ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (1-августтан 7-августка чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Сизди жеңил апта күтүп турган жок. Анткени бардыгы мурдагыдай бир калыпта. А сиз бир калыптагы жашоону жактырбайсыз, жаңылык кылууга аракет кылып секирик жасайсыз. Андыктан алдыга коюлган пландарыңызды бир сыйра тескеп, талкуулап түйшөлүүчү апта. Жеке жашооңуздагы ойлор сиз ойлогондон да жакшы жыйынтык алып келет. Сүйүктүүңүзгө болгон ишенимиңизди чочулабай эле арттыра бериңиз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Сиз үчүн өтө активдүү апта болот. Бардык тараптан досторуңуз колдоого алып, ишиңизди жеңилдетишет. Жакындарыңыздын бирине таарынычыңыз күчөп, капа болуудан да куру эмессиз. Бирок ал маселе жакшы маанай менен аяктайт. Жаңы кийим алып, гардеробуңузду бир сыйра жаңылоого жетишесиз. Кимдир бирөөгө жардам берип көңүлүн алып, ыраазычылык сөзүн угасыз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Сүйүүдө жолуңуз болот. Бойдок эгиздер болочоктогу түгөйү менен таанышып, көз караштары, ойлонуулары дал келгенине сүйүнүшөт. Ал эми үй-бүлөлүүлөрдүн сүйүүсү бекемделип, бири-бирине болгон ишеними артат. Апта ортосунда алыстан жагымсыз кабар угушуңуз мүмкүн. Анын кесепети менен апта аяктагыча маанайыңыз көтөрүлбөйт. Ал кабар маанайыңызга бир канча убакытка чейин таасир этиши ыктымал.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Сиздин жашооңузда кара сызык башталгандай болот. Бир жагынан ишиңизде жолуңуз болбой кыжалат болсоңуз, экинчи жагынан жан дүйнөңүз тумандап, бүлүк ойлордун кучагында каласыз. Бирок апта жакшы жаңылыктар менен аяктайт. Андыктан маанайыңызды чөгөрүүдөн алыс болуңуз. Ден соолугуңузга кам көрүүдөн качпаңыз. Азыр эмес, кийин дарыланам деген ойлоруңузду капка салып бууп салганыңыз жакшы.

АРСТАН (23.07-23.08)
Карьера жаатында көтөрүлүү болот. Өзүңүздүн идеяңыз менен кесиптештериңизди таң калтыра аласыз. Ойлоруңузду колдогондор сизди мурункудан да сыйлап калышат. Бирок жеке жашооңузда солгундоо башталат. Буга өзүмчүлдүгүңүз себеп экенин таптакыр моюнуңузга албайсыз. Сүйүктүүңүз таарынат, жадакалса эки ажырым жолго түшүүгө аракет кылат. Бирок сиз ага жол бербейсиз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Чыгармачыл адамдарда жакшы идеялар, келечекке мыкты ойлор жаралат. Максаттарды ишке ашырууда жалгыз экениңизди ойлоп бир аз түйшөлүшүңүз мүмкүн. Бирок баарын таштап эс алууга жөнөйсүз. Эс алуу учурунда энергия гана албастан, көп иштериңизди чечип, бүтпөй келе жаткандарын бүтүрүп да аласыз. Туугандарыңыздын ийгилиги сизге өзгөчө маанай тартуулайт.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Жеке жашооңузда олуттуу маселе жаралып, ойлоруңуз бир нечеге чачырайт. Бул ойлор сизди психологиялык жактан катуу чарчатат. Туура чечим чыгарып, жакындарыңыздын кеңеши менен кадам таштасаңыз, баары жакшы бүтөт. Досторуңуз көңүлүңүздү көтөрүүнүн аракетинде чакан майрам уюштурушат. Бирок бул да сизге жардам бере албайт. "Жамандык жалгыз келбейт" дегендей, ишиңизде да маселе жаралат.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Чарчап жүргөнүңүз менен, акча керек деп тытына бергендигиңиз ден соолугуңузга олуттуу таасир этет. Дарыгерлерге кайрыласыз. Жакындарыңыз менен жагымдуу кеч өткөрүп, көптөн берки бугуңузду чыгарып аласыз. Тааныштарыңызга ишенбөөнү жылдыздар эскертишет. Анткени алданып калышыңыз мүмкүн. Кесиптешиңиз менен кер-мур айтышыңыз ыктымал. Анын акыры бет карашпай калууга чейин алып барат.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Апта кадимки күндөрдөй эле, бардыгы өз орду менен башталат. Апта ортосунда деле жаңылык болбойт. Соңунда алыс жолго чыгышыңыз мүмкүн. Сиз кимдир бирөөгө белек бересиз, ошол эле учурда сизге да белек бергендер чыгат. Бойдоктор жаңы сүйүүгө кабылышы ыктымал. Ал сүйүүнүн аягы үй-бүлө курууга алып келиши күтүлөт. Сүйүктүүңүзгө жагам деп отуруп романтикке да айланасыз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Өтө активдүү жума. Сиздин жүзүңүздөн кубанычты да, күлкүнү да, ошол эле мезгилде кабагыңыздын түйүлгөнүн да көрүүгө болот. Жакшы жаңылык – жумушуңузда жоопкерчилигиңиз артып, бир тепкичке көтөрүлөсүз. Жагымсызы – жеке жашооңузда кризис башталат. Андыктан кризистин алдын алып, баарын туура жайгарыңыз. Кереги жок нерселерди алуудан баш тартыңыз, капчыгыңызга зыян келиши мүмкүн.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Колу туткактардан абайлаңыз. "Ууру алыстан келбейт" дегендей, жакшы көргөн буюмуңузду алдырып коюшуңуз мүмкүн. Көптөн бери көрө элек, сагынып жүргөн адамыңызга жолугасыз. Ал сизге жакшы жаңылык айтат. Жакындарыңыздын сунушу менен эмгек өргүүсүнө чыгып, чет жерге эс алууга жол тартышыңыз күтүлөт. Бул апта өмүр бою эсиңизде каларынан камсанабаңыз.

БАЛЫК(20.02-20.03)
Көптөн бери чубалып бүтпөй жүргөн иштериңиз менен алек болосуз, бирок дагы деле аягына чыкпайт. Документ иштери маселе жаратат. Маселелериңизди бүткөрүүгө тааныштарыңыздан жардам сурайсыз. Чырмалышкан иштер сизди сотко чейин алып барат. Акча жаатында дагы ойлонуулар болот. Акча канча тапсаңыз деле жугуму жок болуп жатканына кейип отуруп, депрессияга кабылышыңыз ыктымал.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 717, 29-июль-04-август, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан