Чет элде өткөн музыкалык сынактарга ат тезегин кургатпай калыс болгон Айчүрөк Иманалиева 24-28-сентябрь аралыгында Крымда өтчү "Чыгыш базары" аттуу эл аралык сынакта калыс болот. Ырчы бул ирет калыстардын катарында гана болбостон, Милана Сариева аттуу жаш ырчыны сынакка алып барат.
– Мен эл аралык сынактарда калыс болуп, аны менен катар жаш ырчыларды катыштырып байгелүү орундар менен кайтып жүргөндүктөн, мага музыкалык окуу жайларда окуган студенттер көп кайрылышат. Быйыл 25 өлкө катышкан "Чыгыш базарына" 17 жаштагы Милана Сариеваны тандап алдым. Бул кыздын үнү өзгөчө. Азыр Түгөлбай Казаковдун "Жамгыр төктү" деген ырын жана бир чет элдик чыгарманы даярдап жатабыз. Буюрса, 21-сентябрда сынакка катышууга жөнөп кетебиз,- деди ырчы.