27-июль күнү Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов кызматынан бошотулду. Ал кызматтык милдеттерин аткаруудагы кемчиликтери үчүн 16-июлда өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков тарабынан сөгүш алган болчу. 2014-жылы министр болуп дайындалган белгилүү режиссёр эми чыгармачылык менен алектенерин айтып жатат. Аталган министрликтин милдетин аткаруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Эл артисти Түгөлбай Казаков дайындалды.
Өкмөттөгү өзгөрүүлөр муну менен аяктап калбайт. 25-июль күнү Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын башчысы Бактыбек Аширов бошотулуп, ордуна Айбек Кадыралиев дайындалды. Эртеси, 26-июлда, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын башчылыгынан Алик Мамыркулов бошотулуп, ордуна Таалайбек Жапаров дайындалды.
Адилет
Керимбек уулу
politika@super.kg