АЯЛ ДЕБЕ, АЯЛДЫН БИЛ КАДЫРЫН...

Бар болгула, аялзаты!

"Аял дебе, аялдын бил түйшүгүн,
Балдарым деп тынбай чапкан күн-түнүн.
Түндүк болсо биздин жашоо илинген,
Аял анын тиреп турган түркүгү..." Ооба, аялдын жашоодогу ролу айтып бүткүс дастан. Ал кандай гана кесипти аркалабасын, баары бир үйдө кожойке, эне жана сүйүктүү жар.

ЖКнын ТАЗАЛЫГЫН ЖАНА ТАРТИБИН САКТАГАН
РОЗА АБДЫРАИМОВА
ЖКнын депутаты Роза Абдыраимова жаңы аткан таңын неберелери менен чай ичүүдөн баштайт. Депутат андан кийин неберелеринин бал тилине чөмүлүп бакчага кантип жеткенин байкабай калат да, ишине сапар алат. Күн тартибине коюлган маселелерди талкулоого катышып, эл үчүн ак кызматын кылган айым жумушу бүткөндөн кийин үйүнө барса тамагы даяр. Дасторкон үстүндө жан шериги, бала-чакасы менен болуп өткөн окуялар туурасында маектешет.
Эки келини жумушунан бошобой кеч келгенде Роза айым кайненелик кылыгын көрсөтпөй, тескерисинче, тамак жасап, аларды күтүп алат. Мына сага бийликтеги кайнене! Ал: “Илгери менин кайненемдин "келинге кошомат кылыш керек" деген сөздөрү эсиме сиңип калган экен. Аларга аял катары түшүнүү менен мамиле кылууга аракеттенем. Кемчилик болсо керегеге айтымыш болуп жеткирем. Билбегенин үйрөтүп коюу менин милдетим”,- дейт.
Абдыраимова үйү жыйналбай калса келиндерине жаңжал салып, эч качан чыр чыгарбайт. Бошобой жатса, үй жыйноочуларды чакырып кызматына төлөп, маселени чечип коёт.
Роза Асановна “аял жок жерде элдин да, жердин да көркү жок” деген кепке толук кошулат. Аялзатын дүйнөнүн уюткусу деген Роза айым: “Жашоону аялсыз элестетүүгө мүмкүн эмес, ансыз хаос жашоо болушу ыктымал”,- дейт. Ал эми ЖКда да аялдын ролу чоң. "Бийликтеги аял жок эле дегенде тазалыкты жана тартипти көзөмөлгө алат" деп эсептейт.

ЖАШООНУ АЯЛСЫЗ ЭЛЕСТЕТҮҮ КЫЙЫН
8-Март – Аялдардын эл аралык майрамы. Бул майрам быйыл 100-ирет белгиленет. Айымдардын майрамы жаздын башталышы менен катар болгондуктан, муну да жаңы жашоонун башаты катары кабылдоого болот. Себеби аял бул дүйнөгө жаңы жашоо алып келет. Ал – үйдүн куту, шам чырагы, жылуулук илеби. Аларсыз өмүрдү элестетүү кыйын. Бүгүнкү күндө коомдо аялзаты жок жерди элестетүү мүмкүн эмес. Ансыз жашоо токтоп калчудай туюлат. Аялзатын кайсы тармакта көрбөйлү ал өз ишин керек болсо эркектен да мыкты аткарып, бардык нерсе колунан келерин далилдеп келет.
"Аялдын милдети – үйдө бала багып, иштен кайткан жолдошун ысык тамагы, жылуу маанайы менен тосуп алуу” деген түшүнүк каныбызга сиңип калган. Бирок “элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы” демекчи, убакыттын өтүшү менен заман өзгөрүп, аялзаты бардык тармакта иштөөгө көнүп барат. Демек, анын орду үй-бүлөдө да, коомдо да чоң.
Бүгүн биз далил катары төрт чөйрө­дө кызмат аткарган төрт айымды алдык. Бири Жогорку Кеңеште, экинчиси базарда, үчүнчүсү медицинада, төртүнчүсү айдоочулук кызматта. Алар биринен-бири калышпаган мыкты айымдар.

15 ЖЫЛДАН БЕРИ ТРОЛЛЕЙБУС АЙДАГАН АСЫЛ ТОКТОРБАЕВА
Бир кезде троллейбус айдаган айымды кез­деш­тирүү сейрек көрүнүш болчу. Токторбаева Асыл Бишкектеги №4-троллейбустун айдоочусу. 15 жылдан бери студенттер айтмакчы, “лимузиндин” биринин рулу ушул айымдын колунда.
Төрт жыл мурун жолдошунан ажырап, төрт баланы багуу толугу менен Асыл айымдын моюнуна жүктөлгөн. Асыл айым жумушун оор деп эсептебейт. Күндө жүргүнчүлөрдү өз убагында жеткирүү менен, кайсы бир иштин илгерилешине көмөктөш болуунун өзү бакыт деп келет.
Токторбаева кичинесинде башкаруучу болом деп кыялданчу. Бирок рулду башкаруучу эмес, сот кызматкери болом дечү. Тагдырдын буйругу каарманыбызды ушул кесипке алып келген.
Борборубуздун кең жолдорун аралаган “Лимузиндин” айдоочусу жумушунда түрдүү окуяларга кабыларын айтып өттү. Ал 8-Март майрамына байланыштуу бир окуяны айтып жыргап да алды. “Бир жолу аялдамалардын биринде колуна кучак гүл кармап орус улутундагы мырза турат. Ал мага “сизди көптөн бери жактырып жүрөм, майрамдык шылтоо менен куттуктап коюуга уруксат этиңиз!” деп кайра-кайра айтты. Мен болсо бүлөлүүмүн деп араң кутулгам. Ошол эле учурда тилдеп, сөгүп кеткен жүргүнчүлөр да жок эмес. Алардын уяты өздөрүндө калсын деп коём”.
Токторбаеванын балдары дайыма апасын аяп жумуштан келгиче тамак жасап, үй тазалап, өз кийимдерин жууп коюшат. Ушундай алтын балдарына эл катары билим берүүгө аракеттенген Асыл айымды мыкты аял дебеске арга жок.

КИНДИК ЭНЕ АЙНУРА ТОКТАЛИЕВА
34 жаштагы Токталиева Айнуранын бул кесипти аркалаганына 10 жылга жакындап калды. Кичинесинде экономист болом деп жүргөн Айнура ЖОЖго тапшыруу алдында кыялын 180 градуска буруп, медицина тармагын тандайт. Буга анын таежеси түрткү болгонун баса белгилейт. Киндик эненин айтымында, ар бир ымыркайдын жарык дүйнөгө жаралуусуна ортоктош болуу бул чексиз бакыт. Наристе деген жердеги периште. Андан аруулуктун, тазалыктын нуру чачырап турат. Айнура айым: “Бала көбүнчө түндө төрөлөт. Кезегим түнкүгө келип калса, кирпик какпай өткөрөм. Кээ бирөөлөр үчүн бул жат көрүнүш болсо, биз үчүн көнүмүш”,- дейт. Жумушунда эң сүйүнүчтүү мүнөтү – ден соолугу чың төрөлгөн наристенин чыңырып ыйлашы. Кээде булар мындай мүнөткө күбө болбой да калышат. Ымыркай же энеси кайсы бир себептер менен көз жумса, анын жакындары эң биринчи төрөткөн айымды күнөөлөшөт. Ошондуктан ишинен калпыс нерсе кетпес үчүн так иштөөгө даяр.
Акушер айым жумушун биринчи орунга коюп келет. Башкача айтканда, кесибин өзгөчө сүйөт, ардактайт жана ушул жумушту тандаганына сыймыктанат. Айымдын толук бактылуу болуусуна жан шерик гана жетишпейт. Кудайдын буюрган күнү өзү да эне бактысына ээ болуп, бала жытын искечү мүнөттөрдү күтүп келет.
Айнура өткөн жылы кезеги келип калгандыктан, 8-Март майрамын жумушта белгилеген. Ал майрам кесиптешинин белек кылган кызыл-тазыл жоогазындары менен эсинде калган.

БАЗАРДЫ ИЙНЕ-ЖИБИНЕ ЧЕЙИН БИЛГЕН ФАРИДА ЖОЛДОШОВА
Азыр кимдин капчыгынан акча үзүлбөйт? Албетте, базарда соода кылгандардын. Бирок алар канчалаган азап-кайгынын туткуну. Жайында күндүн ысыгына күйүп, кышында суукка тоңгон мээнеткеч аялдар дал ошол базарда. Базарда иши жүрүшүп, бутуна туруп калгандар бир топ болсо, жаңыдан соодага аралашып жүргөндөрү дагы бир топ. Ошол эле учурда көп акчага күйүп кеткени да жок эмес.
Фарида Жолдошова 15 жылдан бери соода тармагында иштеп, ийне-жибине чейин мыкты билгендердин катарында. Жаш үй-бүлө учурунда иш издеп Ноокат районунан баш калаабызга көчүп келген.
Фарида эже жакында 50 жашка чыгат. Төрт кыз, эки эркектин энеси. Бир кезде үй жумушун унутуп, соода менен гана алпурушуп калган. Себеби анын төрт кызы үй жумушун колунан талашып аткарышчу. Эми алардын төртөө тең турмушта. Ал эми келин алууга үлгүрө элек. Учурда өзү кыздын да, келиндин да ролунда. Күндүзү базарда болсо, кечинде үйүнө барып тамак жасап, балдарынын кийимин тазалап жууп, жолдошунун маанайын көтөрөт. Майрамдарды ар дайым базарда өткөрүүгө аргасыз.
Өткөн жылы анын эки уулу 8-Март майрамында косметикалар топтомун белек кылып сүйүндүргөн. Фарида эже быйылкы 8-Мартка уулдары менен жолдошу кандай сюрприз даярдап жатканына кызыкканын айтып өттү.

Анарбек Кайназаровдун "Аял дебе" деген ыры менен башталган баяндама ошол ырдын таасирдүү саптары менен аяктасын.
"Аял дебе, аялдын бил кадырын,
Аял тартат азабыңдын жарымын.
Ырыскысын балдарына таратып,
Ызатына жеткилечи аялдын".

Бактыгүл Сокушова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 383, 5-11-март, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан