«НАШЕ» ПИВОСУНУН ИЙГИЛИК КОШТОГОН ЖҮРҮШТӨРҮ

«НАШЕ» – сатып ал да, байгелерге ээ бол!» СМС-акциясы катышуучуларга жеңиштин кайталангыс сезимин тартуулайт. Анын үстүнө жолу болгондор бир нече ирет ийгилик кушун кармап, чемпиондукту багынтып жатышат. Акциянын байге фонду отуз миң белектен тургандыктан байге баарына жетет, андыктан кыжалат болуунун кымындай да кереги жок!

2016-жылдын жай мезгилиндеги эң берешен акция азыр кызуу учурунда. Жүздөгөн утуштар күн сайын жеңүүчүлөргө өлкөнүн бардык аймагында ачылган байгелерди берүү борборлорунда берилет. “Наше” бириккен соода маркасы тартуулаган суусундуктарды коштогон саркеч майкалар, кепкалар, ыңгайлуу жонбаштыктар жана футбол топтору жай мезгилинин жаркын элесин эстен кеткис кылып өткөрүүгө кошумча бонус болуп калмакчы.

Кыялбек Маликов, Токмок:
– Бүгүн мен акциянын төрт жолку жеңүүчүсү болуп турам. Досторума СМС-кодду кантип туура жөнөтүп, жыйынтыгында 50 сом уюлдук телефондун балансына утуп алууну көрсөтүп жатам. Мен өткөн мастер-класс өз максатына жетти, досторум утуштун чындык экенине ишенип, оюнга кошулушту. Үчөөсү татыктуу белектерин күтүп жатышат. Мен өзүм футболка менен топ алдым. Эми жонбаштык утуп алсам дейм. Менде дагы убакыт бар, андыктан аракет кылам. 
 

Дарья Колосова, Бишкек:

– Атам өзүнүн сүйүктүү «Наше» пивосун иччү. Бирок акцияга көңүл бурган эмес, ал бул суусундуктарды байгелерге эмес, сапатына карап алчу. Мен кокусунан кодду көрүп калып, аны жөнөтүүнү чечтим. Дароо эле “сиз жонбаштык утуп алдыңыз” деген СМС келди. Кубанганымды айтпа, анткени Ысык-Көлгө камынып жаткам, бирок ылайыктуу баштыгым жок эле. Азыр кыргыз бермети болгон көлүбүздүн жээгинде эс алып жатам, жонбаштыгым жанымда. Ал абдан ыңгайлуу. Айтмакчы, “Наше” чындыгында эле байгелерди ойнотуп жатканын көрүп, акциянын туруктуу катышуучусу болуп калдым, экинчи байге да көп күттүргөн жок, үйгө кайтканда барып фирмалык кепканы алам.


«НАШЕ» – сатып ал да, байгелерге ээ бол!» СМС-акциясы 1-октябрга чейин узартылат. Ага катышуу эң эле жөнөкөй. Акцияга катышкан “Наше” продукциясы соода түйүндөрүнүн текчелеринде “Акциялык” деген жазуусу менен дароо эле айырмаланат. Капкактын арт жагында сегиз белгилүү коду жайгашкан, ошону 8888 кыска номерине жөнөтөсүз, СМС баасы – 1 сом. Же промо-кодду акциянын
www.promo.nashe.kg. сайтына каттоо керек. Ага кодду жана телефонуңуздун номерин киргизип койсоңуз, жооп билдирүү келет, бул кызмат акысыз.
Байгелердин бактылуу ээлерин компьютердик программа-генератор кокусунан тандоо аркылуу жүргүзөт. Эгер сиздин промо-код утуштуу болсо, call-борборго 0 800 00 888 88 номери аркылуу чалып (КР аймагында чалуу акысыз) же
www.promo.nashe.kg. сайтынан борборлордун геолокациясы менен таанышыңыздар. Байгелерди берүү борборуна кайрылганга чейин СМС-тастыктоону өчүрүп салбаңыздар, анткени аны борбордун кызматкерине телефонуңуздан көрсөтөсүз.
Бир катышуучуга бериле турган байгелердин саны, ошондой эле аларды ала турган жер жана убакыт дагы чектелбейт. Бул жайкы акцияда бир гана курактык чектөө бар. Акцияга 18ге толгон гана жарандар катыша алат. “Наше” соода маркасы менен продукцияларын чыгарган “Абдыш-Ата” компаниясы акциянын катышуучуларынын бардыгын өзүнүн ден соолугуна жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырат. Анын үстүнө “Наше” продукцияларынан белектердин толук коллекциясын салттуу ыкмалар менен накта чийки заттан даярдалган таза суусундуктардын ар бир ууртамынан ырахат алуу менен шашпай эле чогултса болот.

Акцияга продукциялардын төмөнкү түрлөрү катышат:

1. «Наше шахтёрское» айнек идиште, көлөмү 0,5 л.
2. «Наше шахтёрское» ПЭТ идиште, көлөмү 0,5 л.
3. «Наше шахтёрское» ПЭТ идиште, көлөмү 1,0 л.
4. «Наше шахтёрское» ПЭТ идиште, көлөмү 1,5 л.
5. «Наше шахтёрское» ПЭТ идиште, көлөмү 2,0 л.
6. «Наше классическое» ПЭТ идиште, көлөмү 1,0 л.
7. «Наше классическое» ПЭТ идиште, көлөмү 1,5 л.
8. «Наше классическое» ПЭТ идиште, көлөмү 2,0 л.
9. «Наше безалкогольное» ПЭТ идиште, көлөмү 1,0 л.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
nargis
2016-08-16 05:02:41
Ош шаарында кайсыл жерден алса болот .Мен кепка утуп алгам 1 жума болуп калды смс очо элек ,капкак да жанымда.
0
№ 719, 12-август-18-август, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан