Либидо – сексуалдык каалоо. Ал сулуулукту жана жаштыкты сактоочу табигый ыкма. Бирок айрымдарда сексуалдык каалоо басаңдап же жоголуп кетет. Бул эмнеден? Каалоону кантип арттырууга болот? Суроолорго жоопту төмөнкү макаладан табыңыз.
СЕКСУАЛДЫК КААЛООНУН ЖОГОЛУШУНУН СЕБЕПТЕРИ
1. Физиологиялык себептери:
2. Психологиялык себептери:
1.Позитивдүү маанайда жүрүңүз. Узакка созулган стресс секстин эң башкы душманы болуп саналат. Андыктан жакшы ойлорду ойлоп, маанайды көтөрүп, стресстин эң төмөнкү баскычында жүрүүгө аракеттениңиз. Мындан сырткары жыт жана үн терапиялары сексуалдык каалооңузду арттыруунун бир жолу экенин эске алып, сезүү, көрүү, угуу органдарыңызды болушунча иштетиңиз. Мисалы, жактырган атырыңызды жыттаңыз, жактырган музыкаңызды угуңуз дегендей.
2.Бий, йога менен машыгыңыз. Биринчиден, булар сизге ашыкча энергия топтоого көмөктөшөт. Албетте, ашыкча энергия сексуалдык каалоону жогорулатары талашсыз. Экинчиден, кыймылдабаган жоон сан жана кысылган жамбаш сөөгү сексуалдык каалоону жоготот жана оргазм алуу да кыйынга турат. Андыктан жамбашыңызды кыймылга келтирип, келишимдүү келбетке жана болуп көрбөгөндөй оргазмга жетиңиз.
3.Мамилени бекемдеңиз. Эгер күйөөңүз экөөңүздөрдүн ортодогу мамиле "5" болсо, анда бул пункттан секирип өтүп кете берсеңиз болот. Эгер солгундап турса, анда биринчи кезекте ортодогу мамилени жөнгө салыңыз. "Көңүлү жоктун бергени курусун" дегендей, мамилесиз көңүлдөгүдөй төшөк оюну болбой турганы баарыбызга эле маалым.
4.Өзүңүздү сүйүңүз, баалаңыз. Мына кызык! Көрсө, сексуалдык каалоону күчөтүү үчүн өзүбүздү сүйүшүбүз да керек экен. Чындыгында айрымдар өз келбетине нааразы болуп, тартынышат. Мындан ары бул жоругуңузду таштаңыз да, өзүңүздү баалоого өтүңүз. Күзгүгө каранып, келбетиңиздеги артыкчылыктарды көрө билгенге үйрөнүңүз, кемчиликтериңиздин үстүнөн иштеп, сексуалдуу көрүнүүгө аракеттениңиз.
5.Туура тамактаныңыз. Курамында Е, С, А, В, В6 витаминдери жана цинк, аргинин, октакосанол, бета-каротин заттары бар азыктар, табигый кошулмалар сексуалдык дареметти жогорулатат. Өзүңүз эле жей бербестен, өнөктөшүңүзгө берүүнү да унутпаңыз. Анткени мындай азыктар (сельдерей, банан, авокадо, жаңгак, шабдалы, кулпунай, жумуртка, боор, сарымсак, ашкабак жана шоколад) бел суунун көбөйүшүн, сперматозоиддердин кыймылдуу болушун, тестостерондун көбүрөөк иштелип чыгышын шарттайт.
6.Атайын курстарга жазылыңыз. "Жаңы нерсени үйрөнүү эч убакта кеч эмес" дегендей, атайын интимдик жашоону үйрөтүүчү курстарга катышыңыз. Үйрөнгөн нерсеңизди өнөктөшүңүз менен талкуулап, практика жүзүндө текшерип көрүңүз. Төшөк оюну тууралуу сүйлөшүү үчүн атайын убакыт таап, ачык сүйлөшүңүз.
7.Дарыгерге кайрылыңыз. Сизде баары жакшы, бирок сексуалдык каалооңуз жок. Анда тезинен эндокринологго кайрылыңыз. Балким, организмиңиз гормоналдык бузулууга дуушар болгондур. Эртең, бүрсүгүнү деп убакытты создуктурбаңыз. Көпчүлүк мырзаларга төшөксүз жашоо кызыксыз экенин эске алып, күйөөңүздүн абалын да ойлой жүрүңүз.
Реалдуу жыйынтыкка ээ болуш үчүн реалдуу күч жана убакыт керек. Жогоруда айтылган кеңештер жакшы жыйынтык гана бербестен, процесс учурунда жакшы маанай тартуулайт. Андыктан чамдаңыз!
Астра Айдарова
erotika@super.kg