ҮРКҮНГӨ 100 ЖЫЛ: КЫРГЫЗ ЖЕРИНИН ТҮНДҮК ЖЕРГЕСИНДЕГИ УЛУУ КЫРГЫН

1916-жыл. Август айында тарыхта өчпөс кара так калган Үркүн окуясы башталган. Нечендеген кандаштарыбыздын бейкүнөө жаны кыйылып, чиедей балдар чыркырап жетим калган. Жан соогалап Кытайга качып канчасы белде, жолдо ит-кушка жем болгон. Бул кандуу көтөрүлүшкө 100 жыл болсо дагы тактала элек маалыматтар бар. Бир кылым карыткан, кыргыз тарыхындагы кара так болгон окуяны тарыхчылар Турдубек Шейшеканов, Бактыбек Максүтовдун эмгектери менен эске салабыз.

КӨТӨРҮЛҮШТҮН ЧЫГУУСУНА ЭМНЕ СЕБЕП БОЛГОН?

Биринчиден, Кыргызстандын түндүгүнө орус, украин дыйкандары көчүп келе башташы жана колониялык бийлик аларга ар тараптан колдоо көрсөтүшү. Мисалы, кыргыздардын суусу мол, дыйканчылыкка ыңгайлуу жерлерин келгин дыйкандарга тартып бере баштаган. Алсак, Чүй өрөөнүндө 1915-жылга карата кыргыздардан 700 миңден ашык гектар, Кыргызстандын түштүгүндө 82 миң гектар жер орус, украин дыйкандарына берилген.
Экинчиден, Биринчи дүйнөлүк согуштагы керектөөлөр үчүн Жети-Суу облусунан жыйналган азык-түлүк, малдын наркы 55 миллион рублга жеткен.
Үчүнчүдөн, салыктардын өлчөмү көбөйгөн. Мисалы, түтүнгө салынчу салык 4 рублдан 8 рублга көтөрүлүп, кошумча 1 рубль 84 тыйын аскер салыгы киргизилген (ошол учурда бир козу 50 тыйын, бир торпок 1,5 рублга бааланган).
Төртүнчүдөн, көтөрүлүштүн чыгуусунун эң башкы себептеринин бири 1916-жылы 25-июнда чыккан падыша Николай IIнин буйругу болгон. Ал жарлыкта жергиликтүү элден 19 жаштан 43 жашка чейинки эркектерди согуш жүрүп жаткан аймактардагы орук жумуштарына тартуу тууралуу жазылган. Падышанын жогорудагы буйругу боюнча Түркстандын Сыр-Дарыя облусу 60 миң, Самарканд облусунан 32 миңден ашык, Фергана облусунан 51 миңден ашык, Жети-Суу облусунан 43 миң кишини жөнөтүү милдеттендирилген.

КӨТӨРҮЛҮШ ФЕРГАНАДАН БАШТАЛГАН

Көтөрүлүш 1916-жылы 4-июлда Самарканд облусунун Кожент шаарында башталып, тез арада Сыр-Дарыя, Фергана облустарына тараган. Алар падышанын жарлыгына нааразычылык билдиришкен. Июль айынын орто ченинде толкундоолор Фергана өрөөнүндө күч алып, ага Кокон, Наманган уезддеринде жашаган кыргыздар активдүү катышкан. Бул көтөрүлүштө бир дагы кыргыз өлтүрүлгөн эмес.
Ош уездинде элдин нааразычылыгы июлдун баш ченинде башталып, Сулайман тоонун этегинде 10 миңдей киши катышкан жыйын болгон. Анда чогулган эл “согушка барбайбыз, балдарыбызды бербейбиз!” деп ачык эле каршылык көрсөтүшкөн. Жыйындын айрым уюштуруучулары, демилгечилери камакка алынган. Ал учурда Фергана, өлкөнүн түштүк аймагында 300 миңден ашуун кыргыз жашаган. Көтөрүлүшкө Үч-Коргон, Өзгөн, Алай, Гүлчө, Ноокат, Куршаб, Кетмен-Төбө, Чаткал, Тогуз-Торо өрөөндөрүнүн эли да чыккан.

КЫРГЫЗСТАНДЫН ТҮНДҮГҮНДӨГҮ КӨТӨРҮЛҮШТӨ ЖОГОТУУЛАР КӨП БОЛГОН

Кыргызстандын түндүгүндөгү көтөрүлүш башка аймактардагы толкундоолорго салыштырмалуу аябай курч мүнөздө болгон. Көтөрүлүшкө кыргыздар менен катар казактар, уйгурлар, дунгандар катышкан. 10-июлда Каман-Карагай деген жерде Жети-Суу облусунун башчыларынын жыйыны өткөн. Кеңешмеде аскерге киши жибербөө, колго курал алып падыша бийлигине каршы күрөшүү жөнүндө чечим кабыл алынган.
Кыргызстандын түндүгүндө алгачкылардан болуп куралдуу көтөрүлүшкө кеминдик кыргыздар чыгышкан. Көтөрүлүштүн жетекчиси катары Мөкүш Шабдан уулу хан көтөрүлгөн. 8-августта Токмокко жанаша жашаган айылдардын калкы көтөрүлгөн. 9-августта Ыбрайым Төлө уулу жетектеген топ Ысык-Көлгө бара жаткан падышанын аскерлеринин жолун тороп, 178 мылтык жана 30 миңден ашуун ок-дары жүктөлгөн арабаны тартып алган. Ошол эле учурда сарыбагыш жана атаке болуштуктарынан чыккан көтөрүлүшчүлөр Кеминдеги Новороссийское кыштагын, казак-орустардын Самсоновка станциясын курчоого алган. Август айынын орто ченинде көтөрүлүш Пишпек уездинин 12 болуштугун кучагына алып, толкундоо күчөгөн.

КӨЛДӨГҮ КӨТӨРҮЛҮШ

Ысык-Көлдөгү көтөрүлүш 5-августта башталып, 10-августта бүткүл Ысык-Көлдү, Каркыраны кучагына алган. Каркырадагы көтөрүлүштө кыргыздар, казактар, уйгурлар жана дунгандар ал жактагы 500дөн ашуун дүкөндөрдү талкалашкан. 11-августта кыргыздар менен дунгандар биргелешип Караколго чабуул коюшкан. 13-14-августта көтөрүлүшкө Челпек, Бөрүбаш айылдарындагы сарт-калмактар да активдүү катышкан. Көтөрүлүш башталары менен анын Түркстанга тарашынан корккон падыша өкмөтү согушуп жаткан армиядан генерал Алексей Куропаткинди чакыртып, аны Түркстандын генерал-губернаторлугуна дайындаган.
1916-жылдын 17-июлунда Түркстанда согуштук абал жарыяланып, 11 батальон, 3300 казак-орус аскерлери жөнөтүлгөн. Алар 42 замбирек, 69 пулемёт менен куралданган.

КӨТӨРҮЛҮШТӨГҮ ТЕҢИР-ТООЛУК КЫРГЫЗДАРДЫН ТААСИРИ

Кочкор өрөөнүнүн калкы Канат Убуке уулун хан көтөрүп көтөрүлүшкө катышкан. Алар 30-40тай бардаңке, кош ооз түтөтмө мылтык, негизинен шыргыйдан жасалган найза, айбалта менен куралданган 2-3 миңдей аскери менен август айынын башында Кочкордон Шамшынын бели аркылуу Чүйгө аттанган. Алардын арасында уруш жүргүзүүнүн стратегиясын так билген, жетекчилик кыла турган билимдүү адамы болгон эмес. Алар Чүйгө түшүп, туш келген орус кыштактарына кыргын салып, адегенде эски Токмокту каратып, чоң Токмок шаарын 13-22-августта 10 күндөй камоого алган.
Канат хан жетекчилик кылган аскерлер Алматы менен Ташкенттен келген 1600дөн ашуун падыша аскерлери менен беттешкен. Падыша аскерлери замбирек, мылтык менен куралданганына карабай, кочкорлуктар жан аябай салгылашып, көпчүлүгү эркиндик үчүн баатырларча курман болушкан.

КӨТӨРҮЛҮШТӨН ЭЛИН КОРГОГОН БОЛУШ-БИЙЛЕР БОЛГОН

Талас кыргыздары көтөрүлүшкө чыккан. Бактыга жараша, жоготуу болгон эмес. Толкундоодон Чүй жана Ысык-Көлдүн эли өзгөчө жапа чеккен. Ошентсе да кырдаалды курчутпай, элин кыргындан сактап калган болуш, бийлер болгон. Алсак, Чүй өрөөнүнөн чыккан болуш Дүр Сооронбай уулу, ысык-көлдүк белгилүү инсан Кыдыр аке, Суусамыр өрөөнүнөн Түркмөн болушу падыша бийлигинин өкүлдөрү менен сүйлөшүп, өзүлөрүнө караштуу 400-500 түтүн элди Кытайга качырбай, жазалоодон, азап-тозоктон куткарып калышкан.

(Уландысы кийинки санда)

Султан Төрөбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
anonymous
2016-08-15 23:58:45
Орустарды мактагандар жан тарткандар окуп алгыла
0
anonymous
2016-08-16 00:01:28
Геноцид деп компенсация талап кылыш керек
+1
№ 719, 12-август-18-август, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан