Көпчүлүк аялдардын айызы белгилүү убакытта кайталанып, келүү мөөнөтү да туруктуу болот, жалпы абалы анча өзгөрбөйт. Айрым аялдарда табарсыктын тушу, бел ооруйт, этек кирдин келүү мөөнөтү бузулат. Кээде аз-аздан, анда-санда же катуу ооруп кан көп кеткен учуру да болот. Этек кирдин келүү убактысынын бузулушу көп учурда гинекологиялык оорунун белгиси. Бул тууралуу Бишкектеги №8-үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун акушер-гинекологу Гүлмира Толубаева жооп берет.
ЭТЕК КИР (орус тилинде менструация. Менструация латын тилинен алынган, mensis – ай) – аялдын организминин өзгөрүшү менен ай сайын жатындан келген кан.
Менструацияны борбордук нерв системи (баш мээ кыртышы, гипоталамус, гипофиз) тейлейт.
Гипоталамус – ички органдын ишин багыттоочу жана жөнгө салуучу баш мээнин негизги бөлүгү. Ал гипофиздин аракетин тездетүүчү өзгөчө зат – нейрогормондорду бөлүп чыгарат.
Гипофиз – ички секреция бездеринин, анын ичинде жыныс (энелик) бездеринин функциясын активдештирүүчү гормон иштеп чыгарат.
ЭТЕК КИР 3-4 АПТАДА БИР КЕЛИШИ КЕРЕК
Энелик безде гипофиз бөлүп чыгарган гормондордун таасири менен энелик клеткалуу фолликул өсүп-жетилет. Фолликул өсүү мезгилинде жатынга түздөн-түз таасир берүүчү өзгөчө жыныс гормондорун (эстрогендерди) бөлүп чыгарат. Фолликул жетилип жарылат да, андан энелик клетка чыгат (овуляция). Эгер жарылбай калса киста пайда болот. Жарылган фолликулдун ордуна прогестерон гормонун бөлүп чыгаруучу майда бүртүктөр пайда болот. Эстрогендердин жана прогестерондун таасиринен жатындын былжыр катмары калыңдайт, анын кан тамырлары кеңейип, канга толот. Эгер уруктануу жүрбөсө, энелик клетка өлүп, майда бүртүктөрдүн функциясы азайып, акыры токтойт. Жатындын былжырлуу катмарынын канга толгон кан тамырлары жарылып, андагы кан былжыр кабыкка куюлат. Канга толгон былжыр кабык ажырап, кан агуу (этек кир) башталат. Андан кийин былжыр кабык кайра калыбына келе баштайт. Энелик клетканын жетилүү процесси мезгилдүү кайталанып турат. Адатта этек кир дайыма бир мезгилде кайталанып (3-4 аптада бир), 3-7 күнгө (аялдын организминин өзгөчөлүгүнө жараша) созулат.
Биринчи жолу этек кир 14-16 жашта келет. Жаңы келгенде ал бир калыпка түшпөй, баш аламан болушу мүмкүн. Анан бара-бара туруктуу болуп калат.
КАЙСЫ УЧУРДА БУЗУЛАТ?
1 Гормондук бузулуулардан
Аялдардын организминде жыныстык эркек гормон тестостерон менен жыныстык ургаачы гормон эстроген экөө бирдей деңгээлде болушу шарт. Эгерде экөөнүн бирөөсү жогорулап кетсе, гормондордун бузулушу келип чыгат да, жыйынтыгында этек кирдин келүү убактысы бузулат.
2 Сезгенүүдө
Сезгенүү суук тийүүдөн жаралат. Аялдардын жыныстык органы бутту жылуу алып жүрбөгөндөн улам ооруга чалдыгышы мүмкүн. Тердеп туруп суукка кабылганда да оору пайда болушу ыктымал.
3 Жатында инфекция болсо
Баш аламан жыныстык жашоодон улам ар түрдүү инфекция жугат. Жыныстык жактан жугуучу оорулар: уреаплазмоз, микоплазмоз, хламидиоз, гарднереллёз, сифилис, гонорея, трихомониаз.
4 Кан аздуулукта
Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы Ленинград блокадасы баарыбыздын эсибизде. Ошол кезде Ленинград блокадасында калган кыз-келиндердин көбүнүн этек кирдин келүү убактысы бузулган. Буга, албетте, биринчиден кан майдан себеп болсо, экинчиден тамак-аштын начардыгы. Туура, витаминдүү тамак-аштын жоктугу ошондой ооруга алып келет.
5 Жатында миома болсо
Жатында миома пайда болгондо да этек кирдин келүү убактысы бузулат. Миоманын пайда болуу жолдору көп. Тукум куучулук, аборт, аял 30 жашка чейин төрөбөсө, бала эмизбесе, өнөкөт сезгенүү ооруларында, стресс, кара жумушту көп кылуу, эндокриндик бездин оорусу, ашыкча салмак.
6 Депрессия жана стресс
Депрессия жана стресс нерв системине таасирин тийгизгендиктен айыздын келүү туруктуулугу бузулат.
7 Кыска мөөнөттө күнүмдүк рационду өзгөртүү
Канча жылдан бери ичип-жеп келе жаткан тамактарыңызга тыюу салып, рационду кескин өзгөртүп жиберүүдө. Айрыкча белоктуу тамактарды көп жегенде, спорт менен такай машыкканда этек кирдин келүү убактысы бузулат.
8 Кара жумуш
Кара күч жумшап иштесеңиз дагы айыздын келүүсү туруктуулугун жоготот. Организмге туура келбеген күчкө жооп кылып, дароо эле этек кирдин келүү убактысы туруктуулугун жоготот.
Сүйүн Кулматова
densooluk@super.kg