SUPER.KG’ден Күнсереп

SUPER.KG порталындагы “Күнсереп” рубрикасында күн ичинде болуп өткөн коомдук жана саясий окуяларга саресеп салынууда. Биз окурмандарды мына ошол рубрикада жарыяланган макалалардын урунттуу учурлары менен тааныштырабыз.

28-июль:

БАШ МЫЙЗАМ 2020-ЖЫЛДЫ КҮТПӨЙ ТУРГАН БОЛДУ...

Кыргыз Республикасынын Конституциясына чабуул башталды. Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун атынан парламенттин аппарат башчысына жазылган кат интернетке тарады. Анда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорлорун коомдук талкууга чыгаруу тапшырмасы берилген. Иса Өмүркуловдун билдиришинче, өлкөнүн негизги юридикалык документин күзүндө референдум аркылуу өзгөртүү сунушталууда. Демилгечилер: КСДП, “Республика-Ата Журт”, “Кыргызстан” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциялары.
Эгемендүү Кыргыз Республикасынын тарыхында Конституцияны өзгөртүү жыйынтыктары жакшы болгон эмес. Өзгөртүүлөрдүн баары “өлкөнүн гүлдөп-өсүшү үчүн” деп түшүндүрүлүп, иш жүзүндө кайсы бир адамдын же топтун кызыкчылыгы үчүн жасалып келген. Жемиши – 2005 жана 2010-жылкы революциялар. Жакында орусиялык басылмалардын бири "президент Атамбаев Конституцияны өзгөртүү менен өлкөнү дагы 4 жыл башкарганы жатат" деген божомолун жазды. Анда Атамбаев мамлекетти парламенттик башкарууга өткөрүү менен жакынкы жылдары премьер-министрликке келүүгө даярданып жатканы айтылган. Кыргыз Республикасын толук парламенттик башкарууга өткөрүп, премьер-министрдин позициясын бекемдөө зарылдыгын Атамбаев өткөн жылы Жогорку Кеңештин VI чакырылышка шайланып келген депутаттардын ант берүүсүндө айткан болчу.
Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө тийиштүү мыйзам долбоорлору коомдук талкууга чыгарыла элек. Иса Өмүркулов соттук реформаны тездетүү, өкмөттүн ыйгарым укуктарын күчөтүүгө багытталган нормалар каралып жатканын айтты. Ал эми президент Алмазбек Атамбаев президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин саясаттан кетип, чыгармачылык менен алектенерин айтып келет. Укугу күчөтүлгөнү жаткан премьер-министрлик кызматтын КСДПнын колунан чыгышы кыйын. Кыл чайнаш күзүндө парламент каникулдан келгенде болору күтүлүүдө...
1993-жылы кабыл алынган Баш мыйзамга 7 жолу өзгөртүү киргизилген. Акаев 4 жолу, Бакиев 3 жолу өзгөрткөн. Ал эми 2010-жылы 7-апрелдеги революциядан кийин авторитаризмге кайрылуучу жолду бөгөө үчүн кыргыз эли референдум жолу менен жаңы Конституция кабыл алып, аны 2020-жылга чейин өзгөртүүгө мораторий киргизилген. Ошол мораторий кайсы бир кызыкчылыктар үчүн бүгүн талкаланганы жатат.

29-июль:
"ПАРА АЛДЫ" ДЕП СОТТОЛГОНДОР АКЧА ТӨЛӨП ЭРКИНДИККЕ ЧЫГЫШУУДА

Жогорку сот экс-депутат Урмат Аманбаевага карата Октябрь райондук сотунун жана Бишкек шаардык сотунун чечимдерин өзгөртүп, аны абактан бошотту. Аманбаева “кылмышка шериктеш болуу” жана “кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, 3 миллион сом айып пул төлөөгө милдеттендирилди. Өлкөдө алгач коррупция, кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу боюнча айыпталып камакка алынып, жыйынтыгында айып пул төлөө милдеттенмеси менен абактан бошотулган кезектеги депутат болду.
2016-жылдын 11-мартында Бишкек шаардык соту экс-спикер Ахматбек Келдибековго 10 миллион сом айып пул салып абактан чыгарган. Келдибеков чечимге макул эместигин айтып, жогорку инстанцияга апелляциялык арыз берген жок. Ал эми май айында Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеев мунапыс мыйзамына илинип, 60 миллион сом айып пул төлөө менен эркиндикке чыкты. Бул окуялар коомчулукта сот ишмердүүлүгү боюнча түрдүү пикирлерди жаратты. Маселен, аталган чиновниктер тийиштүү жазасын албай калышканын, ал эми майда кылмыш кылгандар жылдап эркинен ажыратылып жатканын айткандар аз эмес. 2015-жылы ири суммада пара алып жатып кармалган экс-депутат Хажимурат Коркмазовду райондук сот 1 жыл 6 айга эркинен ажыратса, ири суммада пара алууга айыпталган Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын мурдагы башчысы Кылычбек Арпачиевди 14 жылга эркинен ажыратты. Окшош кылмыш ишине эки башка чечимдин чыгышы сот бийлигине элдеги ишенбестикти тереңдетти. Мындай окуялар сот тармагы реформага муктаж экенин көрсөтүүдө.

1-август:
КИЙИНКИ ПРЕЗИДЕНТ АЖЫДААРГА АЙЛАНБАШЫ ҮЧҮН РЕФЕРЕНДУМ ӨТӨБҮ?

Чолпон-Ата шаарында Алмазбек Атамбаев президенттик мөөнөтү аяктаган соң өкмөт башчылыкка барбай тургандыгын айтып, акыркы убактардагы бир катар божомолдорго чекит койду. "Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү менен мени премьер-министр болуп калат экен деген сөздөр айтылууда. Андай болбойт",- деди. Референдум боюнча Алмазбек Атамбаевдин айтымында, кийинки президент ажыдаарга айланып кетпеш үчүн Конституцияга өзгөртүү киргизилгени жатат. Мындан улам жүйөлүү суроо туулат. Эмне үчүн ушул Баш мыйзамдын алкагында иш алып барган президент ажыдаарга айланып кеткен жок? Эмне себептен Баш мыйзамга киргизиле турган өзгөртүүлөрдүн бири президенттин укугун кыскартуу менен премьер-министрдин укугун кеңейтүүгө барганы жатат? Ошол эле убакта мамлекет башчы референдумдан кийин Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышы таркабай турганын да айтып өттү. Мындай сөздү кечээ парламенттин спикери Чыныбай Турсунбеков да КСДПнын съездинде билдирген эле.
Өлкө ичиндеги башкы маселеден тышкары Кыргыз мамлекетинин тышкы саясаты боюнча айтылган билдирүү да талкуу жаратты. Ал – Түркиядагы төңкөрүш жасоо аракетинен улам олку-солку абалга түшүп бараткан кыргыз-түрк алакасы. Түркия төңкөрүш жасоо аракетине дин аалымы Фетхуллах Гүленди айыптап чыгып, өлкөнүн тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Кыргыз жериндеги Гүлендин уюмуна таандык лицейлерди жабууну талап кылган. Эгерде Кыргыз мамлекети бул кадамга барбаса, түрк лицейлеринин айынан эки тараптуу мамиле да өзгөрөрүн эскертишкен. Бирок Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги өлкө ички маселелерди чечүүгө өз кудурети жете турганын билдирген эле. Алмазбек Атамбаев: “Сөз мектеп тууралуу болуп жатса, биз, албетте, текшерип чыгабыз. Бирок бул мектептер өлкөбүздүн ичинде жана биздин стандарттарга ылайык иштеп жатат. Эгер ушунчалык акылдуу болушса, анда эмнеге өздөрүндө мындай төңкөрүшкө жол беришти? Бизди коркутуунун кереги жок”,- деп жооп кылды.
Өлкө боюнча илинген баннерлер тууралуу да оюн айтып жатып, хиджаб кийип жардыргандан көрө, кыска юбка кийип тынч жүргөн жакшы экенин белгиледи. “Биз баннерлерди илгенде кыска юбка кийгендерди сындаган акылдуулар чыгышты. Эгерде бул жерде жашоону жактырбасаңар, жаккан жериңерге барып жашагыла. Мамлекет керек болсо, Сирияга да жол кире төлөп берет”,- деп айтты.

2-август:

БАШ МЫЙЗАМГА ӨЗГӨРТҮҮ КИРГИЗҮҮ ДЕМИЛГЕСИ ОППОЗИЦИЯНЫ ОЙГОТТУ

Бишкекте “Конституция. Кайда баратабыз?” аттуу жыйын өттү. Сөз эркиндигин коргоо комитети уюштурган жыйында депутаттар, саясатчылар, жарандык коомдун өкүлдөрү Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү аракетин талкуулашып, көпчүлүгү бул демилгени сындашты. Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Бир бол” фракциясынын депутаты Чолпон Жакупова: “Көпчүлүк депутаттар кимдир бирөөлөрдүн тузагында. Аларга кысым көрсөтүү менен Конституцияны өзгөртүүгө кол топтоп жатышат. Баш мыйзамды өзгөртүү менен авторитардык мезгилге кайтарыбызды элге түшүндүрүүбүз зарыл”,- дейт.
Кыргыз жериндеги оппозициялык күчтөр Баш мыйзамга кол тийгизбей сактап калууга канчалык таасир эте алышат? Бийликти сындаган оппозициячыл саясатчылардын бир тобу учурда тергөө абагында отурат, мисалы, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Бекболот Талгарбеков... “Элдик парламент” уюмунун дагы бир мүчөсү Тойгонбек Калматовду УКМК “өлкөдө баш аламандык уюштурууну пландаган” деп 31-июлда кармап, камакка алды. Эртеси, 1-августта маалымат жыйынында журналисттер президент Алмазбек АтамбаевгеӨлкөдө камакка алынбаган олуттуу оппозиционер калдыбы?” деген суроо беришип, президент: “Оппозиция – бул тосмодон секирип, бийликти басып алууга үндөө эмес. Оппозиция жеке пикирге ээ болуп, бийлик менен сүйлөшүүгө жол табышы керек”,- деп жооп кылды. Күтүлүп жаткандай эле оппозицияга жан кирип, Баш мыйзамды коргоо зарылдыгын айтып чыгышты. Эми референдум өткөрүү демилгесине каршы турууну айтып жарандык коомго чакырык таштоого киришкен оппозиция өкүлдөрүнө Кылмыш-жаза кодексинин беренелери жармашып калышы да мүмкүн. Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы 7 кишиден турган жумушчу топ түзүлүп, анын курамына Адахан Мадумаров, Элмира Ибраимова, Рита Карасартова, Мавлян Аскарбеков жана башкалар кирди. Жумушчу топ Конституцияны өзгөртүү аракети мыйзамсыз экенин айтып эл аралык уюмдарга кайрылат. Анда өлкөдө бийликти узурпациялоо жүрүп жатканы белгиленип, референдум өткөрүүгө акча бөлүүнү токтотуу өтүнүчү айтылат. Муну SUPER.KG`ге Мавлян Аскарбеков тастыктады. Башкысы – Конституцияга мынчалык тездик менен өзгөртүү киргизүүгө чоң зарылчылык жок экенин, бул жолку аракет мурунку эки бийликтин тушундагыдай кайсы бир күчтөрдүн кызыкчылыгы болушу мүмкүндүгүн эл өзү түшүнүп билиши керек.

3-август:
КӨЧМӨНДӨР ОЮНУ ӨКМӨТТҮН ШАШТЫСЫН КЕТИРДИ

Чолпон-Ата шаарында орусиялык турист жергиликтүү жашоочулардын биринен запкы жеди. Автоунаа токтоткон жайга акы төлөөдөн баш тартканы үчүн аталган жайдын кызматкери туристтин унаасынын айнегин талкалап салган. Бул окуя талкуу чордонунда. “Унаасын токтоткону үчүн акчасын төлөшү керек” деп туристти сындагандар, “туристтердин эсебинен тиричилик кылып жаткан жергиликтүү тургундардын бул жоругу уят” дегендер чыкты. Кандай болгон күндө да мындай фактылар туристтерди чочулатат. Туризм тармагындагы тейлөөнүн сапатын, коомдук дааратканалардын абалын жакшырта албай жаткан шартта мындай жоруктар өлкөнүн эл аралык аренадагы имиджине доо кетирет. Жакында орусиялык туристтерди тоногон жарандардын мурунку милиция кызматкерлери болуп чыгышынан кийин сестенип турган саякатчыларга бул окуя дагы бир коңгуроо болду. Туризмдин чордону саналган Ысык-Көлгө баруучу трассага да улам көчкү тушүп, адам өмүрүнүн кыйылып жатышы да көпчүлүктү ойлондурууда. Көпчүлүк жолго таш кулап, сел каптап жатышын жол курууда кетирилген мүчүлүштүктөрдөн көрүүдө, бирок өкмөттөн азырынча конкреттүү жооп боло элек. Жооптуу министрлик түшкөн көчкүнү улам тазалоо менен гана алектенүүдө.
II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышарын ырастаган мамлекеттердин саны 29га жетти. Маалыматка ылайык, мамлекеттер катышуу тилегин билдирген катын 7-августка чейин жөнөтүшү керек. Оюндардын катчылыгы 40ка жакын мамлекетке чакыруу жиберген. Кошумчалай кетсек, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 3-8-сентябрь аралыгында Ысык-Көлдө өтөт. Оюндар өтө турган ипподромду 25-августка чейин бүтүрүү пландалууда. Ал эми курулуп жаткан Балыкчы – Корумду трассасы белгиленген мөөнөттө бүтөр-бүтпөсү белгисиз. Балыкчы – Чолпон-Ата шаарларынын ортосундагы тилкеде иш кызуу уланууда, аткарыла турган иштин көлөмү дагы аз эмес. Оюндарга чейин жол шашылыш жасалып, Оштогу эстакадалык көпүрөнүн же Бишкек – “Манас” аэропорту жолунун кейпин кийбесе эле болгону. Ош шаарындагы асма көпүрө 2015-жылы “октябрдын аягына чейин бүтөт” деген убададан улам шашылыш жасалып, курулуш бригадасы соңку күндөрү күнү-түнү иштешкени белгилүү. Бирок расмий ачылышынан бир апта өтө электе тротуарлары бузулуп, көпүрөдөн суу куюла баштаган. Мындан кийин мэриянын Жол башкармалыгы көпүрөнүн бузулган жерлерин оңдоого аргасыз болгон. Ал эми жакында “Манас” аэропортуна кеткен жолдун бир тарабы курулуп бүткөндөн кийин премьер-министр Сооронбай Жээнбеков талапка жооп бербей турганын айтып, компания кемчиликтерди оңдоого киришкен. Чет өлкөлүк конокторго уят болбоо үчүн Балыкчы – Корумду жолун сентябрга чейин бүтүрүү зарылдыгы турат. Адаттагыдай чала бүтүрүп, кайра жамачылоо түйшүгү башка түшүшү мүмкүн...

www.super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 718, 05-август-11-август, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан