26-июлда Аксы районундагы АСФАЛЬТ-БЕТОН ЗАВОДУ иштеп баштады.
Жергиликтүү укук коргоо уюмдарынын билдирүүсү боюнча, өлкөбүздө жылына 12 МИҢДЕЙ КЫЗ АЛА КАЧУУГА туш болот. Алардын 2 миңге жакыны сексуалдык зордук-зомбулукка кабылышкан.
Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жаңы жетекчиси болуп КАНАТ ЖУМАГАЗИЕВ дайындалды.
Мамлекеттик каттоо кызматынын билдирүүсү боюнча эми кыргыз өлкөсүнүн жарандары паспорт алуу үчүн ӨЗҮ КАТТАЛГАН АЙМАКТАН БАШКА ЖЕРЛЕРДЕ да документ тапшыра алышат.
1-октябрдан тарта өлкөбүздө ПЕНСИЯЛЫК ТӨЛӨМДӨР 10 пайызга жогорулайт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Мухаметкалый Абулгазиев билдирди.
Кыргыз өлкөсүнүн discoverkyrgyzstan.org ТУРИСТТИК САЙТЫ ишке кирди. Бул сайт аркылуу каалоочулар өлкөбүзгө кантип жетүүдөн тарта кызыктуу жайлары, туристтик маршруттар жана башка керектүү маалыматтарды ала алышат.
Ажылык үчүн Кыргыз Республикасына 3685 КВОТА берилсе, өлкө боюнча 4692 каалоочу билдирүү тапшырган. Өткөн жылга салыштырмалуу ажылык сапар үчүн болгон баа 50 АКШ долларына жогорулап, жалпы 2600 долларды түздү.
Кыргыз жергесиндеги ички мигранттар барган жеринде 45 күндөн ашуун убакытка кала турган болсо, 5 күндүн ичинде жергиликтүү каттоо кызматына КАТТООГО турууга милдеттендирилет.
Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, 6 айдын жыйынтыгы боюнча БЮДЖЕТ тартыштыгы 13 миллиард 547 миллион сомду түзөт.
Internet Live Stats сайтынын рейтингине таянсак, кыргыз өлкөсүндөгү ИНТЕРНЕТ КОЛДОНУУЧУЛАРДЫН саны 2 миллион 76 миң кишиге жакын.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.