СОЦТАРМАКТАРГА СҮРӨТ ЖҮКТӨӨ МОДАБЫ ЖЕ ООРУБУ?

Бүгүнкү күндө жумушта же болбосо кайсы бир жерде отуруп алып саат сайын өзүбүздү, жеген тамак-ашыбызга чейин сүрөткө тартып социалдык тармакка жүктөө, «лайк» басуу жашообуздун ажырагыс бөлүгүнө айланган. Кызыгы, Американын Психиатрия ассоциациясы бул адатты психикалык оору, селфимания, лайкомания деп эсептешет. Аталган оорулардын белгилери жана алар менен кантип күрөшүүгө болот? Психолог Гуля Акбутинанын кебине кулак салалы.

СЕЛФИ ДЕГЕН ЭМНЕ?

Бул сөз 2013-жылдан бери дүйнө жүзүндө популярдуу болуп келет. Селфи же өзүн-өзү сүрөткө тартуу башында күзгүнүн жардамы менен тартылып келсе, учурда моноподдун, селфи таякчанын жардамы менен ишке ашырылат.

СЕЛФИНИН ТҮРЛӨРҮ

  • Релфи – сүйүктүүң менен чогуу сүрөткө түшүү;
  • Лифтлук – лифттеги күзгүдөн өзүңдү тартуу;
  • Дакфейс – «өрдөк жүз» же оозун чормойтуп түшүү;
  • Белфи – өзүнүн жамбашын тартуу;
  • Шуфиз – бутун жана бут кийимин тартуу;
  • Экстрим-селфи – бийик имараттарда, аска сыяктуу кооптуу жайларда жана спорттун экстремалдык түрлөрүндө сүрөткө түшүү.

СЕЛФИМАНИЯНЫН БЕЛГИЛЕРИ

  • Адам атайын даярданып өзүн күнүнө жок дегенде 3 жолудан ашык тартып, социалдык тармактарга жүктөйт.
  • Жүктөп гана тим болбостон, ага басылган «лайкка», астына калтырылган комментарийлерге кызыгат.
  • Адам менен баарлашууну унутуп, планшет, телефон менен достошуп калат
  • Телефонунун кубаты өчсө же бузулса, оюндагыдай сүрөт тарта албаса агрессивдүү боло баштайт.

СЕЛФИНИН ТЕРС ЖАКТАРЫ

  • Убакытты алат. Мисалы, ойдогудай селфи тартып, аны иштеп чыгып жүктөп, ага комментарий жазууга бир топ убакыт кетет.
  • Көбүнчө «мен тамак ичип жатам», «бүгүн таттуу токоч жасадым», «клубда эс алуудамын» сыяктуу жеңил-желпи пикир жазылып жүктөлгөн сүрөттөр. Ошол себептүү адамдар кызыктуу сүрөткө түшүү үчүн ар кайсы жерлерге барып акча коротушат.
  • Негизги жумушуңдан алаксытат, унутчаактыкка алып келет.
  • Чыныгы жашоодо эл менен баарлашуу токтойт. Мунун айынан сөз байлыгың азаят.
  • Тарттың, жүктөдүң. Демек, ойлоо жөндөмдүүлүгүң начарлайт.
  • Угуу, кармап көрүү сезимдеринин иштешин начарлатат.
  • Бара-бара адамдын жан дүйнөсү жалгыздыктан жапа чегет.
  • Колдонуучу үчүн өзүнүн жарыялагандарына, сүрөттөрүнө, комментарийлерине көбүрөөк «лайк» алуу абдан маанилүү. Жыйынтыгында коомдо жаңы психологиялык оору, тактап айтканда, «лайкомания» пайда болот. Эгер эч ким «жакты» белгисин баспаса игнорофобияны, терс пикирлер селфифобияны жаратышы толук мүмкүн.

СЕЛФИНИН ОҢ ЖАКТАРЫ

  • Чыгармачылыгыңды өстүрөт. Анткени сүрөткө коюлган «лайктар» сахнага чыкканда көрүүчүлөрдүн кол чабуусуна окшошот. «Эгер кимдир бирөө мага «лайк» берсе, демек, ага менин кылган нерселерим жагат» дегенди туюнтат.
  • Реалдуу жашоону виртуалдык жашоого алмаштыра алат.
  • Сүрөттөрдү жүктөө аркылуу досторуң, жакындарың менен жаңылыктарыңды, ар кандай кызыктуу маалыматтарды бөлүшө аласың.
  • Жаңы адамдар менен таанышууга шарт түзүлөт.
  • Уникалдуу сүрөт жүктөө менен колдонуучу топтоп, анын негизинде акча табууга болот. Мисалы, белгилүү бренддерди жарнамалоо.

ДАРЫЛОО

Негизинен селфиманияга өспүрүм курактагылар көп кабылышат. Анткени бул куракта «мен-мен» деген сезим жакшы өнүккөн учур болот. Бул оорудан арылуу үчүн жок дегенде 6 ай талап кылынат.

  • Эмнеге селфи жасоо адат болгонун аныктоо керек. Жабырлануучу менен маектешип, ички дүйнөсүн билүү зарыл.
  • Адамды реалдуу жашоого тартуу керек, андагы жаңы нерселерге кызыктырууну күчөтүү кажет.
  • Телефон, фотоаппараттын ордуна калем сап, блокнот берүү туура.
  • Албетте, сүрөт тартууга мүмкүнчүлүк берүү шарт, бирок күнүнө 1 гана кадр.
  • Активдүү эс алуу менен алаксытуу керек, мисалы, спорттун түрлөрү, бий сыяктуу.

БАРАКЧАҢ МҮНӨЗҮҢДӨН КАБАР БЕРЕТ

Психологдор «өздүк баракчага жүктөлгөн сүрөттөр ээсинин мүнөзүн жана белгилүү бир убакыттагы жан дүйнөсүнүн абалын чагылдырып бере алат» дешет. Келгиле, виртуалдык альбомубузду барактап, кандай адам экенибизди аныктап алалы.

Жалгыз түшкөн сүрөтүн көп жүктөгөн адамдар чыныгы жүзүн ачуудан коркпогон, өзүн кандай болсо ошондой кабыл алгандар. Булар кемчиликтерин жашыруудан тартынышпайт, же тескерисинче, сулуулугун, келбетин, жетишкендиктерин баса белгилеп көрсөткүсү келгендер.


Балдарынын сүрөтүн көп жүктөгөндөр бардык нерсе экинчи планда, балдарым менин бактым дегендер болушат.


Баракчанын басымдуу бөлүгүн жакындарынын, досторунун сүрөтү ээлеген колдонуучулар жалгыздыктан корккондор.


Анекдот, тамаша, афоризмдерди көп жүктөгөн колдонуучу өзүнө тарткысы келет. Бул адамдар жашоодо акылдуу, көп нерсени билүүгө кызыккандар. Алар менен маектешүү да кызыктуу.


Өздүк баракчасы бош, 2-3 сүрөт жүктөлгөн адам жалкоо, түнт, көп ачыла бербеген адамдай көрүнөт. Чындыгында андай эмес. Мындай баракчанын ээси эмгекчил, туруктуу бир нерсе менен алек болгон адам. Ал виртуалдык эмес, чыныгы жашоону баалайт.


Кымбат унаалар, таңгак-таңгак акчалар, кымбат асем буюмдардын сүрөттөрүнө толгон баракчанын кожоюну өзүн башкалардан өзгөчө жакшы көрөт, байлыкка, ийгиликке умтулгандар болушат.


Жумуш ордунда, кабинетте түшкөн расмий сүрөттүн ээси өзүнө толук ишеним арта элек колдонуучу.


Жаратылыштын сүрөтүн көп жүктөгөндөр тынч жашоону самагандар.


Тамак-аш, идиш-аяк, гезит-журнал, музыкалык аспап сыяктуу сүрөттөрү көп баракча ээсинин ошол нерсеге болгон кызыгуусунан, максатынан, хоббисинен кабар берет.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (40)
aikokul14
2016-08-01 17:59:54
Оозун чормойтуп тушкон кыздар,тез эле эриндердин айланасына тырыш тушот.
+6
sumaya
2016-08-01 18:34:53
Менин баракчамда да 2 гана сурот бар, демек мен да эмгекчилмин...)))
+2
Nazikbaigazy
2016-08-02 01:30:01
Анжелика мн Аселге кудай бергенда эрте мн ордунан туруп еле, кечинде укташканча тушуп жуктойт, анан силерден кайдан Жакшы ыр жаралсын
+5
Atlantic
2016-08-02 03:20:32
Бир айда бир тушуп койгон жетишет
+1
Labadax
2016-08-02 08:45:57
Ырчы кыз Эльзар Осконбаева да суротту кун алыс ОК жуктоп турат,мен ойлойум анча ооруй элек деп.
+1
Saulema
2016-08-03 13:59:47
Жакшы
+1
rozka
2016-08-03 16:25:47
Мен да суротко тушконду жакшы кором)
+1
saltanat.
2016-08-05 01:12:36
Майрамдарда гана)))
0
Meerman
2016-08-05 13:10:14
Men 2
0
Asel.janygulova
2016-08-05 23:52:31
Surotko kop tuwkon jaga berbeit
0
98.doni
2016-08-06 11:09:05
Озуму коргондон уялам
0
abdujafar
2016-08-06 18:44:17
Кудайга шугур мен оруубайм
0
abdujafar
2016-08-06 18:46:17
Мага да
0
Ananai
2016-08-06 21:56:52
Мен да убагында ооруп журдум эле!Селфи жасайм деп крышадан учуп олгондорду угуп алып журогум оозума тыгыла жаздап аран озумо келгем!
0
zheko
2016-08-07 15:26:16
Оору деп эсептесе болот, интернет коп адамдарды ажыраштырды, жалган дуйно, жашоо деп ойлойм, бирок бул менин жекече оюм.
0
№ 717, 29-июль-04-август, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан