ТҮРК ЛИЦЕЙЛЕРИНИН АЙЫНАН БИШКЕК МЕНЕН АНКАРА БЕТ КАРАШПАЙ КАЛАБЫ?

Түркиядагы аскердик төңкөрүш кылуу аракетинин кесепеттери эми билине баштады. Аталган козголоңдун башкы уюштуруучусу катары Фетхуллах Гүлендин айыпталуусу менен Түркия бул адам менен катышы барлардан тазаланып жатат. «Гүленчилерден тазалануу» чакырыгы 26-июлда кыргыз мамлекетине да жетип, аталган өлкөнүн тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу «Кыргыз жеринде Фетхуллах Гүлендин уюмдарына болгон көз караш өзгөрбөсө, биздин мамилебиз да өзгөрүшү мүмкүн» деп билдирген. Эске салсак, диний аалым Фетхуллах Гүлен негиздеген Эл аралык «Себат» лицейлер тармагы кыргыз жеринде баштапкы класс үчүн 9, орто билим үчүн 16, эки эл аралык мектеп жана бир университет ишмердүүлүгүн жүргүзөт.
Ал эми бул билдирүү боюнча өлкөбүздүн Тышкы иштер министрлиги: «Кайсы бир өлкөнүн тышкы иштер министринин башка бир мамлекетке кандайдыр бир чара көрүү зарылчылыгын, ультиматум аркылуу айтылган билдирүүсүн туура эмес деп эсептейбиз»,- деп жооп берди. Соңку окуя боюнча тарыхый тыгыз байланышы бар кыргыз-түрк көз караштары дал келбей, мамилелер жакынкы аралыкта кандай жолго бурулары суроо жаратууда.


Адилет
Керимбек уулу
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 717, 29-июль-04-август, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан