СЫЗЫКТУУ КИЙИМ КИМГЕ ЖАРАШАТ?

Азыр көчөдөн сызыктуу кийим кийгендерди көп кезиктиребиз. Мындай кийимдерге жаштар гана эмес, орто муундагы адамдар да басым жасашууда. Сызыктуу кийимдер дайыма модада, анткени классикага айланып калган десек жаңылышпайбыз. Бирок мындай кийимди тандоо өтө кылдат мамилени талап кылат. Эсиңизде болсун, бул кийимдер сиздин дене-мүчөңүздүн түзүлүшүн даана, так көрсөтөт дешет стилисттер.

САТЫП АЛУУДА КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!

Сызыктуу кийимдерди айымдар да, мырзалар да кийишет. Тандоо учурунда мырзаларда маселе жаралбайт деле, чак келип, өңүнө, шымына, чолок шымына бап келсе кийип кете беришет. Бирок айымдардын тандоосунда чоң маселе жаралат.

Эгер сиздин дене-мүчөңүз келишимдүү болсо, анда сизге жаккан кийимдин сызыгы тигиненби, туурасынанбы, жоонбу, ичкеби кандай болбосун эч түйшөлбөй ала бериңиз. Сизге дээрлик бардыгы жарашат.

Туурасынан кеткен сызыктар толук көрсөтөт. Ошондуктан жамбашыңыз же төшүңүз чоң болуп, белиңиз жок болсо, мындай кийимдерди алууда этият болуңуз. Кайсы бир жериңиздин чоң көрүнүшүн кааласаңыз, ошол жерде туурасынан кеткен сызыктардын болгону жакшы.

Эгер сиздин ийиниңиз, төшүңүз кичине, жамбашыңыз чоң болсо, ийин, төш жагыңыздагы сызыктар туурасынан жайгашуусу кажет.

Жоон, ичке сызыктар. Негизинен тигинен кеткен сызыктуу кийимдер арык көрсөтөт. Бирок жоон сызыктар тигинен кетсе деле жоон, ичке сызыктар арык көрсөтөрүн унутпаңыз.

Ал эми кыйгачынан кеткен сызыктар туурасынан кеткен сызыктын эле милдетин аткарат. Кайсы жериңизди чоңураак көрсөткүңүз келсе, ошол жерде кыйгач сызыктар болсо жаңылышпайсыз.

Узун бойлуулар тигинен кеткен сызыктуу кийимдерден алыс болушу керек, ого бетер узун көрсөтөт. Ал эми кыска бойлуулар кыйгачынан жана туурасынан кеткен сызыктуу кийим кийишсе кыска көрүнүп калышат.

КӨЙНӨК


Негизи жайдын ысыгында денеге чапташкан эмес, кенен көйнөк кийген жакшы. Көйнөгүңүз кененби, денеңизге чапташканбы аба ырайы бузулуп жатса үстүңүздөн жынсы же булгаары куртка, пиджак, тери жилет, бомбер кийип алыңыз. Жука пальто, плащ дагы болот. Кыры кенен шляпа, шифон шарф, күндөн коргоочу көз айнек, браслет, шакек, шуру, бел кур менен да образыңызды стилдүү көрсөтө аласыз. Бутуңузга мокасины, кеды, балетка өңдүү таманы тегиз бут кийим кийиңиз. Ал эми шиш така болбойт.

ҮСТҮНКҮ КИЙИМ


Футболка, майка, бадлон, рубашка, кофталарды бир түстөгү шым, чолок шым, юбка менен кийүү туура. Түсүн үстүнкү кийимдеги сызыктардын өңүнө ылайыктап алыңыз. Кыздар гүлдүү юбка менен кийип алышса да болот.

ТҮРКҮН ТҮСТҮҮ СЫЗЫКТАР


Ак-кара же ак-сары сыяктуу эки эле өң катышкан сызыктуу кийимдер чынында көп. Ал эми бир нече түстүү, сызыкчаларынын чоңдугу ар түрдүү кийимдерди кийгендер аз. Анткени чынында бул ар ким эле батына берчү чечим эмес. Мындай кийимдер сиздин образыңызды майрамдык маанайда көрсөтөт.

ЮБКА


Сызыктуу юбкалардын бардык түрү менен бир түстөгү блузка, кофта, футболка жакшы жарашат. Эгер үстүнкү кийимди сүрөттүү кийгиңиз келсе, сүрөт артында же алдында болгону жакшы. Эң башкысы, үстүнкү кийимиңизди юбканын ичине киргизип алуудан жалкоолонбоңуз.

ГЕТРЫ


Гетрыны, албетте, күн салкындаганда киесиз. Эгер балтырыңыз ичке болсо, аны жашыруу үчүн кийип алсаңыз болот. Аны сызыктуу кол кап же сумка менен айкалыштырып алыңыз.
Учурда айымдардын гардеробунан сызыктуу сырткы кийимдер гана эмес, ич кийимдер, купальниктер да орун алып калды.

БАЛАКАЙЛАР ДА КИЙИШЕТ


Учурда кичинекей балакайлар да сызыктуу кийимдерди баса кийип жүргөнүн көрүүгө болот.

СУМКА


Учурда сызыктуу сумканын түрлөрү, ал гана эмес, капчык да бар. Кандай сызыктуу сумка көтөрбөңүз, аны сызыктуу бут кийим менен айкалыштырып алсаңыз болот. Ал эми кийимиңиздин сызыктуу болбогону жакшы.

Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
Aliya_ahunbaeva
2016-08-08 12:27:27
Менда ооло жакшы кором
+1
begai93
2016-08-08 12:28:59
Балтыр дегени кайсыл жер???
+1
jalalabad93
2016-08-08 13:03:11
begai93,буттун балтыры
+4
mirana9395
2016-08-08 22:51:51
мен да ушундай сызыктуу кийимден алгым келип журот.
+1
Myrza.
2016-08-09 16:46:44
Буну кийсен зебра болуп жатып калат экенсинда
+2
modern-group
2016-08-09 19:19:14
гетра кийгендерди коро элекмин
+1
Baktyluu_bolgum_kelet
2016-08-09 21:06:53
1 - суроттогу койнок жакты тиктирсем окшойт )
0
Positive
2016-08-10 14:24:13
Чолок шым кандайле? Прямой шымбы кара
+2
AGA
2016-08-10 21:48:40
Чолок шым деп шортаны айтат
+7
Shekeev969798
2016-08-14 14:14:38
Baktyluu_bolgum_kelet, Бактылуу бол :)
+1
Baktyluu_bolgum_kelet
2016-08-14 17:13:17
Shekeev969798, рахмат, сен да бактылуу бол. =)
+1
№ 718, 05-август-11-август, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан