КИЙИМДИН ТҮСҮ ЭМНЕНИ АЙТЫП ТУРАТ?

Жылдыздар турмушунан

“Адамдын көркү чүпүрөк” дешет кыргызда. Бирок биз кийип жүргөн кийимдер жөн гана көрк болбостон, адамдын өзү тууралуу маалымат бере турган курал. Алсак, кийимдин өңдөрү эле канчалаган сырды баяндап турат экен... Андыктан айрым өңдөргө токтолуп, алардын сырын ырчылар аркылуу ачууга аракеттендик.

АКТЫ СҮЙГӨН
АЙЧҮРӨК
Ак түстөгү кийимдерди жактыргандар адилеттикти, тынчтыкты, ынтымакты сүйгөн адамдар. Анан да ак түс дайыма тазалыктын, аруулуктун символу делинет эмеспи. Ошондой эле ак кийимдерди башкаларга жаккысы келген адамдар кийишет. Мындай түскө басым жасагандар жакын адамдарына өздөрүн толук бойдон арнап койгондор десе болот. Айчүрөк айым биз билгенден көп жылдан бери бардык күч-аракетин балдарына, жолдошуна жана, албетте, чыгармачылыгына жумшап келатат.

КЫЗЫЛ КИЙСЕ ЖАРАШКАН
ГҮЛНУР
Кызыл өң лидерлик, тырышчаактык жана өжөрлүктөн кабар берет. Бул түстөгү кийимдери көп Гүлнур айым тырышчаактыгы, өжөрлүгү аркылуу ийгиликтерге жетишип келе жаткандыгына күбөбүз. Кызыл түстүн девизи – “эң күчтүүсү жеңип чыксын!”. Андыктан бул өңдү дайыма жеңишке умтулган, күчтүү адамдар тандашат. Ошондой эле булар бир аз чыдамы аз, анан ырайымсыз келишет. Мындан сырткары кызыл – сүйүүнүн, сексуалдуулуктун да символу. Кызыл бул жаатта да Гүлнур айымга төп келет. Анткени ырчынын көпчүлүк чыгармасында сүйүүнүн тамчылары жүрөккө жетерлик тамчылап тургансыйт.

СЫЯНЫ СЫЙЛАГАН
ГҮЛЗИНАТ
Гардеробунда сыя өңдөгү кийимдери көбүрөөк кездешкендер абдан аялуу жана сезимтал келип, ички туюму абдан жогору болот. Бул адамдар бир аз тартынчаак, анан боорукер да келишет. “Мындай өңдү гомосексуалдар, кош бойлуу жана улгайып бараткан айымдар да көп кийишет” дешет психологдор. Бирок Гүлзинат айтылган үч топтогу адамдарга кирбегендиктен, анын жан дүйнөсү назик жана сезимтал экенин белгилесек жарашат.

АЛТЫНДЫН ӨЗҮН ЭЛЕ ЭМЕС,
ТҮСҮН ДА СҮЙГӨН БАКТЫГҮЛ
Алтын түс баалуулукту, сыйды чагылдырат. Мындай өңдөгү кийимдерди көбүнчө абройлуу, дайыма элдин көңүл борборунда болуп жүргөн адамдар тандашат. Бул өңдү туура колдонуу зарыл, анткени аша чаап колдонула берсе, башкалардын көңүлүн иренжитип жибериши мүмкүн. Бактыгүл Бадыева кызыл, чаар ала көйнөктөр менен катар алтын түстөгү кийимдерди да көп киет. Ырчы күйөрмандарынын гана эмес, жигиттердин да көңүлүн өзүнө буруп келе жатканы баарыбызга айкын.

САРЫНЫН СЫРЫ
НЕЛЯДА
Сары өң акылдуулукту жана ийкемдүүлүктү чагылдырат. Анткени сары өң башка өңдөр менен оңой аралашып кете алат. Бул түстү тандаган адамдар чечимди бат кабыл алышып, максатына жете билгендер. Ошондой эле алар дайыма өзүн көрсөтүүгө умтулушат. Андан сырткары сары өңдү көп кийгендер бир аз куу да келишет. Күч менен эмес, сөз, акыл менен жеңе билишет. Өздөрүн жогору баалашат. Башкалардын суктануусуна арзыганды жактырышат да, көңүл борборунан четтеп калуудан коркушат. Сарыга ыктаган Неля чыгармачылык менен үй-бүлөлүк турмушту туура айкалыштырып келе жатат.

Бул мисалдардан сырткары белгилүү бир өңгө ыктабай, дайыма кийиминин түсүн өзгөртүп турган ырчылар да кездешет. Бул нерсе көбүнесе ал адамдын эмоционалдуу абалынан көз каранды. Мисалы, адатта адамдын маанайы чөгүңкү болуп, өзүн начар сезип жүргөн убактарда кара же күңүрт өңдү тандайт. Тескерисинче, көңүлү көтөрүлүп, жайдары болуп турганда ачык түстөгү кийимдерге басым жасашат.

Махабат Догдурбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 383, 5-11-март, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан