Актёрлордун арасынан шайырлыгы, тамашакөйлүгү менен айырмаланган Камчы Сарыбаев 9-августта кыздуу, ал эми тамашоучу Кубанычбек Курманбеков 10-августта уулдуу болду. Наристе жытына тойбой турган аталардын сүйүнүчүнө ортоктош болдук.
– 9-август күнү жубайым борбордогу төрөтканалардын биринде көз жарды. Уулдуу болгондо мынчалык кубанган эмесмин. Тим эле маңдайым жарыла сүйүнүп жатам. Анткени келинчегиме курбу таап бердим. Сүйүнүчтүү кабарды угарым менен төрөтканага барсам, "актёр болсоңуз өзүңүзгө, биз жумушубузду аткарабыз" деп киргизбей коюшту. Учурда бир тасмада дарыгердин образын жаратып жатам. Жанымда ак халат бар болчу, аны кийип унчукпастан кирип кеттим. Палатага кирсем, наристемди башка бөлмөгө алып кетишиптир, кайра алып келип көкүрөгүмө жаткырышты. Менин үнүмдү жаттап калсын деп кызыма ыр окуп бердим. Азырынча ысым тандай элекпиз,- дейт Камчы Сарыбаев.
Ал эми кубанган тамашоучу Кубанычбек: "Уулдуу болгонума толкунданып турам. Эмне деп айтарымды да билбейм, мындай кубанычты ата болгон адам гана түшүнөт. Эң башкысы, эне-баланын абалы жакшы. Ысымын улуулар менен кеңешип коёбуз",- дейт.