АППЕНДИКС ичегилерди микробдордон коргоочу органбы?

Эл ичинде “семичкени көп чагып, данектерди көп жутсаң, аппендицит болосуң” деген сөз бар. Ушундан улам “бул чынбы?” деген суроо жаралат. Бул эле эмес, “сокур ичеги деген өзү эмне, ал эмне кызмат аткарат, аппендицитти кандай түшүнсө болот?” деген суроолорго жооп издеп көрдүк.

КЫЗЫКТУУ

  • Алгачкы ирет аппендиксти алып таштоо операциясы 1735-жылы Лондондо 11 жашар балага жасалган.
  • 1961-жылы Л.И.Рогозов аттуу хирург Антарктидада өзүнө-өзү операция жасап, аппендиксин алып таштаган.
  • Аппендикс адамдарда, маймылдарда жана коёндун бир түрүндө (кроликтерде) гана кездешет.

КИР АБА ДА ООРУНУН СЕБЕПКЕРИ

Канадалык окумуштуулар “аппендициттин келип чыгышын кир аба да шарттайт” дешүүдө. Мындай жыйынтыкты алар 7 жыл изилдөө жүргүзүшкөн соң чыгарышкан. Жыйынтыгында Канадада адамдар сокур ичеги менен жайында көбүрөөк, ал эми кышында сейрек оорушары белгилүү болгон. Себеби кышка салыштырмалуу жайында адамдар көбүрөөк сейилдеп, сырттагы аба менен дем алышат.
Демек, жайында ичеги-карын оорулары менен көбүрөөк ооруу, мунун натыйжасында сокур ичегиге учуроо коркунучу бар. Анткени ичеги-карын ооруларында микробдор сокур ичегиге да өтүп кетип, аппендиксти сезгентет.

СОКУР ИЧЕГИ ЖАНА АППЕНДИКС ТУУРАЛУУ ТҮШҮНҮК
Сокур ичеги бул – жоон ичегинин башталыш бөлүгү. Элде “сокур ичеги сезгенди”, “сокур ичеги жарылып кетти” деген түшүнүктөр бар. Бул туура эмес. Чынында сокур ичегинин (сөөлжан сымал көрүнүштө) ичке учкай бөлүгү, аппендикс гана сезгенет. Аппендикс латын сөзү, бизче которгондо “кошумча бөлүк” дегенди түшүндүрөт. Анын диаметри болжол менен 1 сантиметрди, ал эми узундугу 4-20 сантиметрди түзөт.

КЫЗМАТЫ
Көптөгөн кылымдар бою адамга керексиз деп эсептелген аппендикс кийин изилдөөлөрдүн натыйжасында керектүү орган деп табылган. Муну түшүндүрүү үчүн тарыхка кайрылсак.
19-кылымдын ортосунда Америкада ар бир жаңы төрөлгөн баланын аппендиксин алып таштоо жайылып кеткен. Бирок кийин андай жөрөлгөдөн баш тартуу келип чыккан. Буга аппендикси алынган адамдардын ден соолугуна жүргүзүлгөн байкоолордун жыйынтыгы себепкер болгон. Байкоолордо андай адамдардын ичегилеринде маселелердин (оорулардын) бардыгы аныкталган.
Көптөгөн окумуштуулардын пикиринде, аппендикстеги лимфоиддүү ткандар иммунитеттин кызматын аткарат. Башкача айтканда, аппендикс – ашказан-ичегилерди түрдүү микробдордон коргой турган орган.

АППЕНДИЦИТ ДЕГЕН ЭМНЕ?
Аппендицит бул – аппендикстин курч сезгенүүсү. Аппендицитти дарыгерлер “эки жүздүү оору” деп аташат. Анткени ооруну аныктоо кээде бир топ кыйынчылыкты жаратат. Анын оору белгилери жыныс бездеринин сезгенүүсүнүн, жатындан тышкары бойго бүтүүнүн, ичегинин жарасынын оору белгилерине окшош. Статистикага таянсак, бир жылда ар бир 1000 адамдын 5-7си аппендицитке туш болот. 20-40 жаш курактагылар бул ооруга көп кездешет.

АППЕНДИЦИТКЕ СЕМИЧКЕ КҮНӨӨЛҮҮБҮ ЖЕ
СЕЗГЕНҮҮ ЭМНЕДЕН КЕЛИП ЧЫГАТ?
Аппендикс эмнеден улам сезгенери тууралуу азыркыга дейре так маалымат жок. Бирок семичкени көп чагуу, дарбыздын жутулган данектери аппендицитке алып келет деген апыртылган сөз экендиги анык. Эми окумуштуулардын болжолдоруна көңүл бурсак, аппендикс жалпысынан төмөнкү себептерден улам сезгенет:

  • Ичегилердин нерв системасынын сез­генүүсүнөн жана инфекциядан;
  • Жоон ичеги менен ичке ичегилерге суук тийгенде;
  • Чоочун заттар аркылуу (жутулган чоочун заттар ичеги аркылуу барып сезгентет);
  • Ичегидеги таштай болуп катып калган заңдар сокур ичегиден аппендикске өтүп, инфекцияны өөрчүткөндөн.

ТҮРЛӨРҮ:

  • Жөнөкөй же өөрчүй элек аппендицит;
  • Өөрчүп, ириңдеп кеткен аппендицит;
  • Ириңдеп жарылып кеткен аппендицит;
  • Жарылып, бүт ич көңдөйүнө тарап кеткен аппендицит;
  • Жарылып, бүт денени сезгенткен аппендицит.

ООРУ БЕЛГИЛЕРИ
Аппендициттин оору белгилери:

  • Көбүнчө ич же ашказан тарап ооруйт. Анан 2-3 сааттын тегерегинде оорутуу ичтин ылдыйкы оң капталына (аппендикстин тушу) өтөт. Ич кээде акырын, кээде толгоо сымал бурап оорутса, кээде курч бычак сайгандай чыңалып оорутат.
  • Көңүл айлануу, кээде кусуу күтүлөт.
  • Адам өзүн начар сезип, алсырайт.
  • Дене табы көтөрүлөт.

“ТЕЗ ЖАРДАМ” КЕЛГИЧЕ...
Төшөккө жатуу керектелет. Тамак же суусундук ичүүгө болбойт. Ичке муздак суу куюлган грелка басуу кажет. Ич өткөрүүчү же ооруну басуучу дарыларды ичүүгө болбойт. Анткени бул оорунун белгилерин өзгөртүп, так диагноз коюуга жолтоо болот.

ДАРЫЛОО
Аппендикс операциялык жол менен алынат. Бул аппендектомия деп аталат. Оору өтүшүп кетпесе, аппарат аркылуу жасалуучу операция, башкача айтканда, лапароскопия колдонулат. Опе­ра­циядан соң денеде, болгону, билинбеген 3 чекиттин орду гана калат.

ЭСТЕ БОЛСУН
ЖЕ АППЕНДИКС ИРИҢДЕП КЕТСЕ...
Перитонит бул – аппендикстин сезгенгенден соң ириңдеп, жарылып кетүүсү. Мындай учурда адам дароо ооруканага кайрылбаса, анда коңшу органдарга коркунуч туулат. Анткени гангрена (инфекциядан улам ткандардын өлө башташы) башталат. Бул өмүргө коркунуч келтирип, дароо операция жасалбаса, адам жашоо менен кош айтышат.

Материалды даярдоого салым кошкондугу үчүн Бишкектеги Улуттук хирургиялык борбордун хирургия бөлүмүнүн жетекчиси Алыбаев Эрнис Урбаевичке ыраазычылык билдиребиз.


Элдик медицинадан

ЧАРЧАГАН БУТКА МАССАЖ
Кечке иш менен алек болуп ары-бери жүрүүдө, албетте, буттар шишип, булчуңдары чарчайт. Мындай учурда имбирь майы менен жасалуучу массажды колдонууга болот. 1 аш кашык имбирдин упадай майдасына (дүкөндөрдө сатылат) 1 стакан өсүмдүк майын куюу керек. Экөөнү аралаштырып, 1 апта тыныктырыңыз. Дары-май колдонууга даяр.

ГАСТРИТКЕ КАРШЫ КОКТЕЙЛЬ
Жумуртканын агына 1 аш кашык зайтун майын, 1 чымчым кант упасын кошуп аралаштыруу кажет. Даяр коктейлди эртең менен ачкарын ичүү керек. Дарылануу курсу 3 апта.

ИММУНИТЕТТИ КӨТӨРҮҮГӨ ДАРЫ
Жаңы сыгылган сабиздин, кара түрптүн, кызылчанын ширеси (ар бири 50 граммдан) аралаштырылат. Буга 1 стакан бал менен 0,5 литр арак кошулат. Бир апта караңгы жерге коюп тыныктыруу кажет. Анан күндө эки маал 1 аш кашыктан кабыл алуу зарыл. Дарылануу курсу 2 апта. Зарылдыгына карап, кийин кайталоого болот.

ВАРИКОЗДУН АЛДЫН АЛУУ ҮЧҮН
Теринин бетинен көрүнүп калган вена варикоздун башталышынан кабар берет. Андыктан варикоз өнүгүп кетпеши үчүн 2 чөптөн компресс жасоо зарыл. Кырк муун менен кара көсөөнүн ар биринен 100 граммдан алып, үстүнө кайнак суу куюп, 15 мүнөт демдейбиз. Эми вена көрүнүп турган жерлерге чөптөрдү жабабыз. Үстүн даки менен таңып, жылуу жатуу зарыл. Муну уктаар алдында жасаса жакшы. Дарылануу курсу узакка созулгандыктан, чыдамдуулук керектелет.

ШАКЫЙДА...
Лимондун кесими менен эки чыкыйды сүртүү кажет. Бул кандын жакшы айланышына көмөктөшүп, баш ооруну жеңилдетет.

БЕТТЕГИ ТАКТЫ АШКАБАК МАСКАСЫ КЕТИРЕТ
Ашкабактын чийки уругун кабыгынан ажыратып, идишке салып абдан майдалап алыңыз. Алынган масса канча болсо, ошончо суу кошуңуз. Сүттөй суюктук келип чыгат. Эми суюктуктун жарымынан келе тургандай өлчөмдө бал кошуп аралаштырыңыз. Масканы күнүгө 30 мүнөттөн коюу керек. Акыры бет агарып чыга келет.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 383, 5-11-март, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан