АВТОУНААЛАРДЫН ЗАВОДДОН КАРАҢГЫЛАТЫЛГАН ТЕРЕЗЕСИН ДА АЛМАШТЫРУУ КЕРЕК

Үстүбүздөгү жылдын 18-июлунда өлкөдө унаалардын маңдайкы жана алдыңкы каптал айнектерин караңгылатып жүрүүгө тыюу салынган мыйзам күчүнө кирген. Өкмөттүн чечимине ылайык, президенттин, премьер-министрдин, Жогорку Кеңештин төрагасынын, Жогорку Соттун төрагасынын жана аларды кайтарган УКМКнын 9-башкармалыгынын жан сакчыларынын, акча каражаттарын жеткирүү боюнча "Кыргыз инкассациясы" мекемеси менен соттолгондордун кайтаруучуларынын автоунааларына гана айнектерин караңгылатып жүрүүгө уруксат берилет. Калган бардык автоунаалардын маңдайкы жана алдыңкы каптал айнектерин караңгылатып жүрүүсү мыйзам бузуу деп эсептелинип, караңгылатуу үчүн чапталган кагазды сыйрып таштоо менен 2 миң сом өлчөмүндө айып салынат.
Мындан тышкары Ички иштер министрлиги билдиргендей, заводдон караңгылатып чыккан автоунаалардын ээлери терезелерин мыйзамга ылайык келтирүүсү керек. Мамлекеттик стандартта белгиленген боюнча, автоунаалардын алдыңкы терезелери 75 пайыздан аз эмес, алдыңкы каптал терезелер 70 пайыздан кем эмес жарык өткөрүүсү керектиги белгиленген.
Бул өзгөртүүлөр кайгуул кызматынын жумушун күчөтүүсү менен айдоочуларга бир катар ыңгайсыздыкты алып келери бышык. Дүйнө жүзүнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө автоунаанын караңгылатуусуна уруксат берилсе, Орусия, Казакстан жана Беларусь сыяктуу өлкөлөрдө караңгылатуу катуу көзөмөлдөнөт. Учурда патрулдук милиция ишке билек түрө киришкени менен, бул иштер коррупциялык көрүнүштөр менен коштолбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Мунун ордуна автоунааны караңгылаткысы келген жарандар тиешелүү каражатын төлөп, уруксат алуусу оң болмокпу деген ой келет.

Адилет Керимбек уулу
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 719, 12-август-18-август, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан