 айлык болуп төрөлүшөт деген суроого адистер жооп беришет.

АРА ТӨРӨЛГӨН БАЛДАР

Эненин ичиндеги жашоосу
– 25-27 апта
Салмагы – 500 граммдан 2 килограмм 500 граммга чейин
Бою – 37 сантиметрден 49 сантиметрге чейин

"7 АЙЛЫКТАР ЖАШАЙТ, 8 АЙЛЫКТАР ЖАШАБАЙТ ДЕГЕН ТУУРА ЭМЕС"

7 айлык туулган ымыркайга кандай кам көрүү керек экендигин Бишкектеги №9-поликлиниканын 3-үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси, педиатр Мээрван Кушбекова айтып берет.
– 7 айлык балдардын өпкөсү, жүрөгү, териси, булчуң эттери, нерв, тамак сиңирүү системи жакшы өнүгө элек болот. Ымыркайдын өпкөсүндө сурфактант деген заттын өлчөмү канчалык көп болсо, өпкө ошончолук жакшы ачылат. 7 айлыктарда ал зат аз болгондуктан, алар дем алууга жөндөмсүз, төрөлгөндө да ыйлабай түшүшөт. Алар 1-2 айга чейин анча эттенбейт. 7 айлык балдар 9 айлыктардай болуп төрөт үйүнөн 3-4 күндө эле чыгарылбайт. 1-2 айга чейин дарыгерлердин такай көзөмөлүндө болот.
Эл ичинде "7 айлык төрөлгөндөр жашап кетет, 8 айлыктар жашабайт" деген кеп бар. Бул туура эмес. 7 айлыкпы, 8 айлыкпы, 9 айлыкпы, эгер ымыркай оорукчан, жашап кетүүгө мүмкүнчүлүгү аз төрөлсө чарчап калат.

"ЭҢ БИРИНЧИ СЕБЕБИ – ЖАТЫНДАГЫ ИНФЕКЦИЯ"

Бишкектеги №8-үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун акушер-гинекологу Гүлмира Толубаева жооп берет.

– Балдардын 7 айлык төрөлүшүнүн эң негизги себеби – жатында инфекциянын болушу. Жыныстык жол менен жуккан оорулардын негизинде бала бойдон түшүп калат же айына жетпей төрөлөт. Мисалы, Европа, АКШда жубайлар балалуу болордун алдынан ооруканага кайрылып, оорулары болсо дарыланып, анан балалуу болууга кадам ташташат. Бизде аял боюна болгондон кийин каттоого турат. Анан биз текшерип баштайбыз. Анализдин жыйынтыгы өтө начар болгондо да дарылануудан баш тарткандар бар. Көпчүлүк учурда эркектер дарылануудан качышат. "Мен дарыланбайм, таптазамын, бар өзүң дарылана бер" дешет. Аял дарыланганда эмне, кайра эле күйөөсүнөн жугат.
Боюнда бар кезде аял да, эркек да дарыланса инфекция жоголот. Инфекцияны кош бойлууларга ичүүгө боло турган дарылар менен жок кылууга болот.

  • Жыныстык жактан жугуучу оорулар: сифилис, гонорея, трихомониаз, вагиналдык гарднереллёз.
  • Алыска жол жүрүү.
  • Жатындын (аномалиясы) өзгөчө формада болушу. Жатын негизи алмурут формасында болот. Тубаса башкача формада болгондор да бар.
  • Физикалык жактан оор иш кылуу.
  • Туура эмес тамактануу.
  • Аз кандуулук.
  • Сасык тумоого кабылуу.
  • Бөйрөк оорулары.
  • Кырсыкка чалдыгуу.

Мына ушулардын негизинде эне менен түйүлдүктүн ортосунда кан айлануу бузулуп, түйүлдүккө кычкылтектин барышы начарлап, айына жетпей төрөлүү келип чыгат.

АЛСЫЗДАР КУВЕЗДЕ БАГЫЛАТ

Жаңы төрөлгөн бала өзү тамактана, дем ала албай, жылуулугун сактай албаса кувезде багылат. Кувез – жаңы туулган оор абалдагы ымыркайларды багууга ылайыкташтырылган аппарат. Бул аппарат температураны бир калыпта сактап, ымыркайга кычкылтек берет. Кувез француз тилинен которгондо "инкубатор" дегенди билдирет.

Кувезде жатканда

  • Бир суткада 8 жолу, ар бир үч саатта сүт берилет.
  • Күнүнө бир маал таразага тартылат.
  • Вена аркылуу дары-дармектер сайылат.
  • Өзү дем алып, бөтөлкө менен же эмгенге жарап калганда аппараттан чыгарылат.
  1. Ара төрөлгөн ымыркайлардын арасында тубаса дүлөй, көзү азиздер, пневмонияга чалдыккандар көп болгондуктан, айрымдар өмүр бою майып болуп калышы ыктымал.
  2. Ичеги-карын ферменттери жакшы өнүкпөгөндүктөн энесинин сүтүн да сиңире албай ичи бат көбөт. Ошондуктан сүттү аз-аздан, тез-тез берүү керек.
  3. Алсыз, иммундук, нерв, дем алуу системи жакшы өнүкпөгөндүктөн ар кандай ооруларга бат чалдыгышат.

Кувез – жаңы туулган оор абалдагы ымыркайларды багууга ылайыкташтырылган аппарат.


Сүйүн Кулматова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
altysha.kg
2016-08-01 12:29:43
Рахмаат сиздерге коп нерсени билип алдык
+6
VIK
2016-08-02 08:08:04
Рахмат
+1
Ibakova
2016-08-02 10:41:45
Ушу маалымат мурда жакшы болмок,жети айлык торолгон балам 8ге чыкты.Кеч болсо да рахмат
+2
Ais07
2016-08-02 14:13:43
Мен да узак жол журуп коюп, 7 айлык тородум 2,100гр. 14 кундо чыктык торот уйунон. Кудайга шугур, азыр балам жакшы. 2 айлык болду. Кенешиниздерге рахмат.
0
eles.rose
2016-08-04 16:08:47
Жакшы маалымат
0
Ayka1994
2016-08-06 04:42:00
Мен да 7 айлык торолгон экенмин. Апакем торот канадан чыгаарында баары
+1
№ 717, 29-июль-04-август, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан