SUPER.KG’ден Күнсереп

SUPER.KG порталындагы "Күнсереп" рубрикасында күн ичинде болуп өткөн коомдук жана саясий окуяларга саресеп салынууда. Биз окурмандарды мына ошол рубрикада жарыяланган макалалардын урунттуу учурлары менен тааныштырабыз.

4-август:
САНЫ КӨП, САПАТЫ ЖОК ОФИЦЕРЛЕРДИН САНЫ КЫСКАРАТ

Өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын алдындагы аскердик кафедралар жоюлат. Тийиштүү мыйзамга президент тарабынан кол коюлду, документ быйылкы жылдын 15-августунан тарта күчүнө кирет. Бир гана Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын алдындагы аскердик кафедра калат. Демилгенин максаты Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн сапатын жакшыртуу экенин айтышты президенттик аппараттан. Демек, аскердик кафедраны аяктаган запастагы офицерлердин аскердик даярдыгы көңүлгө толорлук эмес. Буга чейин өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын аскердик кафедралары студенттерге аскердик багытта билим берип, аяктагандан кийин аскердик билет, кенже лейтенант чинин ыйгарып келген. Расмий маалыматтарга таянсак, 2010-жылга чейин окуу жайлардан жылына 4 миңдей студент офицердик наам алып чыкчу. 2009-жылдын соңунда окуу жайлардын аскердик кафедралары жоюлуп, 2010-жылкы бийлик алмашуудан кийин кайра ачылган эле. 1-августта журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып президент Алмазбек Атамбаев кыргыз армиясы соңку жылдары күчтүү болуп калганын, Куралдуу күчтөрдүн базасын бекемдөө иши мындан ары да уланарын баса белгиледи. Аскердик кафедралардын жоюлушун сандан сапатка өтүү аракети катары баалап, мырзаларга аскердик билет аскердик кызмат өтөгөндөн кийин гана берилиши керектигин айткандар да көп.

5-август:
ЭЛ КӨЗҮНӨ КЕДЕЙ КӨРҮНҮҮ КЕЗЕГИ СОТТОРГО ЖЕТТИ

Мындан ары өлкөдөгү судьялар жана судьялык кызматка талапкерлер мүлкү, жылдык кирешеси менен бирге чыгашалары тууралуу декларация тапшырышат. Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Президенттик аппараттан мындай чара сот системиндеги коррупциянын алдын аларын билдиришти.
Кыргыз мамлекетинин министрлери, депутаттары, жооптуу саясий органдарынын жетекчилери бир нече жылдан бери мүлкү менен кирешесин декларациялап келишет. Бирок андагы маалыматтарга коомчулукта ишенбестик күч, буга негиз берген жагдай – чиновниктер мүлктөрүн башка бирөөлөрдүн атына каттатып, өздөрүн кедей көрсөтүүгө жасаган аракети. Азыркы учурда "үстүмдө үйүм, астымда унаам жок" деген чиновниктер көпчүлүктү ынандыра албайт. Жогорку Кеңештин мурунку спикери Асылбек Жээнбеков, мурунку премьер Темир Сариев, экономика министри Арзыбек Кожошев 2015-жылкы кирешелери боюнча декларацияга менчик автоунаалары жок экенин жазышты. Буга ишенүү кыйын, анткени азыр карапайым жарандар үчүн деле унаа кол жетерлик буюм. Мындай мисалдар, "жөө жүргөн" депутаттар толтура. 2014-жылы парламентте декларацияда туура эмес жана толук эмес маалымат берген кызматкерге 5 миң сомдон 10 миң сомго чейин айып салууга багытталган мыйзам кабыл алынып, президент кол койгон. Башкы прокуратура туура эмес декларация тапшырган жаранга чара көрөрү айтылган. Бирок ошол эле жылы Башкы прокуратуранын өзүнүн 110 кызматкери жылдык кирешеси тууралуу декларация тапшырбай койгонун парламент депутаты Айнуру Алтыбаева айтып чыккан. Мүлктү декларациялоо коррупцияны азайтып жиберди дегенге ынанымдуу мисалдар жок. Кирешеси тууралуу жалган маалымат бергени үчүн айыпка жыгылган чиновниктерди өлкөдө уккан-көргөндөр жокко эсе. Мүлкүн башка бирөөнүн атына каттатып, эл көзүнө кедей көрүнүү аракети эми судьяларга жугушу мүмкүн.

8-август:
ПАСПОРТТОРДУ ДҮҢҮНӨН САТКАНДАР КЫРГЫЗ ӨЛКӨСҮНӨ АЛЫП КЕЛИНДИ

"98 кытайлык жаранга кыргыз паспортун жасап берген" деп айыпталып Түркияда кармалган эки жаран Кыргыз Республикасына алып келинди. Кармалгандардын экөөсү тең кыргыз жарандары, алардын үстүнөн "мыйзамсыз миграция уюштуруу", "документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш иши ачылып, териштирүү иштери жүрүүдө. Эске салсак, 18-май күнү Кытайдын Үрүмчүсүнөн Түркиянын Стамбул шаарына келип, андан ары Сауд Арабиянын Жидда шаарына умра (кичи ажылык) сапары үчүн бара жаткан 98 уйгур Кыргыз Республикасынын жасалма паспорттору менен кармалган. 98 уйгурга паспортторду аэропортко 4 киши алып келип берген. Тергөө иштеринде ар бир уйгурдан жасалма паспорт үчүн 2500 евро алышканы белгилүү болгон.
Мыйзамсыз миграция уюштуруу кылмыштары көбүнчө өлкөнүн сыртында катталып, ишке орношо албай кыйналып жүргөн мекендештерибиз курмандыкка айланат. Мисалы, 2014-жылдын январында Москва шаарында 34 жаштагы кыргызстандык жаранга кылмыш иши козголгон. Ал "Кыргыз Республикасынан барган 10 жаранды өлкөдө мыйзамсыз жүргөнүн билип туруп жумушка орноштурган" деп айыпталган. Кылмышка шектүүгө Орусиянын мыйзамдары боюнча 300 миң рубль, же 2 жылга чейин коомдук жумуштарды жасоо боюнча айып салынат, же 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экени айтылган. "Мыйзамсыз миграция уюштуруу" беренеси менен айыпталгандарга Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексинде 50 миллион сомго чейин айып салуу же 3 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Ал эми "документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу" беренеси боюнча 50 миллион сомго чейин айып салуу, 120 сааттан 180 саатка чейин коомдук жумуштарга тартуу же 2 жылга чейин эркинен ажыратуу нормасы каралган. Мындай ири кылмыш менен кармалгандардын бул 98 паспорт биринчи кылмышыбы же эчак көмүскө чоң схемага айланып кеткенби?..

9-август:
ЧУБАК АЖЫНЫН ЧУУСУ УЛАНУУДА

Диний ишмер Чубак ажы Жалилов кайра суракка чакыртылды. Буга чейин ал жума күнкү түшкү тыныгууну 1 саатка узартуу аракетине каршы добуш берген Жогорку Кеңештин депутаттарын коомдо өгөйлөөгө үндөгөнү үчүн УКМКдан эскертүү алган. Эми аны менен Оштун Тергөө башкармалыгы сүйлөшкүсү келип жатат. Анын адвокаты:"Бийлик тараптан Чубак ажы Жалиловго карата ачыктан-ачык саясий куугунтук башталды. Анын ой жүгүртүү жана өзүнчө пикирге ээ болуу укугу тебеленип жатат",- деп нааразы болууда. Жактоочунун айтымында, милицияга түшкөн арызда "диний ишмердин "Ахмадия" жамааты боюнча айткан терс пикири Юнусжан Абдужалилов аттуу адамдын өлүмүнө себеп болгон" деп Жалилов күнөөлөнүүдө. Эскерте кетчү жагдай, 2015-жылдын 22-декабрында "ахмадичи" Юнусжан Абдужалиловду үйүнүн жанынан белгисиз адамдар аткылап качып кетишкен. Октон улам жабырлануучу ошол жерден каза тапкан. Анын өлүмүнө шектүүлөр бир күн өткөн соң Жалал-Абадда кармалышкан.
Кыргыз жеринде "Ахмадия" жамааты тыюу салынган диний уюмдардын катарына кирбейт. Теологдордун көбү бул жамаатты тынчтыкты сүйүүчү уюм деп баалайт. Ал эми өлкөбүздүн муфтияты бул жамаатты туура эмес агым деп эсептейт жана анын негиздерин колдобойт. Экс-муфтий Чубак ажы Жалилов да "Ахмадиянын" мүчөлөрүн "каапырлар", "мусулмандар эмес" деп жалпыга маалымдоо каражаттарында айтып келген.
Өткөн айда Чолпон-Атадагы маалымат жыйынында президент Алмазбек Атамбаев "УКМК кээ бир ажыларга эскертүү берген, керек болсо андан да катуу чараларды көрөбүз" деп айткан эле. Балким, Жалиловго карата катуу чара көрүү башталган чыгар...

10-август:
ГҮЛЕ-ГҮЛЕ, УВАЖАЕМЫЕ БАУРДАСТАР! НИ ХАО, КЫТАЙ?

Орусия менен Түркиянын мамилеси жанданып, эки өлкөнүн президенттери Владимир Путин менен Режеп Тайип Эрдоган жолугушту. Былтыр Түркия менен Сирия чектешкен аймактан орусиялык аскердик учак атып түшүрүлгөндөн бери орус-түрк мамилеси начарлап кеткен болчу.
Москва менен Анкаранын алакасындагы кризистик мөөнөттү ашып өтүүсүнө Астананын салымы чоң. Эрдогандын Путинден учакты атып түшүрүү окуясы боюнча кечирим сураган катын даярдоого казак дипломаттары жардам беришкенин түрк басылмалары жазып чыгышты. Анда айтылгандай, эки лидердин элдешүүсүндө Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев маанилүү ролду ойноду. Эрдоган менен Путиндин жолугушуусу Назарбаевдин өткөн аптада Түркияга барып келген сапарынан кийин орун алуусу да жөн жерден эмес. Мындан улам Кыргыз Республикасына таасири күчтүү эки өлкөнүн мамилесинин оңолушу жана казактардын ага активдүү аралашуусу Кыргыз мамлекети үчүн "оюн талаасын" тарытат. Анткени кыргыз бийлигинин аталган 3 өлкө менен тең мамилеси сууп кеткен кези. Кремлдин Камбар-Ата 1-ГЭСинин жана Жогорку Нарын каскадынын курулушун каржылоодон баш тарткандыгы, кыргыз-казак чек арасындагы көйгөйлөрдү чечүүдө Акорданын шашпаган мамилеси, ал эми Түркия боюнча, кыргыз жана түрк Тышкы иштер министрликтеринин кайым айтышуусу... Мунун баары Кыргыз өлкөсүнүн тышкы мамилелер саясатында баары жакшы эместигин билдирет. Казакстан, Орусия жана Түркиянын ортосундагы азыркы процесстерде Кыргыз Республикасынын четте калуусу да тышкы мамилелер саясатында чоң катачылык кеткендигинин белгиси.
Кыргыз мамлекетинин башка коңшуларына келсек, Өзбекстан жана Тажикстан менен чек ара жана суу маселелеринин айынан алаканын кооптуу нукка түшүп кетүү ыктымалдыгы жогору. Кыргыз өлкөсүн постсоветтик мамлекеттердин ичинен парламенттик башкаруусу менен өзүнө жакын туткан Европалык союз менен Баш мыйзамга киргизиле турган өзгөртүүлөрдүн айынан позициялар төп келбей турат. Ошентип, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк тарыхта таянган-тутканы АКШ менен Кытай калат. "Манас" аэропортунда жайгашкан Транзиттик жүк ташуу борборун чыгаруу жана Азимжан Аскаровдун ишинен кийин Вашингтон менен Бишкектин мамилеси сууй түшкөнү белгилүү. Азыркы шартта альтернативдүү Түндүк-түштүк жолу жана башка ири долбоорлорду каржылап жаткан Кытайга карата Кыргыз мамлекетинин көз каранды болуусу арткандан башка айла жок...

www.super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 719, 12-август-18-август, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан