«ЖЕТКИЛИКТҮҮ ТУРАК ЖАЙ» ПРОГРАММАСЫ ЖЕТКИЛИКТҮҮ БОЛБОЙ ЖАТАТ

Өкмөттүн «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» программасына ылайык, 2015-жылдын декабрь айынан тарта «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКсы иштеп баштаган. Аталган мекеменин башкы максаты – кыргызстандык жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу. Бирок азыркы учурда 1 жылга жетпеген убакыттын аралыгында 5 миңге чукул жаран ипотекалык турак жай алууга билдирүү тапшырган. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев 26-июль күнү «Жеткиликтүү турак жай» программасы айлыгы аздарга кол жеткис бойдон калып жаткандыгын билдирди. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкармалыгынын төрагасы Бактыбек Шамкеев мекеменин ишмердүүлүгүнө аз гана убакыт болгонун белгиледи. «Долбоорду жүзөгө ашыруу өткөн жылдын декабрь айында башталса, аймактарда 2016-жылдын 25-мартында гана ипотека берилип баштады. Учурда билдирүүлөр Бишкек менен Ош шаарынан эң көп түшүп, 27ден ипотекалык насыя берилди. Учурда республиканын бардык аймактарына жалпы 126 миллион сомго 132 ипотекалык насыя берилди»,- деди Шамкеев.

Адилет
Керимбек уулу
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 717, 29-июль-04-август, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан