ШААРДЫН КӨРКҮН БУЗГАН КӨРНӨК-ЖАРНАКТАР

Бизнес өнүккөнү көрнөк-жарнактардын да саны арбыды. Айрыкча Бишкек шаарында мындай жарнамаларды көчөлөрдөн кадам баскан сайын кездештиребиз. Жер жайнаган көрнөк-жарнактар калаабыздын көркүн бузуп, атүгүл таңга жуук жана кечки маалда күндүн да көзү көрүнбөй калган. Буларга ким бөгөт коё алат, ушул көйгөйдүн тегерегинде тийиштүү жооп табууга аракет кылдык.

КӨЧӨДӨГҮ КӨРНӨК-ЖАРНАКТАРДЫН КӨЙГӨЙҮ

Бишкек шаардык мэриясынын Жарнама департаментинин билдирүүсүнө таянсак, калаа ичинде жалпы 700гө жакын көрнөк-жарнактар үчүн орун бар болсо, анын бардыгы тең жеке менчик болуп саналат. Алардын арасында тамтыгы чыгып, эскирип калган жарнамалар да кездешпей койбойт. Кай бири мурдагы илингендерди албастан, үстүнө эле жаңысын илип коюшат. Ал эле эмес чала жабыштырылган жарнамалардын бир жак бөлүгү түшүп калып, кайсы көрнөк илинип турганы түшүнүксүз болуп калат. Бишкек шаардык мэриясынын Жарнама департаментинин маалыматына таянсак, бүгүнкү күндө эскилиги жеткен 48 көрнөк-жарнак орнотуучу устундар түп орду менен алынып салынган.

БАШКА ӨЛКӨЛӨРДӨ КАНДАЙ?

Дүйнө жүзүндө айлана-чөйрөгө кедергисин тийгизбеген жарнамалардын түрү кездешет. Мисалы, көпчүлүк өлкөлөрдө көрнөк-жарнактар жолду бойлой күндүн көзүн тоспостон, бийик имараттардын терезеси жок капталдарына илинет. Ал эми Орусияда метронун сыртына орнотулган 3D форматтагы көрнөк-жарнактар көп кездешет. Бул биринчиден ашыкча орунду ээлебейт жана эч кимге жолтоо болбойт. Ошондой эле эң таза мамлекеттердин бири болгон Түштүк Корея да жарнама жайгаштыруу боюнча лидерлик тепкичте турат. Башкача айтканда, корейлер көрнөктөрдү жолдун, каалгалардын бетине жайгаштырганы менен өзгөчө, айтор, Сеул шаарына туш болсоңуз сиз түстүү журналдардын ичинде жүргөндөй болосуз. Үйлөрдүн бетине, көпүрөлөргө илинген жана башка түрдөгү дүйнөдөгү креативдүү жарнамалардан биз дагы үлгү алсак жакшы болот эле.

"ИРЕТТҮҮ ШААРЫБЫЗ ИРЕНЖИТКЕН АБАЛДА"

"Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы" дегендей, борборубузда көп жылдардан бери жашаган тургундардан көчө боюндагы көрнөк-жарнактар тууралуу оюн уктук:

Гүлсара Качкынбаева,
62 жашта, Бишкек шаарынын тургуну:
– Мен Бишкекте 1972-жылдан бери жашайм. Ошондо шаар деген ушул экен деп ойлогом. Ал кезде бардык кулактандыруулар чаржайыт болбой, өзүнө гана тийиштүү жерде болчу эле. Айтып эле жүрөбүз, бирок Бишкек чындыгында бак-дарактуу, гүлзарлардан куралган жашыл шаар эле да. Учурда коом өзгөрдүбү, айтор, кенен жердин баары эле тарып бараткандай, иреттүү шаарыбыз иренжиткен абалга келип отурат. Жолдун жээгин карасаң жээкте бактар көрүнбөй эле, жалаң көрнөк-жарнактар ээлеп алган сыяктуу. Же бул шаарыбыздын заманбап көрүнүшүбү, билбейм?.. Негизи Союз убагындагы калаа менен азыркы шаарды салыштырууга болбойт. Жарнамалар жакынкы 10 жылда кескин түрдө көбөйүп кетти. Жыйынтыктап айтканда, көрнөк-жарнактар калаабыздын көркүн бир топ эле бузуп жатат. Бул биринчи жагы болсо, экинчи жагынан жарнамалар ката жазылат, кетип баратып окусаң уяласың. Ошол үчүн көрнөк-жарнактарды такыр эле такпай койсун, өзгөчө чоң көчөлөргө.
Мамат Сабыров, 54 жашта, Бишкек шаарынын тургуну:
– Биз студент кезде азыркыдай жарнамалык көрнөктөр болчу эмес, ар кайсы жерде коммунисттик партияны даңктаган саясий ураандар, жол башчылардын чоң портреттери илинип турчу. Айрыкча майрамдардын алдында көчөлөр кызыл-тазыл болуп жатып калар эле. Азыр эми рынок заманы, ошого жараша көрнөктөрдүн мазмуну да негизинен коммерциялык мүнөздө. Бирок кандай болгон күндө да жарнамалык көрнөктөр элге маалымат гана бербестен, шаарга көрк, ал эми шаар тургундарына болсо эстетикалык ырахат да тартуулап турушу керек. Ошондуктан мэриядагы тиешелүү кызматтар ушул жагын көзөмөлгө алышса жакшы болмок.

Мурун Чүй, Киев көчөлөрүнөн күндүн чыкканы менен батканы, ал эми Совет, Манас көчөлөрүнөн тоо көрүнүп турса, азыркы абал мурункудай эмес.


АКШдагы көп кабаттуу имараттын бетине жайгаштырылган көрнөк-жарнактан биз да кеңири колдонсок болчудай.


Жазгүл Кенжеева
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Бишкек шаарынын көркүн бузган көрнөк-жарнактар
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
saikalbakytovna
2016-08-01 14:43:54
Туура башка олколордон улгу алышыбыз керек шаардын коркун бузбай.
0
D.Uezalieva
2016-08-01 15:46:47
Чындыгында борборубу ирээтсиз,башаламан шаар болуп калды.Мэрия карайт деген умуттобуз???!
0
admin_superstan
2016-08-03 14:46:00
aidai271115, темадан алыс билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынган. Эскертүү!
0
№ 717, 29-июль-04-август, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан