ООГАНСТАНДАН БЕЛЕК (сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

Жеңил алюминийден жасалган окшойт, ичине чоң таш салып койгон экен. Ташты алып салайын деп көтөрө албай жатсам, "токто" деп чапанын, бут кийимин чечип жетип келди. Шымын тизесине чейин түрүп, кайыкты кайра артка сууга буруп барып бир капталына кыйшайтты эле, таш томолонуп түшүп кетти. Кайык байланган тросту чоң ташка байлап, неберелери отурган жерге жөнөдүк, кичине басканда аксакал жеңимден кармап токтотуп:
– Токто, балам, шашпа, кичине сөзүм бар сенде,-деп жерге отурду, мен да жанына отурсам, сөзүн кантип башташты билбей жаттыбы, бир аз ойлонуп отурду да:
– Эми, балам, сенде бир чоң өтүнүчүм бар, жок десең өзүң чечесиң. Эгер макул болсоң, эки дүйнө ыраазы болом...
– Айтыңыз, аксакал, эмне десеңиз да колумдан келсе эле аткарам.
– Мүмкүн таң каларсың, биринчи көргөн эле адамына ишенген кандай адам деп. Мен ушул жашка келгенче канча адамды көрдүм, сенин колуңдан жамандык келбейт.  Анда мындай, балам, менин жашоомду көрдүң, алдан тайып калдым, мурункудай күчүм жок азыр. Өзүм үчүн коркпойм, неберелерим эмне болот, келечеги жок мени менен жүрсө, ошолордон корком. Сен элиңе алып кет, макул болсоң. Силерде тынччылык, жакшы жашоо, калганы акырындан болот.
– Аксакал, сизди да алып кетем...
– Токто, шашпа, балам, сөзүмдү айтып бүтөйүн, мен ушул жерде калам. Ата-бабам ушул жерде жашап, ушул жерде көмүлгөн, аларды таштап кете албайм. Неберелеримди ала кетип бир жерге жайлаштырып, көз салып жүр, эптеп тамагын таап кетер. Бул жерде калгандан көрө баары бир ал жакта жакшы болот. Сагынганда сага чалып сурап турайын.
Аяп кеттим, мага карап калды эле, караңгы болсо да көрдүмбү же сездимби билбейм, ушундай бир үмүт, сураныч жанып турду көздөрүндө. Ошол карашында мага "Сага ишенейин, балам, менин эки неберемден башка бул дүйнөдө эч кимим жок, менин колуман эми эч нерсе келбей калды. Элиңе алып барып адам кыл, карап жүр, сага ишенейин, көңүлүм жай жүрөйүн" деген чоң өтүнүч бар эле.
Аксакалдын колун эки колдоп кармап:
– Аксакал, мага ишениңиз, неберелериңизге жан адам тийбейт, эч ким капа кылбайт. Колумдан келишинче жардамымды аябайм, кийимдери бүтүн, курсагы ток болот,- дедим.
Ыйлап жаткан экен, байкабаптырмын, колума жашы тамганда гана билдим. Кийимдерин кагымыш болуп ары карап жашын аарчып алды. Мени байкабай калды деди окшойт:
– Анда тезирээк жөнөгүлө, балам,  артыбыздан издеп жүрүшөт, келип калышы мүмкүн. Кайык менен аркы өйүзгө өтсөңөр Тажикстан, бул жерден эч ким өтпөйт, ошондуктан көп деле карай бербейт, бул жери жай агат, коркпосоң деле болот, көп болсо элүү-алтымыш метр аркы жээкке чейин. Мен телефон чалып койгом, силерди менин досум тосуп алат. Ошол силерди Кыргызстанга жеткирет. Күткөн адам үч жолу жарыкты өчүрүп-күйгүзөт. Силерди тосуп ала тургандар чек арачылар жок жерде турушат. Ошондуктан жакшылап кара, өтүп кетпешиңер керек. Ошол жарыкка так барбасаң болбойт.
– Түшүндүм, өтүп кетпейм, кам санабаңыз, баары жакшы болот.
Эми турайын деп жатсак бир тааныш добуш алыстан араң угулгандай болду, жүрөгүм шуу деп коркуп кеттим, ичим муздай түштү, дрондун үнү эле, аксакалды токтотуп калдым. Тыңшап турсам дрон, экөө окшойт. Бизди издеп жүрөт окшойт, кантип таап алды, аксакалды карадым:
– Жаныңызда телефон жок беле?
– Бар.
– Мага бериңиз, сиз акырын барып тээтиги чоң таштардын арасына бекиниңиз.
– Эмне болду, силер кетишиңер керек?!- деп чөнтөктөрүн тинтип телефонун таппай калды.
– Телефонуңузду бериңиз.
– Чапанымда калыптыр телефон.
– Анда акырын, аксакал, бизди таап алышты окшойт, жүрүңүз...- акырын басып чоң таштарга барып бекинип калдык. Аксакал түшүнгөн жок:
– Эмне болду, ким издеп жүрөт бизди?
– Америкалыктардын робот чымчыктары учуп жүрөт, тыңшасаңыз, мотордун үнү угулат.
Ошол маалда үстүбүздөн эки дрон учуп өтүп кетти. Эми бизди тапмайынча тынышпайт эле булар, биздин ушул жерде экенибизди түшүнүштү. Эптеп кутулуш керек, атып салыштары мүмкүн болчу бизди.
–Аксакал, ушул жерде бекинип туруңуз, түндө да күндүзгүдөй эле көрөт булар, мен азыр.
Чапанымды алып чоңураак таштын үстүнө жаап, өзүм бери жакта бекинип отурдум. Тыңшап турдум, дрондор телефон жаткан жерди айланып жатышты окшойт, менден беш метр жерден эле учуп өтүштү. Түшүндүм буларды, телефон жаткан жерди айланып учуп, ар айланганда айлананы чоңойтуп издеп жатышат. Үч-төрт мүнөттө чапан жабылган таштын үстүнө өтүштү да, бирөөсү кайрылып келип беш-алты метрдей бийиктикте учуп чапанды карап абада калкып туруп калды. Экинчиси алысыраакта турат. Ылдыйлап түшүп чапанды айланып карап жатты. Караңгыда жакшы көрүнбөй жатты окшойт камерага, муштумдай таш алып чапандын үстүнө ыргытсам, дронду башкарган оператор чочуп кетти окшойт, эки-үч жолу атып жиберди. Аксакалды карасам жаныма келип калыптыр:
– Эмне кылабыз?- дейт шыбырап,
– Билбей калдым эмне кылышты, көрүп калса бизди соо койбойт булар.
– Бул жерден тез кетишиңер керек, тияктагылар да күтүп жаткандыр. Мен буларды алаксытып кетейин, силер тезирээк жөнөгүлө.
– Кантип алаксытасыз, булар тез учат да, атып салышы да мүмкүн. Бирөөсүн жок кылсак да бир нерсе кылсак болот эле.
Ошол маалда өчөшкөнсүп жерде жаткан телефон шыңгырап калды.
– Силерди тосуп ала турган адам чалып жатат, кой, балам, тобокел кылалы. Алар жооп бербесек кетип калышы мүмкүн. Суудан издебесе деле керек силерди, убакытты өткөрбөй жөнөгүлө.

(Уландысы кийинки санда)

Субан Жуманалиев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
muhsina
2016-08-15 09:05:58
Дагы бир жума кутуш керек....
+1
pochtalyonin
2016-08-15 09:34:00
Андан кийин дагы бир жума...
+1
MIRBOLOT
2016-08-15 09:56:29
Кетмеги тирүүнүн тозогу болду го...Андан көрө боевик кылып жазса болмок, атышып, тытышып

+1
aikol87
2016-08-15 12:40:35
Мынча аз,кызыктуу жерине келди
+1
Jaigz
2016-08-15 13:54:17
Кобураак жазыпгылачы сураныч, бир жума кутууго уже чыдамдар кетип жатат сураныч, сууураааныыыч...
+1
snegurochka11
2016-08-18 00:23:22
Эми байкуш чалды ойлонуп бир жума жүрөк ооруйт экен да...
+1
Oshken26
2016-08-18 17:03:17
snegurochka11, иииииий айтпагыла. Каерде атып кетет экен эми деп атам. Окуп буткучо жарылып кетмек болдум.
+1
№ 719, 12-август-18-август, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан