Фарид Ниязов, КРнын Президенттик аппаратынын жетекчиси: "АЗЫРКЫ САЯСИЙ СИСТЕМАНЫН ИШТЕП КЕТИШИ АТАМБАЕВДИН ИНСАНДЫК САПАТТАРЫ МЕНЕН КАМСЫЗДАЛУУДА"

Кыргыз Республикасынын Президенттик аппаратынын жетекчиси Фарид Ниязов АКИпресс менен маегинде Конституцияга киргизилүүчү оңдоолор тууралуу айтып берди. Референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылган. Документти КСДП, "Кыргызстан", "Республика-Ата Журт", "Өнүгүү-Прогресс" фракцияларынын башчылары демилгелеген.

- 2020
-жылга чейин Конституцияга оңдоо киргизүүгө толук тыюу салынгандыгы тууралуу сөздөр – мээси жок, ал тургай ашынган калп жана фактыларды одоно бурмалоо дээр элем. Ал гана эмес, "Өзгөртүү киргизүүгө мораторий жөнүндө коомдук келишим" деген жок нерсени ойлоп табышты. Тыюу салуу парламент элдин макулдугусуз оңдоо киргизет дегенге карата жайылтылат.
Ал эми эл буга ар дайым укуктуу. Элдин ал укугун эч ким тартып алган жок. Кимдир бирөөлөр элдин атына жамынып, баарын чечкенге тырышып көрдү, бирок алар азыр кайда экендигин билесиңер. Бүгүн оңдоо киргизүүгө каршы тургандар же качандыр бир кезде Баш мыйзамды өзгөртүүнү оозунан көбүк чыкканча талап кылгандар, же кимдир бирөөнүн көз карандылыгында жашап көнгөндөр, же болбосо өлкөнү соодалагандар. Өлкөбүз зыян тартышы үчүн грант алып турушкан бейөкмөт уюмдар бар, аларга албетте, өлкөнүн зыян тартышы жана көз карандылыгы жакшы. Ал эми оңдоолор Конституцияга катылган, Кыргызстандын көз карандысыздыгына, өлкөдөгү жана дүйнөдөгү туруктуулукка чекит коюшу мүмкүндүгү бар "миналарды" зыянсыздандыруу үчүн киргизилүүдө. Оңдоолор мамлекет артка кайтпасы, бир киши баарын чече албасы, үй-бүлөлүк-кландык бийликтер пайда болбошу үчүн киргизилүүдө. Өлкөдө мамлекет башчысы – күчтүү президент болууга тийиш, бирок ошол эле учурда күчтүү парламент, күчтүү өкмөт, адилет соттор да болуусу зарыл. Киргизилип жаткан оңдоолор алардын эч кими калгандарын алдына басып албашына алып барат. Алар президенттин коопсуздукту камсыздашы жана тышкы саясатты аныкташы, парламент менен өкмөт ит-мышыкча тытышпай, өлкөнү өнүктүрүшү, парламенттин башкы ролун сактоо менен биргелешип иштеши үчүн киргизилүүдө. Ошондо баары президентке көз каранды болбой калат. Бул – коопсуздуктун жана көз карандысыздыктын кепилдиги. Тиги кишилер (оңдоолорго каршылар) бир топко уюшуп алып, өлкө кимдир бирөөгө көз каранды болушун каалаганы таң калычтуу. Ал жерде чогулгандардын тизмесин карасаңар, баары айкын болот. Ал жерде Кыргызстан көз карандысыздыкка карай анык кадамдарды жасап, өнүгө баштаганда, өнүгүүдө ийгиликке жетише баштаганда керексиз болуп калгандар көп. Ошондой эле туулуп-өскөн айылдарында жүз добуш да албагандар көп. Бир жагынан алардын ушинтип бир топко уюшканы абдан жакшы болду, эл да кимдер көз карандысыздыкка жана акыл-эстүү маңызга каршы турганын, кимдерге өлкө тагдыры баары бир, кимге жеке керт башынын жыргалчылыгы маанилүү экендигин билсин,- деп белгиледи Ф.Ниязов.

Ал Конституцияга оңдоо киргизүү сунуштары парламенттин мурдагы V чакырылышы 2010-жылдын декабрында ишин баштаганда колдонуудагы Баш мыйзамдагы алгачкы көйгөйлөр көрүнгөндө эле айтылганын эске салды. Конституцияга оңдоолорду иштеп чыгуудагы түздөн-түз иштер бардык 6 жыл бою жүрүп келди.
- П
резидент менен депутаттарды кошкондо биздин өлкөнүн саясий жетекчилиги ошол 6 жыл бою Конституцияга оңдоолорду киргизүүдөн карманып келгендиги өлкө үчүн чоң жетишкендик деп эсептеймин, анткени ал өзгөртүүлөр бышып-жетилүүгө тийиш болчу. Былтыр фракция башчылары оңдоо киргизүүгө аракеттенишкен, мамлекет башчы аларды коомдо талкуулоону колдогон, бирок жыйынтыгында президент ал оңдоолор бышып жетиле элек деп билдирип, колдогон эмес. Анткени партиялар депутаттарды фракциялардан чыгарууга, фракциянын курамын өзгөртүүгө мүмкүндүк берген норма киргизилген болчу.
Дагы, президенттин оюнда былтыр сот реформасы боюнча чечимге келишкен эмес. Анда соттордун кынтыксыздыгын камсыздоодогу маңызды өзгөртпөгөн чаралар сунушталган. Президент парламенттик республика тарапка андан ары баруу, кайра артка кетүү мүмкүн болбогудай парламенттик республиканын мүнөздөрүнө ээ болуу зарылдыгын ойлоп көрүүнү айткан эле. Ал өлкө бутуна туруп келатканын, бирок турукташууга тийиштигин айтты,- деди аппарат башчысы.

Анын пикиринде, азыркы саясий системанын иштеп кетиши көбүнчө Алмазбек Атамбаевдин жеке инсандык сапаттары менен камсыздалууда.
- М
ындан 5 жарым жыл мурда Роза Исаковнага (экс-президент Роза Отунбаева) парламентте сөз бербей кууратышкан. Ал киши баяндама жасап жатканда спикер анын убакыты бүтүп калганын айткан. Отунбаева "дагы 10 мүнөт бергиле" деген. Жыйынтыгында ага 2 гана мүнөт беришкен. 2011-жылдагы кырдаалды билесиңер, өлкө титиреп жаткан. Президент Атамбаев өзүнүн жеке сапаттарынын аркасында саясий системаны жана өлкөнүн өзүн иштей алган абалга келтире алды. Ошондон кийин да оңдоолорду коё турсак болот эле, бирок БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин Аскаров боюнча чечими келгенде мындан ары буйтап өткүс кемтиги байкалып калды. Ошондо кеңешүүлөр башталды, себеби Кыргызстандын улуттук коопсуздугу жана көз карандысыздыгы тобокелге салынып калган маселе тикесинен туруп калды.
Өмүрбек Чиркешович ("Ата Мекен" фракциясынын башчысы) "көйгөй жок" дейт. Конституциянын 41-беренесинин экинчи бөлүгүнө ылайык: "Аталган органдар (адам укуктары боюнча эл аралык уюмдар) адам укуктары жана эркиндиктери бузулду деп тааныган учурда, Кыргыз Республикасы аларды калыбына келтирүү жана/же келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча чараларды көрөт" деп жазылып калган. Бирок дал ушул жасалма жабыштырылган сөздөр коркунуч алып келип жатпайбы! Эми кеп Аскаровдун окуясында киши өлтүрүү иши тууралуу эмес, улуттар аралык мамилелер, мамлекеттер аралык иштер жөнүндө жүрдү дейли, ошондо да адам укуктары бузулган болуп калабы? Албетте, кыргыз мамлекети эл аралык уюмдардын сунуштарын четке кагат, бирок интернет доорун эске алганда, дүйнөдөгү коомдук пикирге бүлүк салынат да. Демек, ушундай "жардырмалар" турганда дагы 4 жыл күтүүнү мен жоопкерсиздик деп эсептейм. Адам укуктарынын артыкчылыктарына келсек, сунушталган оңдоолор кырдаалды өзгөртпөйт, адам укуктары жана эркиндиктери баары бир артыкчылыкка ээ жана тике аракеттене берет. Ошентсе да, киргизилип жаткан оңдоолор аркылуу биз кыргыз сотторунун эл аралык уюмдар алдындагы басмырланган көз карандылыгын четтетүүгө тийишпиз. Бул аркылуу тышкы кийлигишүүнү жокко чыгарабыз,- деп баса белгиледи Ф.Ниязов.

Ал ошондой эле Конституция көп: 1993, 1996, 1998-жылдары, анан 2000, 2002, 2004-жылы өзгөртүлгөндүгүн, ал эми 2006-жылы катары менен эки Конституция, дагы 2007, андан кийин 2010-жылы жаңыланып кабыл алынганын кошумчалады.
- Т
арыхта алгачкы жолу 6 жыл кармандык. Андан ары да чыдайт элек, бирок колдонуудагы Конституцияга катылган "миналар" жарыла баштабадыбы. Айрым БӨУлар дагы башка "миналарды" жардырыш үчүн иштеп жатышканын билем. Мындан тышкары азыркы системанын иштеп кетиши көбүнчө президенттин жеке инсандык сапаттары аркасында камсыз кылынып жаткандыгын дагы бир кайталап коёюн. Эми азыркы саясатчылардын бири президенттикке келди дейли. Ошондо ал жок дегенде урук-тууганынын, досторунун, жеке бизнес таламдарынын кысымына туруштук бере алабы? Өлкөнү дагы бир тобокелге салуунун кереги барбы? Өлкө жеке сапаттарга көз каранды болбошу үчүн системаны чыңдоо керек. Эч ким өлкөнү бир кишиге көз каранды кылбашы керек. Өлкөнү эч ким өкүмдардык башкарууга карай кайра артка тартууга кыныкпагыдай кылуу зарыл.
Атаандаштардын дагы бири А.Турдукулов "президент өзүн коопсузданткысы келет" дейт. Эгерде Алмазбек Атамбаевдин алдында чынында эле мындай көйгөй турган болсо, ал алда канча оңой башка жолго түшмөк. Алсак, экинчи мөөнөткө калтыруу тууралуу жарандардын көп сандаган кайрылууларына жол берип коймок. Муну жасаш чын эле опоңой жана ошондой кылмак. Бирок минтип амалдануунун эмне кереги бар? Алмазбек Шаршеновичтин бир гана максаты – өзүнөн кийин туруктуу саясий системаны жана иштеп кеткен мамлекетти калтыруу, Кыргызстанда эркин адамдардын өлкөсүн куруу улана берсин деген эле тилек,- деди президенттик аппараттын жетекчиси.

Улуу дөөлөттөр тууралуу: Конституцияга киргизилүүчү оңдоолорду кысым жасоо максатында колдонууга жол берилбөөгө тийиш.
- К
онституцияга олуттуу кайра иштелип чыгуучу улуу дөөлөттөрдү чечмелөөдөн тышкары киргизилүүчү оңдоолор колдоосуз калбайт жана аларды 1-беренеден кириш сөзгө которуу керек. Конституцияга киргизилүүчү оңдоолорду кысым жасоо максатында, адам укуктарына жана эркиндиктерине каршы колдонууга жол берилбөөгө тийиш.
Баш мыйзамдын 1-беренесине улуу дөөлөттөрү тууралуу оңдоолор Жогорку Кеңештин мурдагы чакырылышынын депутаты тарабынан демилгеленген. Менин билишимче, аларды иштеп чыгуу учурунда эле талаш пикирлер болгон, бирок адегенде коомдун пикирин билүү чечилген. Оңдоолорду иштеп чыккандардын бул демилгеси түркүн пикирлерди жаратып, ошондуктан коомдогу талкуунун жүрүшүндө кайра иштеп чыгуу ойлонулган. Азыр болсо аталган норманы 1-беренеден кириш сөзгө алып чыгуу керектиги көрүнүүдө. Демек, алардагы нормативдик жүктү жеңилдетип, тизмени бир кыйла кыскартуу, колдонуудагы Конституциядагы абдан күчтүү кириш сөздүн маңызын өзгөртпөй туруп, улуу дөөлөттөрдү чагылдыруу керектир. Ошондой эле оңдоо кысым жасоочу мыйзамдарды кабыл алуу үчүн пайдаланылышы ыктымалдыгы да айтылган. Бул маселеде анык бир күмөн саноолор болгон. Бирок улуу дөөлөттөрдү эске салуунун өзү зарыл. Алар Конституцияга жан киргизет жана улуттук дем берет. Антпесек, колдонуудагы Конституцияда мунун чагылдырылбай калганы туура эмес. Ал бүгүнкү дүйнөдө мамлекетти бузган бузуку долбоорлордун бардыгы элдерди алардын маданиятынан, тарыхынан, тилинен куру жалак калтырууга багытталып түзүлгөн. Дөөлөттөрдү жоготпош керек, аларды Баш мыйзамга киргизүү зарыл.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 719, 12-август-18-август, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан