Рэп ырчысы Тата Улан 2014-жылы "Ыйык-Көл" аттуу ыр чыгарып, көлдүн тазалыгын сактоого чакырган клип тарткан болчу. Патриоттук ыр менен эле чектелип калбай, ал быйыл Балыкчы шаарынын жаштары менен көл жээгиндеги таштандыларды тазалашты. "Ысык-Көл бир гана көлдүктөргө тиешелүү эмес, аны баарыбыз таза сакташыбыз керек" деп үндөгөн Тата Улан буларды кошумчалады:
– Бул иш-чараны карапайым жаштар уюштурушту. Көл баарыбыздыкы, аны сактоо баарыбызга тиешелүү. Мен атайын жаштарга дем болсун деп сахнадагы кийимим менен бардым. Уюштуруучулар мындай ишти эми эстафета кылууну чечишти. Жакында көлдүн башка район, айылдарына да жетет деп ойлойм. Эгерде эстафетанын артында саясат жок болсо, башка жерлерди тазалоого катыша берем.