КОРОО ЧАТЫРДЫ ЭМНЕ МЕНЕН ЖАБУУ КЕРЕК?

Азыр жер тамдардын көбүнүн короосунун үстү жабылган. Ысыкта көлөкө, жамгырда короо суу болбойт, кышкысын кар күрөлбөйт. Кыскасы, жашоо үчүн өтө ыңгайлуу. Короо чатырды эмне менен жабуу арзан, сапаттуу деген суроолорго 11 жылдык тажрыйбасы бар уста Стал Кайкиев жооп берет.

Эске алыңыз
Короонун чатырын эмне менен жаппайлы анын каркасын жыгачтан, темирден жасасак болот. Короо чатырды салууда өтө этият мамиле кылуу зарыл. Күнгөй-тескейде жайгашканы, шамалдын согушу сөзсүз эсепке алынышы кажет. Биз бүгүн туурасы 6 метр, узундугу 9 метр 35 сантиметр, жалпы аянты 56 чарчы метр короо чатырдын баасын эсептейбиз.

Короонун каркасына керектелүүчү жабдыктар:

Жоон түтүктөр
– 24 метр, метри 300 сомдон – 7200 сом
Жоон түтүктөрдү бириктирүүчү темир – 38 метр, 137 сомдон – 5206 сом
Чатырды карматуу үчүн темир – 126 метр, 82 сомдон – 10 332 сом
Чатырына кетчү узун түтүктөр – 100 метр, 60 сомдон – 6000 сом
Электрод – 1 куту, 280 сом
Темир кесе турган диск – 2 диск, бирөө 50 сомдон – 100 сом
Эки капталын бириктирип туруу үчүн капкакча – 10 метр, метри 110 сом – 1100 сом
Буроо – 3 килограмм, 1 килограммы 180 сомдон – 540 сом
Жалпы баасы - 30 758 сом

МЕТАЛЛ ЧЕРЕПИЦА

Металл черепица Кыргызстанда өтө көп колдонулат. Үйдүн, короонун чатырын жабышат. Бул чатырдын кызмат өтөө мөөнөтү 20-25 жыл. Даяр эмес материалы Кытайдан, Орусиядан, Казакстандан алып келинет да, Кыргызстанда даярдалат. Жабылгандан кийин короо күңүрт болуп, күн тийбейт, сүйлөгөндөрдүн үнү жаңырат. Суудан коргоочу катмары сыйрылып калса дат басып, чирийт. Жабуу иштери бүткөн соң нымдан коргоо үчүн устундарга, түтүктөргө бекитүү үчүн тешилген тешиктерди сырдап, бүтөп чыгуу зарыл. Жаан, мөндүр жааганда катуу добуш чыгарат. Жайкысын ысык тартат.

Металл черепицанын чарчы метри 250 сомдон, 56 чарчы метр – 14 000 сом
Кызмат акысы: Чарчы метри 400 сомдон, 56 чарчы метр – 22 400 сом


ЖЕЛИМ ШИФЕР

Желим шифердин баасы арзан, ошондуктан бизде өтө кеңири колдонулат. Кыргызстанда Кытайдыкы жана Ирандыкы сатылат. Ирандыкы калың, таңгак болуп оролуп сатылат. Ал эми Кытайдыкы ийилбейт, цемент шифери сыяктуу түз жыйылат. Аны өтө ийүү туура эмес. Анткени ийилген жерге бурама буралат, ошол жерлерден жарака кетиши ыктымал. Муну менен жабылган чатыр 7-8 жылга чыдайт. Ирандыкы калың, ийилиши кыйын болгондуктан көбүнчө түз жабылат. Анын кызмат кылуу мөөнөтү 10 жылдан ашуун.

Каркасы тургузулган соң чатыры желим шиферден жабылат.
Желим шифердин (Кытайдыкы) чарчы метри 220 сом, 56 чарчы метр – 12 320 сом
Ирандыкы чарчы метри 330 сом, 56 чарчы метр – 18 480 сом
Кызмат акысы: 400 сомдон эсептегенде 22 400 сом


ПОЛИКАРБОНАТ

Поликорбанаттын жакшы жагы – ысык тартпайт, үндү жаңыртпайт. Сапатына карата 5 жылдан ашуун тура берет. Булардын жукасы, калыңы жана ар кандай түстөгүлөрү болот. Короого анча көрк бербегендиктен өңү агыш, сарыларынын өтүмдүүлүгү начар. Ал эми кызыл, жашыл, көк өңдөгүлөрүнө талап жакшы жана калыңыраак.

Каркасы тургузулган соң чатыры поликарбонаттан жабылат.
Поликарбонаттын 1 листи
(туурасы 2 метр 10 сантиметр, узундугу 6 метр) – 4000 сомдон жогору. 5 лист керектелет – 20 000 сом
Кызмат акысы: 400 сомдон эсептегенде 56 чарчы метр 22 400 сом


ЦИНКТЕЛГЕН ТЕМИР

Баасы арзан болгондуктан Кыргызстандын аймагында көп колдонулат. Башка чатырлардыкындай мунун курамында боёк жок. Андыктан боёгу өчөт деп ойлонбойсуз, чирибейт. Кызмат кылуу мөөнөтү 20-25 жыл. Бирок терс жактары көп. Күн ысыкта асты ысык болот. Бирок күндүн көзү көрүнбөй жаткан учурда көпкө турсаң кадимкидей үшүп кетесиң, суук тартат. Жаан-чачындын дабышын катуу чыгарат.

Каркасы тургузулган соң чатыры цинктелген темирден жабылат.
Цинктелген темирдин
чарчы метри 210 сомдон, 56 чарчы метри – 11 760 сом
Кызмат акысы: Чарчы метри 400 сомдон, 56 чарчы метр 22 400 сом

Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
mirbek99
2016-08-15 20:33:40
1 метр квадратын 400 сомдон орнотушабы ??? бирок туура эле
0
Aytur
2016-08-16 21:59:28
Андан коро короого жузум остургуло салкын момолуу кооз кышкысын кар куроп койсонор эле болду
+5
Shat.88
2016-08-17 23:30:36
Уйго кун тийбей калат экен эгер айнек болсо
0
tulpar90
2016-08-19 08:36:53
Ким кандай кеңеш берет менда үйүмдүн короосун тосоюун деп жатам .
0
88inara88
2016-08-20 23:07:25
Жузум эле шакшыго эн ынгайлуусу.ошентип которуп туруп устун жаппай эле жузум эксенер ойдо карап осуп усту жабылат,жайында салкын сонун болуп турат
0
marzi88
2016-09-30 09:32:06
жарык дуйнону карангы кылып эмне кереги бар. Уйго же кун же норма аба жетпейт.
0
№ 719, 12-август-18-август, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан