"Жакшы адамдар", "Насилет" "Периштем" деген ырлардын аткаруучусу Дилшат Кангелдиева өткөн жылы комуз ийримин ачкан. Ырчы кыргыз жериндеги ышкыбоздорго гана комуз үйрөтпөстөн, чет элдик өнөр сүйүүчүлөргө да сабак берип келет. Жакында эле Италиядан келген музыкантка комуз үйрөткөнүн айтты.
– Өткөн жылы Казакстандан, Кореядан улуттук аспабыбызга кызыккан адамдар келип үйрөнүп кетишкен. Июль айынын соңунда Италиядан интернет аркылуу музыканттардын үй-бүлөсү кайрылышты. Атасы устачылык кылып көп улуттардын улуттук аспаптарын жасайт экен. Уулу ал аспаптарды ойногонго кызыгам деди. 2 жыл мурун аталган өлкөгө концерт коюп келген элем. Ошол концертимди уюштурууга көмөк көрсөткөндөр аркылуу мени издешкенин айтышты. Музыкант болгонгобу, бир аптада эле 1-2 күүнү үйрөнүп алды. Ноталарын кагазга түшүрүп комуз, ооз комуз сатып кетти.