Окурмандардан келген суроолорго "Green Cliniс" медициналык борборунун стоматологу Жанар Асанбаев жооп берет.
"ТИШИМДИН АРАЛАРЫ АЧЫК"
– Тишимдин аралары ачык, эмне тамак жебейин, нан жесем да тыгылып калат. Анан аны жип же целлофандын четинен айрып алып чыгарам. Тиш чукугуч менен чыгара албайм. Бул зыян эмеспи?
Актан, Балыкчы
-Негизи эки тиштин ортосу ачык болот. Кадимки кийим тигүүдө колдонулган жиптер менен калдыктарды алууга болот. Бирок колдон келсе калдыктарды чыгарууга ылайыкталган атайын медициналык жиптерди колдонуңуз. Целлофан болбойт, анткени ал эки тиштин ортосунда калып калышы мүмкүн. Ал калдыктардан улам тиштер саргаят, курт түшөт.
"ТИШ МЕНЕН ПЛОМБАНЫН ОРТОСУНДА СЫЗЫК БАР"
– Менин бир тишимде пломба менен тиштин ортосунда күрөң сызык бар. Пломба коюлган башка тиштерим андай эмес. Эмнеден улам ушундай, менимче, дарыгердин катасы.
Гүлзина, Бишкек
-Ооба, бул стоматологдун катасы. Тиштин курт жеген көңдөйүн жакшы тазалабай койгон же пломбанын түсүн туура эмес тандаган.
"ТИШТИ ЭРТЕҢ МЕНЕНКИ ТАМАКТАН КИЙИН ЖУУШ КЕРЕКПИ?"
– Мен тишимди кечинде, анан эртең мененки тамактан кийин жуучумун. Бирок жакында бир таанышымдан "эртең менен тура калып тишти жууган туура, анткени түнү менен тишке микробдор топтолуп калат, ошону эртең менен биз жеп алат экенбиз" деп уктум.
Атыр, Бишкек
-Кечкисин жатардын алдында жууган туура, ал эми эртең мененкисин тамак ичкенге чейин жууш керек. Чынында, эртең менен микробдор тишке топтолуп калат. Тишти жуугандан кийин 10-15 мүнөт өткөн соң тамактануу талапка ылайык.
"МАЙДА ТИШТЕРДИ ЧОҢОЙТУУГА БОЛОБУ?"
– Менин тиштерим тубаса эле майда, чоңойтсо болобу?
Рыскүл, Нарын
-Эгер тубаса майда болсо аны чоңойтуу мүмкүн эмес. Эгер бир-экөө сынып калып кичирейсе, албетте, аны башка тиштерге теңеп коюуга болот.
Ар кайсы тармактагы адистерден кеңеш алгыңыз келсе, суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.
Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg