ИЗДЕЙМ СЕНИ

"УУЛКАНДЫ ИЗДЕЙМ"

– Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Тельман айылында жашаган тайпалашым Асаналы кызы Уулканды издейм. Аны менен 2009-жылдары Ош КУУнун Социалдык колледжинин
ПОВТАС-11-09 группасында чогуу окуганбыз. Уулкан, эгерде окуп калсаң байланыш.


Бактыгүл Аттокурова, тел.: 0777 898 592


"ТАЕНЕМДИ ТАППАЙ КЕЛЕБИЗ"

– Мен таенем Аазима Кенжебаеваны издейм. Анын учурда кайда экени белгисиз. Менин билишимче, таенем жаш кезинде түрк улутундагы жигит менен сүйлөшүп жүрчү экен. Бул тууралуу ата-энеси билип, ага турмушка чыгууга каршы болуп коюшуптур. Кийин ал түрк жигитинен кош бойлуу болуп калат. 1976-жылы апамды жарык дүйнөгө алып келип, Талас районунун Конезавод (азыркы Талды-Булак) айылындагы Суусар деген кемпирге таштап, өзү жигитин көздөй чет өлкөгө кеткен дешет. Сураныч, кимдир бирөө Бекназарова Аазима Кенжебековнаны тааныса же билсе кабарлап коюңуздар.


Кененбай Кемелбеков, тел.: 0703 481 263, 0700 607 371.
kenenbai.kemelbekov@gmail.com


"МЕНИ ТӨРӨП ТАШТАП КЕТКЕН АЯЛДЫ ИЗДЕЙМ"

– Мен, Бабатаева Элвира Байышовна, 1988-жылы мени 3 күндүк кезимде бирөө Жумгал районунун Чаек айылындагы үйлөрдүн бирине таштап кетиптир. 2013-жылы баккан атамдын көзү өтүп кетти. Жаш бала менен болуп, сөөк коюуга бара албай калып, кыркылыгында бардым. Ошол жерден түшүнбөстүктөр болуп, мени менен өскөн бир туугандарым мага бакма экенимди айтышты. Ошондон бери мени төрөп таштап кеткен аял ким болду экен деген суроо тынчтык бербей келет. Эгерде ал 1988-жылы март айында Жумгал районунун Чаек айылындагы ООС деген колхоздун кампасынын жанындагы окшош салынган үйлөрдүн бирине кыз таштап кеткенин эстесе байланышып калар дедим.


Кандай маалымат болсо да мен үчүн кымбат.
Тел.: 0703 214 557


Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көр­сө­түлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 32-33-28

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 717, 29-июль-04-август, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан