«Дордой» футбол клубунун коргоочусу, «кара кыргыз» атыккан Даниэл Тего футбол боюнча Кыргызстан курама командасынын мыкты оюнчуларынын бири. Ганалык жигит кыргыз кызына үйлөнүп, ушул жылдын апрель айында кыздуу да болушкан. Африкалык жигит кыргыз кызына үйлөнгөнүн жактыра бербеген жергиликтүү көпчүлүк интернеттен түгөйлөрдүн дарегине негативдүү комментарийлерди жазып, бейтааныш эле адамдардан сөгүш уккан учурлары болуптур. Эки улуттан куралган чакан мамлекеттин ээлери Даниэл Тего менен Элнура Орозбаева үй-бүлөлүк кызыктуу жашоосу тууралуу кеп салып беришти.
– Саламатсыңарбы, эки улуттун өкүлүнөн куралган түгөйлөрдү тагдыр кантип табыштырды?
Элнура: – Даниэл экөөбүз социалдык тармактардын биринен таанышканбыз. Таанышуумдун максаты – англис тилин үйрөнүү болчу. Ошол маалда англис тили боюнча кошумча сабактарга барчумун, аны практика жүзүндө өөрчүтөйүн деп Даниэл менен сүйлөшүп баштагам. Башында жөн эле дос катары сүйлөшчүбүз, кийин гана достугубуз сүйүүгө айланып кетти.
Даниэл: – Ооба, мен орусча, Эля англисче үйрөнөлү деп таанышканбыз. Алгачкы жолугушууда курбулары менен келген. Сыягы аларга да англис тилин үйрөткүсү келген окшойт же чет өлкөлүк жигит менен жалгыз жолугушууга баргандан коркконбу...
Э.: – Негизи чет өлкөлүк жигит менен жалгыз жолугушууга баргандан чочуладым десем да болот, бирок мага баарыбыз сүйлөшкөнгө компания керек болчу, ошон үчүн курбуларымды ээрчитип алгам. Кийинки жолугушууда, тескерисинче, мен жалгыз, Даниэл бир досун ээрчитип келген. Ошентип экөөбүз 3 жылдай достоштук, мамилебиз олуттуу тепкичке көтөрүлгөндө ата-энеме айткам. Ата-энем каршы болгон жок, туура кабыл алып, "бизди жигитиң менен тааныштыр" дешти.
Д.: – Өзүм чет өлкөлүк болгондуктан Элянын ата-энеси менен таанышкандан абдан корктум. Кандай кабыл алат деп көп ойлондум. Ошон үчүн да көп жолу ата-энеси менен таанышууну "эртең, эртең таанышалычы" деп жылдыра бергем. Эля мени "эч нерсе болбойт, менин ата-энем башкалардай эмес, баарын түшүнөт" деп жатып көндүргөн. Таанышуубуз мен күткөндөн башкача болду, алар мени чет өлкөлүктөй эмес, уулу катары сый-урмат менен тосуп алганына кубандым. Азыр аларды абдан жакшы көрөм. Кайнене-кайнатам мени өз баласындай көрүшөт.
– Экөөңөр үйлөнгөндө көпчүлүк жактырбай, түрдүү кептерди айтышты, бул нерсени кандай кабыл алдыңар?
Э.: – Мен эл мынчалык терс пикирлерди айтып, негативдүү комментарийлерди жазат деп күткөн эмесмин. Башында кадимкидей ыйлагым келчү. Жолдошума эмес, жадакалса жаңы төрөлгөн кызыма да жамандык каалагандар болду. Эч ким бирөөнүн жашоосун талкуулабашы керек. Эртең өзүнүн баласы чет өлкөлүккө турмушка чыгып же үйлөнүп калышы мүмкүн.
Д.: – Убагында менин да маанайым түшкөн. Менин жашоом менен адамдардын кандай иши бар?! Жазгандар жаза берет, мага ишенген командам, жакындарым бар. Алар турганда башкалардын кеби эмне болуп калыптыр. Менин расалык өзгөчөлүгүм боюнча кемсинтүүлөрдү жубайымдын ата-энесинен уксам капа болмокмун, ал эми мен тааныбаган адамдар айтып жатканы мага баары бир. "Мүмкүн болсо интернетке кирбей, эмне жазып жатканын окубай эле кой" деп жубайыма көп айтам.
– Элнура, кайын журтуң менен таанышкансыңбы, Ганага баргансыңбы?
Э.: – Жок, азыр кичинекей кызым менен алыс жол жүрө албайм. Кызыбыз Даниэля бир аз чоңойсо, жолдошум өз мекенине алып барып келем деп жатат. Жакында эле Кыргызстанга бир тууган иниси келип кеткен. Кызымдын сүрөттөрүн, видеолорун Ганадагы туугандарга жиберип турабыз. Даниэл үйдө төрт бир туугандын улуусу, өзүнөн кичүү үч иниси бар. Атасы Ганадагы бир чоң уруунун падышасы, өзүнүн эли, жери бар. Даниэл ошол уруунун мураскери. Эки ай мурун кайнатам каза болуп калды. Алардын салты боюнча сөөктү үч айдан кийин жерге беришет экен. Атасын жерге берүү үчүн Даниэл жакында Ганага кеткенге даярданып жатат.
– Арты кайрылуу болсун! Даниэл, жубайыңыз кош бойлуу кезинде уулдуу болгуңуз келген экен...
Д.: – Ооба, уулдуу болсом экөөбүз футбол ойномокпуз. Бирок кызымды абдан жакшы көрөм. Эля экөөбүз УЗИге барганда уул болот деп үмүт кылган элем.
Э.: – Чынында абдан уулдуу болгусу келген. УЗИге ишенбей "курсагың чоңойгондо дагы келеличи, балким, уул деп калат" деп 3-4 жолу УЗИге түшкөнбүз.
– Даниэл, жубайыңыз үйдө кандай кожойке?
Д.: – Тамакты даамдуу жасайт. Айрыкча лагман менен пиццасына тойбойм. "Эмне тамак жасайын?" деп сурабайт, анткени лагман менен пиццаны өзгөчө жакшы көрөрүмдү билет.
Э.: – Даниэл үйдө бардык жумуштарды жасайт, тамак жасашат, бала карашат. Биздин ашканада биринчи тамак шорпо болсо, экинчи тамак сөзсүз ганалыктардын ашканасына таандык бир даам болот. Даниэл башкача адам. Айрыкча анын ак көңүлдүгүндө чек жок. Жардам бергенден тажабайт.
Д.: – Мени Эля "ашыкча берешенсиң, өзүңдү деле ойлобойсуңбу?" деп урушат. Мен "бай болуп эмне кылабыз, элден артта калбай жашасак болду" деп айтам.
– Футболчунун айлык акысы үй-бүлө бакканга кенен жетеби?
Э.: – Кудайга шүгүр, жетет. Учурда үй алабыз деп акча чогултуп жатабыз.
– Футболчулар чет өлкөгө машыгууга көп чыгышат, мындай учурда жалгызсырабайсыңбы кызың менен?
Э.: – Башка өлкөгө учуп кеткенде "жеттиби, жетпедиби" деп кабатыр болосуң. Кээде футболчулардын жубайлары бири-бирибиз менен сүйлөшүп, кимдин жолдошу биринчи чалды деп сурап калабыз. Оюндарда дайыма Даниэлге жан тартам, кабатыр болом, жараат алганда чогуу дарылайбыз. Былтыр Австралия менен болгон оюн абдан эмоционалдуу өткөн. Оюн бүткөндөн кийин эшикке чыгып алып кыйкыргым келген. Чет өлкөгө машыгууга кеткенде Даниэл кызымды көрөм деп скайптан байланышып, кечке интернеттен чыкпай калат.
– Даниэл, сыр болбосо кайсы динди карманасың?
Д.: – Мен негизи Ганада жашап жүргөндө христиан динин карманчумун. Кыргызстанга келгениме 9 жыл болуп калды, карасам досторумдун баары эле мечитке барышат экен. Мен да аларды ээрчип мечитке барып жүрүп, ислам динине жакын болуп кеттим. Учурда ислам динин тутунам. Эляга үйлөнгөнгө чейин эле ислам динине өткөм.
– Үй-бүлөдө казан-аяк кагышпай койбосо керек, кимиңер урушчааксыңар?
Д.: – Экөөбүздүн уруша турган маселебиз жок. Бирок мага болушуп, мени коргоп, мен үчүн жубайым көп адамдар менен урушкан. Экөөбүз сейилдеп баратканда көчөдөн элдер жаман көздөрү менен карап, Эляны урушса, алар менен айтышып кетчү. Мен жубайыма "эмне кыласың нервиңди коротуп, теңелбечи аларга" деп жубатам. Билем, баарына жага албасымды, бирок жаман адамдар бүт жерде бар. Антип айтышып отурсаң, тескерисинче, андайлардын санын көбөйтөсүң.
– Үй-бүлөңөрдүн пайдубалы бекем болсун! Маегиңерге чоң рахмат!
Лунара Бекиева
star@super.kg