27-июлда өлкөбүздүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин сайты хакердик чабуулга кабылды. Анда сайтты ачканда «Күрд хакерлери» деген жазуу чыгып, куралчан адамдын элеси түшүрүлгөн сүрөт пайда болгон. УКМКнын басма сөз кызматы: «УКМКнын расмий сайтына хакерлер тарабынан чабуул болду. Ошол замат сайт биз тараптан атайын жабылган. Учурда чабуул ким тарабынан жасалгандыгы тууралуу иликтөө иштери жүрүүдө»,- деп билдиришти. 28-июлга карата сайт иштебей турат.
Бул өлкөбүздүн мамлекеттик органдарынын сайттарына карата болгон биринчи хакердик чабуул эмес. Мындай жагдайдын кайталануусу технологиянын өнүгүшү менен замандын талабына ылайык маалыматты сактоо керектигин дагы бир ирет эскертти.
Адилет
Керимбек уулу
politika@super.kg