КЫРГЫЗСТАН СОЦИАЛ-ДЕМОКРАТИЯЛЫК ПАРТИЯСЫНЫН XV СЪЕЗДИ ӨТТҮ

Өткөн жекшемби – 31-июль күнү КСДП кереметтүү көл жээгинде өзүнүн XV съездин өткөрдү. «Рух-Ордо» маданий-тарыхый комплексинде орун алган иш-чарага өлкө боюнча 200дөн ашык делегат катышты. Алардын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттары жана партиянын Бишкек шаардык уюмунун активдүү мүчөлөрү бар. Ошондой эле ардактуу конок катары мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, жарандык коомдун өкүлдөрү, өкмөт мүчөлөрү, чет элдик делегаттар жана журналисттер чакырылган.

СЪЕЗДГЕ АЛЫСТАН КОНОКТОР КЕЛИШТИ

Съезд Кыргыз Республикасынын гимни менен ачылды. Андан кийин партиянын тарыхын кенен баяндаган тасма көрсөтүлдү. Муну улай катышуучулар менен жылуу саламдашкан төрага Чыныбай Турсунбеков иш-чаранын жумушчу органдарын шайлады жана күн тартибин бекитти. Алгачкы сөздөр куттуктоо иретинде чет өлкөлүк конокторго берилди. Алар: Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасынын орун басары Александр Романович, казакстандык «Нур Отан» партиясынын катчысы Заутбек Турисбеков, Кытай коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин өкүлү Чжао Лэй жана Түштүк Корея Бириккен демократиялык партиясынын башкы катчысы Чао-Санг Чой.

«КСДП – ӨЛКӨНҮ ӨНҮКТҮРҮҮДӨ ПРЕЗИДЕНТТИН ТАЯНЫЧЫ»

«КСДП – президенттин Кыргызстандын өнүгүү стратегиясын ишке ашыруудагы таянычы». Минтип коомдук-саясий абал жөнүндө жасаган докладында төрага Чыныбай Турсунбеков айтты. Ал өз сөзүн «мында өлкө башчысы үчүн партиянын 5 кадамы таяныч болуп берет. Алар: ири экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу, диний чөйрөдөгү абалды тартипке келтирүү, коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөө, мамлекеттик тилди колдоо жана таза шайлоолор» деп толуктады. Буга кошумча спикер: «Жогорудагы айтылган 5 кадам Кыргызстанды өзгөртө алды. 2015-жылы биздин өлкө ЕАЭБдеги өлкөлөр ичинде эң жогорку экономикалык өсүштү (3,5%) камсыз кылды. Мамлекеттик бюджеттин кирешелери өсүүдө. Эл аралык рейтингдеги позициябыз бекемделди. «Ишкерликти жүргүзүү» багытында 2014-жылы 102-орунда болсок, 2015-жылы 67-орунга чыктык. Ал эми бюджеттин ачыктыгы рейтингинде Кыргызстан секирик жасай алды, тагыраагы, 76-орундан 34-орунга чыктык»,- деди.

«ПАРТИЯ КЫРГЫЗСТАНДЫН КАЙРА ЖАРАЛУУ БАГЫТЫНДАГЫ ИШТЕРИН УЛАНТАТ»

Чыныбай Турсунбековдун белгилөөсүндө, КСДП Кыргызстандын кайра жаралуусу багытында ишин улантат. «Ошондуктан өткөн съездде мен 2020-жылга чейинки 5 жылга 5 кадамды сунуш кылгам. Алгачкы кадамдар – өз алдынча экономика жана энергетикалык көз карандысыздык. Биздин партия бул ишти колго алды! Өлкөдө учурда ири энергетикалык долбоорлор ишке ашырылууда. Үчүнчү кадам – коррупция менен күрөшүү. КСДПнын демилгеси менен «Таза коом» долбоору ишке киргизилди. Мен Кыргызстанды коррупциясыз коомго алып барарыбызга ишенем»,- деди спикер. ЖК төрагасынын айтымында, төртүнчү кадам болуп соттук реформа эсептелет. «Бүгүн Кыргызстанда соттук системаны өнүктүрүү боюнча максаттуу мамлекеттик программа ишке ашырылууда. Президенттин жетекчилиги алдында соттук реформа боюнча кеңеш түзүлгөн. Жыйынтыгында Кыргызстандын соттук системасы ачык-айкын, ал эми анын иши боюнча маалыматтар жеткиликтүү болууга тийиш»,- деди ал. «Бешинчи кадам – күчтүү демократиялык өлкөнү куруу! Биз өзүбүздүн өнүгүү жолубузду таба алдык. Кыргызстан – көп улуттуу эркин элдердин өлкөсү. Биздин модель элдин акыйкат бийлик өкүм сүргөн, күчтүү экономикасы бар, жашоо деңгээли жогору болгон көз карандысыз мамлекет курууга умтулуусуна таянат»,- деди төрага Чыныбай Турсунбеков.

«ЭЛДИН ИШЕНИМИ – ПАРТИЯНЫН ПРИОРИТЕТИ!»

Съездде экинчи маселе катары жергиликтүү кеңештерге шайлоолор жана аларга даярдыктар каралды. Бул боюнча сөз сүйлөгөн КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун баамында, азыр саясий атаандаштык өкүм сүргөн күрөштүн мезгили. «Кичине эле бошоңдой түшүү менен бүгүн ээлеген позициябыздан ажырап калышыбыз ыктымал. Партиябыздын алдында дагы да болсо чоң милдеттер, аткарчу иштер көп. Биз күчүбүздү өлкөнүн коомдук-саясий турмушундагы, мамлекеттин түзүлүшүндөгү позициябызды бекемдөөгө жумшашыбыз зарыл. Өткөн парламенттик шайлоо партиябыздын рейтинги жогору экенин көрсөттү. Бирок шайлоонун жыйынтыгына терең анализ жүргүзүлгөн жок. Кайсы шайлоо участокторунда биз жеңишке жетишип, кайсыларында жеңилүүгө туш болдук? Тилекке каршы, бул жагдайга алигиче тиешелүү маани бербей келе жатабыз»,- деди ал. Иса Өмүркулов «ошондуктан аймактардагы өнүгүүнү күчөтүү, жер-жерлердеги электораттын партияга болгон ишенимин арттыруу – КСДПнын приоритети болуп эсептелет» деп кошумчалады.

«ПАРЛАМЕНТАРИЗМ – ХАОСКО ЖОЛ БЕРБӨӨНҮН КЕПИЛИ»

Эл өкүлү ошондой эле буга чейин Кыргызстандын тарыхый өнүгүүсүн эң ириде өлкө башчысынын жеке лидерлик сапатына жана иш билгилигине байланыштырып келгенин эске салды. «Айрыкча эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында биз мамлекет башчысына ишеним артчубуз. Бирок ошого карабай алар өзүлөрүнө тагылган тарыхый жоопкерчиликти алып кете алышкан жок. Аттарын айтпасак да, бийликте турганда мыйзамсыздыкты калыптандырып, авторитардык, үй-бүлөлүк-кландык диктатураны орноткондор бүгүн бөтөн жерден баш паанек таап, Жараткандын башка жазганын көрүп жүрүшөт. Тарых бизге ачуу сабак берип, эл мамлекеттик башкаруунун жаңы системасын тандап алды, парламенттик демократиянын өнүгүү жолуна багыт алды. Парламентаризм – өзүм билемдикке жана хаоско жол бербөөнүн ишенимдүү кепили»,- деди Иса Өмүркулов.

СЪЕЗДДЕ КСДПНЫН САЯСИЙ КЕҢЕШИНИН ЖАҢЫ КУРАМЫ АНЫКТАЛДЫ

Андан кийин делегаттар партиянын Саясий кеңешинин жаңы курамын аныкташты. Кыргыз Республикасынын Президентинин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов КСДП партиясынын Саясий кеңешинин мүчөлүгүнө 37 талапкерликти сунуш кылды. Алардын катарында Чыныбай Турсунбеков, Сооронбай Жээнбеков, Жылдыз Мусабекова, Төрөбай Зулпукаров, Фарид Ниязов, Иса Өмүркулов, Ирина Карамушкина, Абдыманап Кутушев, Сапар Исаков жана башкалар бар. Уюштуруу комитети тарабынан КСДП партиясынын Саясий кеңешинин курамына сунуш кылынган талапкерлер XV съезддин делегаттарынын бир добуштан колдоосу менен жактырылды.
Мындан сырткары иш-чарада Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Абдыманап Кутушев партиянын уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу доклад жасады. Аны дагы бардык делегаттар бир добуштан колдоого алышты. Андан кийин аймактардан келген делегаттар жарыш сөзгө чыгышты. Жалпы алганда, КСДПнын 23 жылдыгына карата партиянын бул убакыттагы ишинин жыйынтыгы чыгарылып, кандай жетишкендиктер болгондугу, партиянын платформасын толугу менен ишке ашыруу үчүн эмнелерди аткаруу керектиги анализге алынды. Съезд өз ишин салтка айланган партиянын гимни менен жыйынтыктады.

Ырыс Иметалиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
asad345
2016-08-08 09:59:12
Бийликти неформалдуу болсо да Атамбаев арлун ксрмап калуу аракетине жандалбастап жатат, ушул конституция менен президент шайланса ажыдаар болот дегени жаш балага айтылган жомок
+1
asad345
2016-08-08 10:01:30
2020-жылдын 1-сентябрына чейин озгорбойт деп жазылып турат конституцияда АША озгортуп шайлоого барбайм деп коюп кошошго артында бийликтин туболук ээси брлгусу келип жатат
+1
asad345
2016-08-08 10:12:20
Анткени АША жоопкерчиликтен качып жатат, батукаев, сот,коррупция, эканомикалык кризис, таможный союз, жакырчылык, миграция буларга жооп беруудон кутулуу амалы журуп жатат

+1
№ 718, 05-август-11-август, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан