ЖАРАКАТТАН ӨЗ АЛДЫНЧА ДАРЫЛАНУУ МАЙЫПТЫККА АЛЫП КЕЛЕТ

ТРАВМАТОЛОГИЯ ДЕГЕН ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ?
Травматология - гректин «trаuma» - жара, жаракат жана «logos» - окуу, үйрөнүү деген сөзүнөн келип чыккан.
Тар мааниде травматология бөлүмү сөөктүн, муундун, булчуңдун, тарамыштардын жаракаттарына кабылгандарды текшерип, дарылоочу бөлүм катары туюндурулат.

ДАРЫЛАП АЙЫКТЫРУУ
Түркүн жаракаттар менен келип түшкөн ооруларды дарылоо диагнозго карап жүргүзүлөт. Алар рентгенден же магниттик-резонанстык томографиядан өткөзүлүп текшерилет. Дарылап айыктыруунун көптөгөн ыкмалары бар.

Сөөктөгү жаракаларды жана сыныктарды айыктыру

  • Сөөктөрдөн жарака кеткенде, жеңил сыныкка кабылганда сөөк калыптагыдай бүтүүсү үчүн гипс коюлат.
  • Сөөктү көзөп тартуу. Бул ыкма сөөк туюк сынганда колдонулат.
    Тизе сынганда бутту атайын шинага жайгаштырып, 6-10 килограмм жүк илинип коюлат.
    Ал эми жамбаш сынганда жүктүн салмагы 8-12 килограммды түзөт.
  • Сөөктөр, өзгөчө кашка жиликтин башы сынганда сөөктү карматуу үчүн атайын темирлер колдонулат. Алар титандан, болоттон жасалат.
    1) Убактылуу коюлуучу темирлер
    Көбүнчө кол сөөктөрү 3 айда бүтсө, бут, жамбаш сөөктөрү 6 ай дегенде барып бүтөт. Сынган сөөктөрдү карматуу үчүн колдонулган темирлер сөөк өсүп бүтөлгөндө алынып салынат.
    2) Протез муундар
    Көбүнчө муундар сынып жарабай калганда колдонулат. Себеби, кайра бүткөн муундун кемирчеги чор болуп калат да, "артроз" оорусу келип чыгат. Муун кыймылдаган сайын оорутат. Кол жакшы кыймылдабай оорутса, буттар кыскарып, адам баса албай аксап калат. Ошондуктан, мунун алдын алуу үчүн сынып жарабай калган муун алынып салынат да, ордуна протез муундар орнотулуп коюлат. Көбүнчө протез менен тизенин, кашка жиликтин башынын мууну алмаштырылат.
    Темирлер тешилген сөөккө бурамалар менен бекитилип коюлат.

МУУНДАРДЫ, КАНТАМЫРЛАРДЫ КАЛЫПКА КЕЛТИРҮҮ

  • Муундар чыгып кеткенде наркоз берилип, муун ордуна салынат. Оор учурда гана операция жасалат.
  • Ал эми кан тамыр үзүлүп кеткенде тезинен канды токтотууга кам кө­­рүлүп, артынан опе­рация жасалат. Операцияга травматолог хирургдан тышкары кан-тамыр хирургу да катышат.
  • Нерв үзүлүп кеткенде тезинен операция жасалып, ага травматолог хирургдан тышкары нейрохирург да катышат.

ЖАРАКАТКА КАБЫЛГАНДАРДЫН ЭСИНЕ!

  • Буту-колу сынгандар убагында врачка кайрылбаса сөөк туура эмес бүтүп калат да, бут менен кол кыскарып, жакшы кыймылдабай калуусу толук мүмкүн.
  • Түрдүү аспаптарды колдонууда (бензопилка, газ менен ширетүүчү аспап ж.б.) бир жерин кесип, тилдирип алгандан кийин өз алдынча дарыланбай, тезинен врачка кайрылуу зарыл. Бул кан кетүүнүн, оорунун тереңдеп, мүмкүн жаракатка кабылган жердин сепсиске (ириңдөө) айланып кетпөөсү үчүн керек. Тоготпой жүрүп алып, кийин колунан же бутунан айрылып калгандар бар.
    Кыскасы, кайсы жериңизден жаракатка кабылсаңыз да врачка кайрылууну унутпаңыз. Анткени, ар адамдын денсоолугу өз колунда эмеспи!

Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун № 1- травматология бөлүмүнө баш багып, мында дарыланып жаткан айрым адамдар менен маектешкен элек.

Тобокел Салиев: «Бутумдун сынганын билбей үйдө он күн жаттым» 54 жашта, Бишкектин тургуну:
- 1-январь күнү эртең менен дааратканага баратып, музга тайып жыгылдым. Үйдөгүлөр жөлөп-таяп үйгө алып келишти. Катуу оорутса да чыдап, тарамышы созулуп калган го деп тим болдум. Анан өз алдымча дарыланайын деп укканым боюнча заарадан компресс жасай баштадым. Бирок, ал жардам бербей оорутканы күчөй берди. Акырында чыдабай калганымда 10-январь күнү үйдөгүлөр такси менен ооруканага алып келишти. Көрсө, шыйрагым эки жеринен сынып кетиптир. Азыр абалым жакшы, врачтарга рахмат.

Эльдар Шамауков: «Машина коюп кетсе дагы милицияга кайрылбадым» 18 жашта, Сокулуктун тургуну:
- 2-январда кечкисин досторумду узатып жол жээгинде турган элек. Аңгыча күтпөгөн жерден катуу келаткан машина мени учура сүзүп кетти. Машинанын бет маңдайкы айнегине катуу урунуп барып, анан 4-5 метр нары жакка учуп түштүм. Айдоочу мени өлтүрүп алдым го деп ойлоду окшойт, качкан бойдон кетти. Досторум такси кармап ооруканага алып келишти. Мында чорт сынып кеткен бутума операция жасашты. Күнөөлүүнү баары бир таппайт го деп милицияга кайрылбадым.

Материалды даярдоого салымын кокондугу үчүн Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун №1-травматология бөлүмүнүн жетекчиси АНАРКУЛОВ БЕКТУР СУЙӨРКУЛОВИЧке ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

Даярдаган Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 220, 19-25-январь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан