Роза Отунбаева: "АЗЫРКЫ КОНСТИТУЦИЯ ҮЧҮН АДАМДАР ӨМҮРҮН БЕРГЕН..."

Кыргыз эли 2010-жылдын 27-июнунда "Конституция эми 2020-жылга чейин өзгөртүлбөйт" деген ишеним менен добуш берип, жаңы Конституцияны кабыл алган. Ага карабастан бийлик "Конституцияны 2020-жылга чейин деле өзгөртүүгө болот" деп, өзү сунуштаган эрежени өзү бузгусу келип жаткан учуру. Кыргыз Республикасынын азыркы Конституциясы кабыл алынып жаткан кезде мамлекетти жетектеп турган өлкө башчысы Роза Отунбаеванын төмөнкү жообу бул суроого чекит коюшу керек. Болбосо "бүтүндөй кыргыз эли 6 жылдан ашык алданып добуш берген Конституция менен жашап келдиби?" деген суроо туулат.
"Бул Конституцияны кабыл алып жатканда 2020-жылга чейин тийбеш керек деп жазганбыз. Ошол бойдон туруш керек. Абдан кандуу жол болду. Ушундай өзгөрүүлөргө адамдар өмүрүн арнады. Биз саясий маданиятты калыптандыруубуз керек. Бул өтө маанилүү. Биз 20 жыл президенттик башкаруудагы Конституция менен жашадык. Ал жарабайт экен деп, парламенттик Конституцияга өттүк. Эми дагы жарабайт экен, башкача кылалы десек, анда бул укуктук чөлкөмдү бузат. Экинчиден, азыркы системде кемчиликтер да жок. Абдан ийгиликтүү мамлекеттер Конституцияларын өзгөртпөстөн, андагы шарттарды пайдаланып эле иштеп жатат..."- дейт экс-президент Роза Отунбаева "Азаттыкка" берген маегинде.

Адилет Керимбек уулу
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 719, 12-август-18-август, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан