Стенокардия... Эстеп көрсөңүз, бир оору менен экинчи оорунун белгилери окшош келип, диагноз коё албай көпкө кыйналган учур сиздин деле башыңыздан өткөн. Чындыгында медицинада көп оорулардын белгилери окшош, бирок стенокардия оорусун башкалар менен окшоштурбай даана, так аныктоого болот. Бул боюнча кардиолог, медицина илимдеринин кандидаты Абдимиталип Халматов айтып берет.
СТЕНОКАРДИЯ – кан тамырларда кан менен кошо жакшы жана жаман холестерин болот. Холестерин – табигый майлуу спирт. Анын 80 пайызын организм өзү иштеп чыгарса, 20 пайызы тамак-аш аркылуу кирет. Холестерин гормондордун иштеп чыгарылышы, нерв системинин калыптагыдай иштеши, D витамининин иштелип чыгышы үчүн керек. Жаманы кан менен жылып жүрүп майда кан тамырларга (жүрөк, мээ) туруп калат да, үстүнө дагы башка жаман холестериндер топтолуп, акырында май түйдөкчөсү (бляшка) жаралат. Ошол май түйдөкчөсү кандын жүрүшүн начарлатып, кислороддун барышына тоскоол болуп стенокардия оорусун жаратат.
ЭМНЕДЕН КЕЛИП ЧЫГАТ?
БЕЛГИЛЕРИ
Мындай абал 10-15 мүнөткө чейин созулат.
1-ЖАРДАМ
Басып баратса же оор жумуш кылып жатса дароо токтотуп, отуруп же башын бийигирээк кылып жатуу.
Эгер үй ичинде болсо, терезени же форточканы дароо ачуу.
Жакын жердеги дарыканадан же оорулуунун өзүндө болсо, нитроглицерин алып 1 таблеткасын тилдин алдына
салуу керек.
Галстукту, жаканын топчусун, белдеги курду чечүү.
Терең-терең дем алганга аракет кылуу кажет, анткени жүрөктүн иштеши жакшырат.
Эгер 10 мүнөткө чейин бул акыбал оңолбосо, 2-таблетканы дагы деле тилдин алдына салып, "Тез жардам" чакыруу зарыл.
Ушундай эле белгилер отурганда, жатканда пайда болушу мүмкүн. Бирок кыймыл-аракетти күчөтүп жибергенде жок болуп кетет. Бул стенокардия эмес, остеохондроз же невралгия оорулары болушу мүмкүн.
Оору 1-жолу кармаганда сөзсүз ооруканага жаткырылып, текшерүү, дарылоо жүргүзүлөт.
АЛДЫН АЛУУ
Стенокардиянын биринчи белгилери билингенде спорт менен машыгууга болбойт. Врачтын кеңеши менен жайдан көп басуу сунушталат.
Кыргызстандагы каза болгондордун 50 пайызын жүрөк кан-тамыр оорулары түзөт. Жылына болжол менен 18 миң адам көз жумат. Эгер күнүнө бөлсөк, 50 адам. 50 жашка чейин бул оору менен көбүнчө эркектер жабыркайт. Аялдар климакска кабылгандан кийин эркектер менен бирдей эле ооруга кабылышат.
Сүйүн Кулматова
densooluk@super.kg