БАШ МЫЙЗАМДЫ ӨЗГӨРТҮҮ БОЮНЧА РЕФЕРЕНДУМ КҮЗҮНДӨ ӨТӨБҮ?

Жогорку Кеңештеги КСДП, «Республика-Ата Журт», «Өнүгүү-Прогресс» жана «Кыргызстан» фракциялары Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өткөрүүнү сунуштап жатышат. Тиешелүү мыйзам долбоорлору жакынкы күндөрү парламенттин сайтында коомдук талкууга чыгарылмакчы. Коомдук талкуудан кийин демилг е Жогорку Кеңеште каралып, референдум ушул жылдын күз мезгилинде өткөрүлөрү айтылууда.
27-июлда КСДПнын лидери Иса Өмүркулов менен Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековдун колу коюлган иш кагазы социалдык тармактарга тарап кетип, кызуу талкууга алынган болчу. Документте Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча сөз болгон.
Андан бир күн мурун, 26-июлда, «Русская планета» порталы өзүнүн булактарына таянуу менен «Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнү парламенттик республикага айланта турган өзгөртүүнү Баш мыйзамга киргизүү боюнча чечим кабыл алып, аны менен жакынкы 4 жылда премьер-министр катары мамлекет башчы болгону жатат» деген божомолун жазып чыккан.
Ал эми өткөн жылы президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин VI чакырылышына шайланып келген депутаттардын ант берүүсүндө аларга минтип кайрылган: «Президенттин укугун азайтып, накта парламенттик башкарууга өтүп башташыбыз керек. Жогорку Кеңеш бул маселени абдан кылдаттык менен изилдеп, анан элдин талкуусуна коюшу зарыл».
Минтип мамлекет башчынын айтылган сөзү бир жылдан кийин Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумга жетелеп бара жатат. 2020-жылга чейин Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө мораторий жарыяланганына карабай, Убактылуу өкмөт кабыл алган декретке ылайык, Жогорку Кеңеш депутаттарынын 2/3 бөлүгүнүн макулдугу менен референдум өткөрүүнү демилгелеп чыга алат. 1993-жылдан берки 23 жылдын ичинде 1994, 1996, 1998, 2003, 2006-жылы эки ирет, 2007-жылы Конституцияга толуктоо, өзгөртүүлөр киргизилип, азыр 2010-жылдын 27-июнунда кабыл алынган Баш мыйзам менен жашап жатабыз. Аскар Акаевдин тушунда 4 жолу өзгөргөн Конституция бир гана президенттик бийликти бекемдөө үчүн багытталган. Курманбек Бакиевдин мезгилинде деле Баш мыйзамдын айынан ызы-чуу бүтпөй, соңунда Бакиев өзүнө ыңгайлаштырып супер президенттик Конституцияга ээ болгон. Бирок бул иштеринин аягы Апрель окуясы жана анын бийликтен куулушу менен жыйынтыкталды.
Баш мыйзамды улам өзгөртө берүү эгемендүү Кыргызстандын тарыхында жемиштүү жыйынтык бербей келет. Негизги мыйзамды улам бир жакка чоюп өзгөртө берүү коомчулукта мыйзамды сыйлабастыкка, бийлигиң болсо өзгөртүп алууга болот деген залалдуу түшүнүккө алып келет. Ошол мыйзамдар аткарылып жатабы-жокпу, мына ушул жагдай баарынан маанилүү.

Адилет
Керимбек уулу
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 717, 29-июль-04-август, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан