Ыйман жана салт
Элибизде өкүм сүргөн кыз ала качуу көрүнүшү чет элдиктер үчүн башка дүйнө. Филадельфия университетинин мугалими, социология илимдеринин доктору Рассел Клейн Бах Кыргызстанга келип, кыз ала качуу көрүнүшүнө кызыгып аны изилдеген.
“ТАҢ КАЛГАНЫМДЫ СУРАБА”
– Мен Кыргызстанга “Fullbright” долбоорунун негизинде келгем. Бул мугалимдер каалаган өлкөсүнө барып, студенттерге билим берүү үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүк. Бөлүштүрүп жатканда мурунку Союзга кирген мамлекеттердин бирине барам дегенимде мени Кыргызстанга жиберишти. Келип ОшМУнун студенттерине социология боюнча сабак берүүгө өттүм. Ала качуу туурасында студенттерден угуп алып таң калганымды сураба. Ар ким ар кандай түшүндүргөндүктөн, тереңирээк изилдеп көрүү керектигин сездим.
Ошентип, ОшМУда иштеген жергиликтүү бир мугалим менен 1999-жылы изилдөөгө кириштим. Жети облус ичинен жети айылды тандап алдык. Айылда канча үй-бүлө бар, алардын канчоосу өз ыктыярлары менен, канчоосу ала качуу жолу менен үйлөнүшкөнүн тактап чыктык. Кыдыруу учурунда ала качуу туурасында кенен маалыматтар жазылган китепчелерди таратып, семинарларды өткөрүп жаттык.
Китепчеде: «Ала качуу эки адамды тең психикалык жактан ооруга алып келет. Кызды макулдугусуз ала качуу жана күчтөп никеге турууга мажбурлоо бул – кылмыш. Кызды зордоп ала качуу актысы – КРнын мыйзамдарын бузуу.
КРнын Конституциясынын 16-беренесинде Кыргыз Республикасында ар бир адам эркиндик жана керт башынын кол тийгистик укугуна ээ, өзүнүн жеке турмушунун кол тийгистигине, ар намысынын жана кадыр-баркынын урматталышына жана корголушуна укуктуу.
Адам укуктарынын декларациясынын 16-беренесинде нике эки тараптын толук макулдугунун негизинде гана түзүлүшү керек»,- деген сыяктуу түшүндүрмөлөр, далилдер жазылган.
Баракчаларды таратып, клубдарда семинарлар өткөрүлгөндөн бир жыл өткөн соң ошол айылдарга кайра барып, тактоо жүргүздүк. Мисалы, 2008-жылы биз барган айылдарда жаңы курулган үй-бүлөлөрдүн 51 пайызы ала качуу жолу менен болсо, 2009-жылы 27 пайыз гана ала качуу болгон.
“БОЛГОНУ 9 КҮН ЖАШАДЫ”
– Түштүк аймагын кыдырып жүргөнбүз. Айыл тургундарынын бири: “Биздин айылдык 18 жаштагы кызды кошуна айылга ала качып кетиптир”,- деп калды. Мындай маалыматты угар замат жетип бардык. Кыздын ата-энеси
отур деп кыйнап жатышыптыр. Жигити бар экен. Ош шаарына барып, жигитине болгон окуяны айттык. Жигити биз менен айылга келип, кыздын ата-энесине “мен сүйөт элем. Чыгарып бергиле” деп укмуш жалдырады. Ата-энеси болбой коюшту. Кыз болгону ал үйдө 9 күн жашап кетип калды. 9 күн бою жанын кыюуга аракет кылыптыр. Бир күнү машина алдына боюн таштаса, экинчи күнү кан тамырын кесем деп... Бирок дайыма кайтарууда болгондуктан, мындайга жол берилбептир.
“АРТЫМДАН ЭЭРЧИП ЖҮРҮШТҮ”
Рассел Клейн Бахтын ассистенти Газбүбү Филадельфия университетине барып, ала качуу боюнча окуган лекциясы тууралуу мындайча баяндайт:
– “Гарвард” жана “Филадельфия” университетине конок катары барып, кыз ала качуу боюнча лекция окуп калдым. Студенттер айткандарыма ишенбей, “мээбизди ачып, таптакыр жат нерсени салып койгондой болуп жатасыз. Рассел Клейн Бах айтса ишенмек эмеспиз. Сиз айтканыңыз үчүн ишенүүгө аргасызбыз” деп жатышты. Мен кары адамдар жоолук салса, аны алып салбай отуруп калышыбыз керек. Ата-энебизди сыйлайбыз. Кыз барган жеринен кетип калса ата-энеси уят болот десем, “кыз эмнеге ата-энесин угушу керек? Ар бир адам өз тагдырын өзү гана чече алат. Ала качып кетишсе кыздар эмнеге отуруп калышат? Ала качкан адамды чабышпайбы, тебишпейби?!” деп аябай кыжалат болушту. Кыскасы, мен кеткиче артымдан калбай ээрчип жүрүштү.
Cүйүн Кулматова
koom@super.kg