КӨК БӨРҮЧҮЛӨР КАЗАКТАРДАН РЕВАНШ АЛАБЫ?

Кыргыз көк бөрүчүлөрү II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кызуу даярдык көрүшүүдө. Бул оюндарга мыкты делген ондон ашык командалардын келиши күтүлүп жатат. 2013-жылы Азия чемпиондугун жеңип алган Казакстан курама командасы да бул мелдешке катыша тургандыгын билдирди. Эске салсак, кыргыз көк бөрүчүлөрү дал ушул чемпиондуктун финалында утулуп калышса, 2014-жылы казак спортчулары Көчмөндөр оюндарына катышуудан баш тартышкан.
10-август күнү Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков көк бөрү боюнча улуттук курам менен жолугуп, кыргыз эли көк бөрүчүлөргө эзелтен сый-урмат менен мамиле кылып келишкенин белгиледи. Ошону менен катар ал көк бөрүчүлөргө кыргыз парламенти дагы колдоо көрсөтөрүн, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында баш байгени колдон чыгарбайт деп бекем ишеним артарын билдирип, Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунан көк бөрү оюнунун өнүгүшүнө 300 миң сом каражат бөлүп берди.
Учурда көк бөрү боюнча улуттук курам өлкөнүн алдыңкы беш командасынан тандалып алынып, бир айдан бери машыгууларды жүргүзүп жатат.

Адилет Керимбек уулу
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Patriot..kg
2016-08-15 09:58:10
Казактарга кокбору ойногонду уйроткулочу
+2
nurka_85
2016-08-16 19:30:04
ийгилик!!!
0
№ 719, 12-август-18-август, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан