Кыргыз Республикасынын Олимпиадага барчу делегациясы бекитилип, анда жалпы 19 спортчу, 16 машыктыруучу, 2 спарринг-өнөктөш, 3 дарыгер, 1 калыс, 1 журналист кирген. Мындан тышкары Улуттук Олимпиада комитетинин жетекчиси Шаршенбек Абдыкеримов, 1980-жылы Олимпиада чемпиону болгон Каныбек Осмоналиев жана жалпы делегацияны Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин башчысы Канат Аманкулов жетектейт.
26-июль күнү өлкө президенти Алмазбек Атамбаев баш болуп кыргыз спортчуларын Бразилияга узатышты. 27-июль күнү спортчулардан алгачкысы болуп жеңил атлетчилер менен сууда сүзүү боюнча катышуучулар Риого жөнөп кетишти. Алтын медаль алган спортчуга өкмөт тарабынан 7 миллион сом, күмүш 5 миллион сом жана коло байге ээсине 3,5 миллион сом ыйгарылат. Муну менен катар медалга илинген спортчуларга Бишкек мэри Албек Ибраимов батир убада кылса, УОК тарабынан унаа берилет.
Адилет
Керимбек уулу
politika@super.kg