Түмөнбай Колдошов: «ОКУУЧУ КЕЗИМДЕ АКЫН БОЛОМ ДЕП 150 КУПЛЕТ ЫР ЖАТТАГАМ»

Өзүн обончулуктан сынап көрүп, ордун сахнадан тапкан Түмөнбай Колдошов атасынын бир кездеги тилегин ишке ашырды десек болот. Анткени атасы уулу туулганда «Түмөнбай Байзаковдой белгилүү адам болсун» деп атын Түмөнбай койгон. Каарманыбыз учурда бир кезде өзү окуган ОшМУда доцент. Анын чыгармачылык жолунун түптөлүшүнө эмнелер себеп болду экен? Муну өз оозунан угалы.

«ӨЗҮМ МЕНЕН ӨЗҮМ СҮЙЛӨШҮП ЖҮРӨ БЕРЧҮМҮН»

- Мен 7 бир туугандын бешинчисимин. Кичинемде сары, толмоч, помидорду жакшы көргөн бала элем. 4 жашымда гана сүйлөп баштаптырмын. Азыр үч жарым жаштагы балам кээ бир сөздөрдү гана сүйлөйт. Аны көрүп апам "сени тартты" деп коёт. Анан дагы кыялкеч болчумун. Ырдап, өзүм менен өзүм сүйлөшүп жүрө берчү элем. Мунум 4-5 жыл мурун эле калды.
Апам Айша колхоздо тамекичи, атам Рахман башында шоопур, кийин дүкөнчү болуп иштеди. Атам бизди "калп айтпагыла, иш кылып үйрөнгүлө" деп катуу кармады. Ачуусу бир келсе катуу болчу. Азыр деле катуу сүйлөсө коркуп кетебиз.

«МАЛ ТҮГӨЛ КЕЛБЕЙ КАЛСА МЕНИН ШОРУМ»

- Корообузда 50-60тай эчки, 70 чакты коюбуз, 5-6 жылкыбыз бар болчу. Койлорду эчкилерге кошуп, 5-6-классымдан баштап кайтардым. Кийин эчкилерибиздин ооруп өлгөнү өлдү, калганын атам сатып түгөттү. Койлор ылдыйда калып, эчкилер тоого чыгып кетет. Аларды кайтарам деп буту-колуңду таш-тикен тилет. Бизде эчкиби, кой болобу, айтор мал жоголсо, жаш баланын шымын бекем тартып байлап түйүп койсо, түндөн аман чыгат деген ырым бар эле. Кечкисин короого мал түгөл келбей калса менин шорум, атамдан коркуп мал үчүн шымымды далай байладым.

«ДЕЙДИ ЭЛЕМ...»

- Ала-Бука районунун мен туулган Көк-Таш айылы тоонун түбүндө жайгашкан. Балалыгым ошол жерде өттү. Кичинемде дейди, абдан жалакай болчумун. Өзүбүздүн үйдө иш кылгандан качып, күндө эртең менен туруп жылт коём. Үйдүн алды жагында аталаш туугандар, арт жагыбызда таякелерибиз жашайт. Аларга барып үйдө кылбаган иштерди жасаар элем. Дасторкон жайып, идиш жууйм. Кечки тамакты да ошолордукунан ичем. Үйгө жатарда гана барам да, атамдан таяк жейм. Анан эртеси баары кайра кайталанат.
Апам жоош адам, күлүп коюп эле жүрө берет. Бир туугандарымды же мени урушканы эсимде жок.

«САРАЙДА ТАМЕКИ ЧЕГИП...»

- Өспүрүм куракта өзүбүздү чоң адам катары сезип, чалкандын куурап калганын тамеки кылып чекчүбүз. Таякемдин баласы экөөбүз бир күнү таятамдын чөп жыйылган сарайына чыгып алып тамеки чегип жатканбыз. Атам түтүндү көрүп, чөп өрттөнө баштаган экен деп жүрөгү түшүп чуркап келип тырмышып эптеп чыкса, биз тамеки чегип жаткан болобуз. Атамды көрүп учуп түшүп, үйгө чуркап кирип, суудан жутуп ийдим. Оюмда тамекинин жыты билинбей калат дедим. Көрсө, суу жытын ого бетер күчөтөт экен. Атам таап албасын деп үйдөгү 2 бүктөлүп турган көрпөчөнүн ортосуна кирип, тынч жатып калдым. Атам бир убакта мени таап алып аябай сабады. Ошондон бүгүнкү күнгө чейин тамеки чекпейм.

«ЫР КИТЕБИМ ЧЫККАН»

- Атам колхозчу болгону менен китеп, журналдарды жыйнап алып окуйт эле. Ошондогу "Ала-Тоо" журналдарын тиркеп, кир колдорубуз менен карматчу эмес. Азыр деле 1980-1991-жылдары чыккандары толук сакталуу. Атам окуган китептери тууралуу мага айтып берип, абдан кызыктырып койчу. Ошол кызыгуум менен проза болобу, поэзия болобу, колума тийгенин окуй берип, көптөгөн ыр саптарын жаттап алчумун. Адабиятка жакын болуп, ыр жазып калганыма ошентип атам себепкер болду. Бир жолу сабакта отурсам директор келип, жогорку класска алып барды. Көрсө, ал класстагылардын бири да Алыкулдун ырларын жатка билбейт экен. Директор «кана, сен айтчы?» дегенде Алыкулдун бир нече ырын жатка айтып салдым. Директор ошондо мени аларга үлгү катары көрсөткөнүнө сыймыктанган элем.
Рамис Рыскуловдун "акын болуу үчүн 1000 куплет ыр жаттагам" деген интервьюсун окуп, Барпы акындын сүйүү тууралуу ырларынан 150дөн ашык куплет жаттагам.
Жогорку класста окуп жатканда аккордеон үйрөнүп, ыр жаза баштадым. Кийин 2007-жылы «Таңдагы кыялдануу» деген аталыштагы китебимди чыгардым. Ал ырларым убагында жакшы сезилсе керек, азыр байкасам, уйкаштык деле жоктой.
2008-жылы Ошто "ЭлТР" уюштурган сынакта Пушкиндин «Сизди сүйгөм» ырына обон чыгарып ырдап, баш байгени жеңип алгам. Ошондон баштап обончулукка ыктап кеттим. «Жаман акындын жазбай койгону – поэзияга кошкон салымы» дегенди карманып, ыр жазганды токтоттум.

«КЫЗДАРГА КАТ ЖАЗГАНДАН КОРКЧУМУН»

- Артыкчылык дейбизби же кемчиликпи, бирөөнү жакшы көрсөм «эртең» деп отуруп сезимим ичте калат. «Жок» деп койсо эмне кылам?» деп ошол коркууну жеңе албай келет окшойм. Мектепте жаңы кыз келсе ага балдар кат жазышат. Менин да жазгым келчү, бирок коркчумун. Ошентип кыздарга айтылбай калган сезимдерим кийин обонго айланып кетти. Бойдок кезде "чоң сүйүүгө кабыла элекмин, бирок ырдын пири Рыспай, залкар акын Пушкин, Чыңгыздай чоң сүйүүгө кабылууну мен да каалайм, бирок тагдыр ага жолуктурабы, жокпу, билбейм" дечү элем, азыр Кудайга шүгүр, бир үйдүн кожоюну, жакшы атамын.

«Мен 4 жашымда гана сүйлөп баштаптырмын».


«Алпештеп баккан ата-энем. Филология илимдеринин кандидатымын, бирок адабиятты колхозчу атамдай билбейм».


«Кыялдарга бай өспүрүм курак».




Канымжан Усупбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Tahmina.Musaeva
2016-08-15 09:30:56
Биздин агай. Аябай жонокой киши. Аман болсун.
+5
MIRBOLOT
2016-08-15 10:10:57
"Мен дүйнөнү апам менен тааныгам!"
+5
Alayskaya
2016-08-15 10:19:01
Ар бир доордун озунун талантуу инсандары болот. Бугунку кундун жан эргиткен обондорунун ээси, бугунку доордун таланттуусу Тумонбай агай деп ойлойм. Агай бар болунуз! Кубулжуган унунуз эч качан очпосун!
+6
Durdana
2016-08-15 11:30:35
уйбулоолук бакыт каалайм жакшы чыгармаларды кутобуз
+3
Angel92
2016-08-15 12:29:46
Баардык ырларын телефонго сактап алгам.Чыгармачылык ийгилик каалайм
+3
Positive
2016-08-16 01:02:45
Иштерине чоон чоон ийгилик каалайм, менда ырларын эргуу менен угамын. Кулагымда эле турат. Анан ушул ырларды башка аял ырчылар ырдаса кулагымды бир нерсе чийип кеткендей болот. Сиздин ырдаганынызга жетпей. Уй-булонуз менен аман болунуз!!!
+1
Positive
2016-08-16 01:03:42
Сиздин чыгармачылыгынызды сыйлайбыз. Дагы да коп укккулуктуу ырларды кутобуз . сизди жакшы коробуз
+1
Kut-begim
2016-08-17 18:26:54
Байкемди аябай жакшы кором,ырларыда укмушго,эки дуйно бакыт каалайм!
+1
№ 719, 12-август-18-август, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан