ААЛАМДЫН КӨРКҮ АЯЛЗАТ

Поэзия

Жашообуздун негизин, өмүрүбүздүн өзөгүн түзгөн айымдарыбыздын алдыда келе жаткан майрамын утурлай акындарыбыздын асылзат пенделерибизге арналган ырларынан ыр десте сунууну туура көрдүк...

АЯЛЗАТЫ ЖӨНҮНДӨ УЧКУЛ СӨЗДӨР

  • Адамды жашаткан күндүн нуру менен эненин сүтү өмүрдүн өзөгүн түзөт.
  • Сүйкүмдүү аял картайбайт да, картайтпайт.
  • Ааламда өзгөрбөй турган үч гана зат бар. Алар – эненин ак сүтү, күндүн нуру, наристенин күлкүсү.
  • Эне бул – тийип турган күн, ал эми балдары анын планеталары.­
  • Ата менен эне сага өмүр берет. Анан алар сенин бактың үчүн өмүр сүрүшөт.


АПАМ, АЙ

Анатай Өмүрканов

Билемин тилегиңди “өс, өн” деген,
Бир жаның мен деп канча көзөлбөгөн.
Апам, ай, каруусунда уктап калсам,
Ойготуп аламбы деп жөтөлбөгөн.

Апам, ай, апа десем ыргып турган,
Көзүмдөн кандайымды көрүп туйган.
Нандын күйүп калган жерин өзүнө алып,
Даана бышкан даамдуусун мага сунган.

Айттырган учкан желден салам дуба,
Башкага балбалактап барганымда.
Кийимдин эң жакшысын өзүмө арнап,
Тамактын майлуураагын берген мага.

Өзүңсүң өмүрдөгү таалай-багым,
Оорусам түштө көрүп айыгамын.
Ортобуз абдан алыс болгон менен,
Оюмда таңдан кечке жаныңдамын.

Муштумдай болгон менен күчүң тоодой,
Өмүрүң өлбөстүккө кеткен жолдой.
Мен алыс жүргөн менен үйүңдөмүн,
Мүнөтүм өтпөйт, апа, сени ойлобой!


АЙТКАНДАЙ УМАЙ ЭНЕ УЛУУ АТЫН...

Бактыгүл Чотурова

Аялзат – асылзаада сөз жетпеген,
Бийиктин бийигисиң көз жетпеген.
Айткандай Умай эне улуу атын,
Ааламда бүт адамзат аздектеген.

Жашоого күн чачкандай нурун таңда,
Жаңы өмүр улап, катып сырын жанга.
Апалар Каныкейдей касиеттүү,
Аты өчпөй кылымдардан-кылымдарга.

Кадырман ханышадай наркы кетпей,
Кай тилек кылса дагы кайчы өтпөй.
Кызыл тил жетишинче даңазалуу,
Кыргызда асылзат көп Айчүрөктөй!

Чыдабай айбатына көргөн жандар,
Чыкканда жапырылып көк майсаңдар.
Калышпай өткүрлүгү эр жигиттен,
Кыргызда азыр да бар кыз Сайкалдар.

Күч берип көз нурларын жамындырса,
Сезимди баатырларча багындырса.
Жарашып жакшы атына эр мүнөзү,
Кыргызда азыр да бар Жаңыл Мырза!


АПАМ ЖАНА МЕН

Жыпара Исабаева

Жигитке жар, балдарыма энемин,
Кыялкеч кыз, боз уланга жеңемин.
Анткен менен апакемдин алдында,
Саамай көкүл секелеги элемин.

Кумарлана жытын искеп баланын,
Отуз бешти омуроолоп барамын.
Анткен менен апакемдин жанында,
Баёо сезим, балапан ооз баламын.

Үй-бүлөңдүн, жардын болуп жөлөгү,
Артык экен өз балаңдын өнөрү.
Анткен менен мен апакем барында,
Баягы эле бакыраң көз бөжөгү.

Бек кучактап, бекем кысып бооруна,
Сагынганбы, айланчыктайт тоорула.
Баягыдай аркасына көтөрүп,
Кеткиси бар дале койсоң оюна.

Айтарга сөз, ашын таппай берерге,
Бала – бакыт, бала кымбат энеге.
Өзүң ата, апа болуп турсаң да,
«Ымыркайым, кичинем» дейт дагы эле...


ЖАШАСЫН АЯЛ!

Байдылда Сарногоев

Ак куу жок кезде көл көрксүз,
Аял жок кезде эр көрксүз.
Аялдын иши теңдешсиз.
Ансыз биз шаңдуу күлө албай,
Көйнөктү жөндөп бүрө албай,
Көргүлүктү көрмөкпүз.

Булбулсуз токой, гүл көрксүз,
Аялсыз айлуу түн көрксүз.
Ал жокто кимди сүймөкпүз?
Кечиксе сулуу ич күйүп,
Үмүттү үзбөй үшкүрүп,
Үңкүйүп басып жүрмөкпүз.

Балага барктуу атабыз,
Бакканда бирок качабыз.
Жуурканга башты катабыз,
«Эмизчи бачым» деп коюп,
Солдоюп уктап жатабыз.

Амантур Султанкулов
lira@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 383, 5-11-март, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан